Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:16

Бекмолдо: Жерүйдүн акчасы элди экиге бөлдү


Жерүй алтын кени
Жерүй алтын кени

Талас районуна караштуу Бекмолдо айыл өкмөтүндө Жерүйдүн акчасы боюнча чатак ырбады.

Кыргызстандагы эң бай айыл аймагынын депутаттары эки жаат болуп бөлүнүп, сессия үзгүлтүккө учурап, жаздан бери айыл өкмөт башчысы шайланбай турат. Мурунку айыл өкмөт жетекчисине Жерүйдүн акчасына алынган эки комбайн боюнча кылмыш иш козголуп иштен кеткен. Былтыр жайында Жерүй алтын кенин сатуудан алты миңдей адам жашаган Бекмолдого 170 миллион сом бөлүнгөн эле.

Акчанын жогу да, бары да "жаман"

Таластагы Жерүй кенин иштетүү укугу былтыр аукциондун негизинде 100 миллион долларга сатылган. Кенди иштетүү укугун орусиялык “Восток геологодобыча” компаниясы алган.

Бекмолдо айыл өкмөтүндө Хан-Бүргө, Кеңеш, Саз-Булак, Кара-Ой деген төрт айыл бар жана алты миңден ашыгыраак адам жашайт. Жерүй сатылганга чейин бир жылдык бюджети 7,5 миллион сомдой болчу. Эми минтип 170 миллион сомду алып, Кыргызстандагы эң бай айыл өкмөтү болгондон бери айыл ичинде ырк кетти. Айыл өкмөтүнө, айылдык кеңешке доомат күчөдү. Кара-Ой айылында жашаган Асылбек Көбөев келген акчанын натыйжалуу пайдаланылбай жатканына нааразы болгон ондогон тургундардын бири:

- Акчаны орду-орду менен берип, жакшы-жакшы ишканалар ачылса, жакшы техника сатып алынса, жакшы эле болмок. Ушул жерде спорт комплекс курулмак, ал да курулбай жатат. Депутаттарыбыздын ынтымагынын жогунан ушундай деңгээлге жетип калдык. Колдо бар алтындын баркы жок дегендей эле болдук. Башкалар бизде ушундай акча болсо гүлдөтүп, шаар кылып салмакпыз дешет. Ичиң ачышат, эмне деген акча бар, иш болсо жок.

Комбайндан башталган чыр

Кыргызстандагы алтындын запасы боюнча Кумтөрдөн кийин эле экинчи орунда турган Жерүй 100 миллион долларга сатылгандан кийин анын үч пайызы, тактап айтканда 170 миллион сом Бекмолдо айыл өкмөтүнө берилген. Акча былтыр июль айында которулган.

Депутаттарыбыздын ынтымагынын жогунан ушундай деңгээлге жетип калдык. Колдо бар алтындын баркы жок дегендей эле болдук.
Асылбек Көбөев

Ошол тушта айыл өкмөттү Токтогул Абдыкадыров жетектеп турган. Анын айтымында, талаш-тартыш акча келе электе эле башталган. Бул былтыр жыл этегинде комбайн сатып алуу үчүн тендер жарыяланып, ал сатылып алынгандан кийин ырбаган. Быйыл март айында тендер өткөрүүдө, айыл чарба техникасын сатып алууда каржылык мыйзам бузуу болду деп кылмыш иш козголгон жана айыл өкмөт башчы кызматтан кеткен. Абдыкадыров губернатор, акимди кайсы бир фирманын кызыкчылыгын жактап, айрым бир депутаттарды ага каршы тукуруп жатат деп айыптады:

- Ошол кезде губернатор, анын орун басары, аким баары бир айдын ичинде техника алып иш баштабасаң анда кызматтан кетесиң дешкен. Ушундай кысым жасашкан. Мен өкмөттүн токтому менен келишим түзүп каалаган фирмадан айыл чарба техникасын түз ала берсем болмок. Бирок, мен тендер өткөрдүм. Мага чабуул тендер өткөргөндөн кийин башталды. Мага кылмыш иш козголду. Мени эмнеге комбайды “Аталык групп” деген фирмадан албайсың дешти. Алардын комбайндары НИВА үлгүсүндө. Биз алардын документтерин иликтеп көрүп туруп эле тендерге катыштырган жокпуз. Себеби ал комбайндын келгенине жети жыл болуптур, жети жылдан бери иштетилип жүрүптүр. Мен чочуладым. Эгер биз аны алсак, азыр мага каршы чыгып аткандар ошондо деле эски комбайнды сатып алды деп каршы чыгышмак.

Бекмолдо айыл аймагы
Бекмолдо айыл аймагы

Токтогул Абдыкадыровдун айтуусунда, 170 миллион сомду пайдалануу боюнча 2016-жылга чейин программа даярдалган. Бирок губернатор, аким баш болуп ал программаны укпай койгон жана былтыр жыл этегинде айыл өкмөт башчынын отчету кабыл алынган эмес:

- Айылдын уставы, башкы планы, акчанын кандай сарптоо боюнча “жол картасы” элдик курултайдын чечими менен бекип, мамлекеттик программа болуп кабыл алынгандан кийин инвесторлор да кызыгып келе баштамак. Эгер ошондой болсо бир топ өндүрүш башталмак, таза суу маселеси чечилмек, аялдар, жаштар кеңештери иштей баштамак. Жаш ишкерлерди колдоо долбоорлору болмок. Ушуга аким дагы, губернатор дагы карап да койгон жок, окуп да койгон жок.

Ал комбайндын келгенине жети жыл болуптур, жети жылдан бери иштетилип жүрүптүр. Эгер биз аны алсак, азыр мага каршы чыгып аткандар ошондо деле эски комбайнды сатып алды деп каршы чыгышмак.
Токтогул Абдыкадыров

Бекмолдо айыл өкмөтү 12 миллион сомго эки комбайн сатып алган. Айылдык кеңештин депутаты Тойчубек Чыналиев тендердик комиссиянын мүчөсү болгон. Анын айтымында, кошумча нарк салыгы эсептелбей, акча желди деген жалаа жабылып жатат:

- Бизди тендер өткөрүп, комбайн сатып алуудан эки миллион сом жеп койдуңар деп башташты. Мына азыр биз сотко, прокуратурага да барып жатабыз. Баарынан эле таза чыгып жатабыз. Азыр эки комбайныбызды пайдаланып жатышат. Биздин айыл өкмөт башчыбыз жөндөн-жөн эле иштен кетти. Ал таза. Эртең ага жалган жалаа жабышканы үчүн соттошот. Баары эле жакшы болгон. Тендер сонун өткөн. "Аталык групп" деген фирма менен жең ичинен сүйлөшүп алышканыбы, же кандай, ошонун эле кызыкчылыгын коргоп жатышат.

Эки жаатка бөлүнгөн депутаттар

Бекмолдо айылдык кеңеште 11 депутат бар. Азыр мурунку айыл өкмөт башчыны колдогондор жана комбайндарды сатып алуу мыйзамдуу болду деген алты депутат бар. Алардын бири Көктал Болотов калган беш депутатты жеке кызыкчылыкты көздөп жатат деп айыптады:

- Барып-келип эле өзүмчүлдүккө такалып жатат. Алар өз көмөчүнө күл тартып, өздөрүнө упай, кадыр-барк топтоп жатат. Экиге бөлүнүп калып, айыл өкмөт башчы өтө керек, муктаж болуп турган учурда шайланбай калды. Ошол убакта 170 миллион сомубуз келип, элибиз менен ынтымакта бөлүштүрөлү дегенбиз. Анан эле тигинтип койду, минтип койду чуру-чуу башталды. Ошондон бери эле сотко, прокуратуга бермей башталды. Иштөөгө такыр эле мүмкүн болбой калды.

Жерүй
Жерүй

Биз оппозиция болуп жаткан беш депутат менен жолугуп байланыша алган жокпуз. Бирок алардын нааразы пикирин Кара-Ой айылынын башчысы Абас Ибраимов билдирди:

- Элдин чечими чогулушта айтылбай, сессияда каралбай туруп, эки комбайн сатылып алынган. Тендер жарыяланганын, өткөнүн айыл тургандары, жергиликтүү кеңештин депутаттары кеч угуп жатат. Нааразылыктар ушул жерден жаралган. Комбайндарды сатып алууда мыйзам бузуу болгондуктан калган акчалары пайдаланылбай турат. Анткени биринчи эле башталганда мыйзам бузуу болуп жатса, кийинкилери кандай болот деп эл макулдук бербей жатат. Комбайндан кийин деле акча которуулар болду деди. Ал деле элдин макулдугу жок эле болуп калып жатат. Акча кайда которулганын дагы билбей калды. Электр энергиясынын туумуна эки миллион сом которулду, дагы башка акчалар которулду делген. Бирок биздин эч маалыматыбыз жок.

Талас районунун акими Бакытбек Нуржанов мурунку айыл өкмөт башчыны жана аны жактаган депутаттардын аларга каршы чыгып жаткандарды тымызын колдойт деген дооматын четке какты. Ал акчаны пайдалануу айылдык кеңеште экенин белгиледи:

- Биз бул тарап же тиги тарап деген маселеден алыспыз. Айылдык кеңеш мыйзамдуу, алар өз чечимдерин өздөрү кабыл алат. Анан азыр 170 миллион сом бөлүнсө эки эле комбайн алынды, тигил-бул кылынбай жатат деген маселеден башка дагы маселе бар. Биринчиден, ошол жерде бул эмне болгон акча экени тууралуу түшүнүк жок болуп жатат. Бул – бюджеттик акча. Бул айыл өкмөтүнүн бюджетине түшкөн акча. Ошондуктан айылдык кеңеш айыл өкмөтү менен бирге өз муктаждыктарына жумшаса болот. Жергиликтүү бийликтин 23 маселеси бар. Ошолорго пайдалана берсе болот. Бирок ынтымак жок жерде ырыскы да жок. Азыр эми мектепке, жолго деп акча бөлүп жатат деп угуп жатам. Бирок мен депутаттар менен жолуккан сайын бөлүнүп-жарылганыңарды токтоткула, силерди президент таратпагандан кийин иштегенге милдеттүүсүңөр деп талап коюп жатам. Азыр ар кандай сөздөрдү чыгарып жатат, бизде акча болгон жерде чыр-чатак болушу мүмкүн. Бирок, биз алардын мыйзамдан чыгарбай турабыз. Мына биз прокуратурага, сотко кайрылып камакта турган комбайндарды колдонууга алып бердик. Сот иши болсо жүрө берет, биз ага кирише албайбыз.

Губернатор: шайлоону күтөбүз

Биз Таластын губернаторунун Дайыр Кенекеевден Бекмолдодогу акчанын айынан ырбап жаткан чатакты жөнгөрүү боюнча пикирин сурдык. Өкмөт өкүлү быйыл күзүндө айылдык кеңешке жаңы депутаттар, жаңы айыл өкмөт башчы гана шайланганда чечилет деген ойдо экен:

- Айыл үчүн 170 миллион сом өтө эле көп. Келечекте салыктын эсебинен дагы көбөйө турган шарттар бар. Эгерде жетекчи жакшы болсо, менеджер болсо, айылдык депутаттар жакшы болсо айылды гүлдөтүп, өстүрүп-өнүктүрүп койгонго толук кудурет, мүмкүнчүлүк бар. Тилекке каршы, эки жаат болуп бөлүнүп, ызы-чуу болду. Депутаттар үч жолу сессияга чогулбай койгону үчүн булар ишенбестик көрсөтүлүп, аларды таратуу боюнча да сунуш берилген. Ошонун негизинде булар өздөрү эле тарап кетиши керек эле. Бирок мыйзамга ылайык, шайлоого 90 күн калганда таратууга болбойт экен. Ошондуктан азыр бир эле жолу бар – күздөгү шайлоону күтөбүз.

Буга чейин Жерүй кени жабылсын деген талап менен бир канча жолу митинг өткөн.
Буга чейин Жерүй кени жабылсын деген талап менен бир канча жолу митинг өткөн.

Кыргызстандагы эң бай айыл өкмөтү болуп калган Бекмолдодо күздөгү шайлоодо элдин саны алты миңден ашкандыктан эми 11 эмес, 21 депутат шайланмакчы. Айыл тургундары жергиликтүү кеңештеги орун, айыл өкмөт башчылык кызмат үчүн кармаш катуу болот, чыр-чатак дагы ырбайт деп санаркоодо.

Жерүй алтын кенин саткандан кийин 170 миллион сомдон Бекмолдо айыл өкмөтүнөн сырткары Талас району менен Талас облусу да алган. Облуска азырынча которула элек. Ал эми Талас районундагы өнүктүрүү фондунун жетекчиси Назаркул Чекир уулунун билдиришинче, бир топ айыл өкмөттөрү айыл чарба техникаларын сатып алган, футбол аянтчалары курулган.

- Талас районундагы Бекмолдодон башка 12 айыл өкмөтүнөн биз 59 миллион сомдук долбоорду каржылап койдук. Дагы 95 миллион сомдук долбоорлорду кабыл алдык. Жалпысынан 21 долбоор келди. Арасында азыр тендердин кароосунда тургандары бар. Менин алдымда азыр дагы 12 долбоор турат. Булардын баасы болжол менен 30-40 миллион сомдой болот.

Эгерде жетекчи жакшы болсо, менеджер болсо, айылдык депутаттар жакшы болсо айылды гүлдөтүп, өстүрүп-өнүктүрүп койгонго толук кудурет, мүмкүнчүлүк бар. Тилекке каршы, эки жаат болуп бөлүнүп, ызы-чуу болду.
Дайыр Кенекеев

Таласка Жерүйдү сатуудан түшкөн акча тууралуу иликтеп жүрүп азырынча бул каражат чакан ишкана ачуу, өндүрүштү жандандыруу, жумушчу орундарды түзүү өңдүү иштерге пайдаланыла электигин байкадык, долбоорлордун баары эле техника сатып алуу, жол оңдоо, көчөлөрдү көрктөндүрүү менен чектелип жаткандай.

XS
SM
MD
LG