Бишкекке таштанды төгө турган жаңы полигон куруу жана рекультивация кылуу иштерине деп алынган 22 миллион евронун 6 миллиону гана калды. Бирок ушул күнгө чейин акыр-чикир талаасы толук тазаланбай турса, полигонундун курулушу ордунан жыла элек. Таштанды жайынан кышы-жайы токтобой чыккан түтүн Бишкектин абасын ыштап атат.
Таштанды талаасындагы турмуш
Бишкектин түндүк тарабындагы таштанды төгүлүүчү жайдын түтүнү шаардын кайсы бурчунда болбосун көрүнүп турат. Ал эми андан чыккан саңырсыган жыт каңылжарды жарат. Санитардык полигонго жакын жайгашкан Калыс-Ордо, Ак-Бата жаңы конуштарынын жашоочулары чыла кечип, ыш менен дем алып күн кечирүүдө.
Бишкек мэриясынын маалыматы боюнча бул жерде желим-жүлүм, темир-тезек чогултуп, күнүгө 400дөй киши иштейт. Алардын бири Айбарчын Коёнова 20 жылдан бери тоодой үйүлгөн таштандыдан ырыскысын таап, бир кыз, эки небересин багып келатканын айтып берди.
“Эми айла жоктон иштеп жүрөбүз да. Ден соолугумдан чочулаганда эмне кылат элем? Кудай сактасын. Ушуга чейин ооруп ооруканага деле жата элекмин. Жакшынакай эле иштеп атабыз. Башка эмне кылабыз? Эгерде таштандыны иштетүүчү завод салынып калса, көнүп калган жумушубуз ал жерге деле иштей беребиз. Бизге болгону өз убагында акчасын төлөп берсе болду”.
Таштанды төгүлүүчү жайда бели ката элек балдардан тарта, кемпир, чалдарга чейин иштеп жүрөт. Алардын баары журналисттерге сүйлөп берүүнү каалабайт.
Полигонго Бишкектен күнүнө 250-300 машине таштанды ташылып келет. Анын ар биринде эле беш тоннадан акыр-чикир бар деп эсептегенде бул жайга күн сайын 1000- 1500 тонна таштанды ташталат. Полигондун аянты акыркы 10 жылда эле 12 гектарга кеңейип кетти.
Таштанды жайынын аянты тууралуу Бишкек санитардык полигонунун жетекчиси Чыңгыз Асылбаев комментарий берди.
“Полигондун аянты 71,9 гектар. Анын 30 гектары таштандыны төгүүчү жаңы жер. 22 гектары рекультивация болуп жабылган. Азыр алты гектар аймакка күн сайын алынып келген таштанды түшүрүлүп жатат. Бул жерди биз “активдүү аймак” деп атайбыз”.
Жогорку Кеңешке бир мандаттуу шайлоо округдарынын шайланып келген депутаттардын “Элдик” тобу 1-апрелдеги көчмө жыйынын Бишкектеги таштанды полигонунда өткөрүп, таштанды иштетүүчү завод куруу, рекультивация иштерине байланышкан маселени козгоду.
Кумга сиңген миллиондор
Бишкек мэриясы маселени чечүү тууралуу кат-кат убада берип, бирок жыйынтык чыга элек. Кыргыз тарап 2013-жылы Европа Биримдиги менен Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынан 22 миллион евро алуу жөнүндө келишимге жетишкен. Ал 2015-жылы ратификациядан өтүп, документке ошол кездеги президент кол койгон.
Ага ылайык, Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы Бишкектин таштанды талаасына жаңы полигон, таштанды сорттоочу завод курууга жана ал жайды рекультивация кылууга 11 миллион евро насыя берген. Ушул эле иштер үчүн Евробиримдик да 11 миллион евро грант бөлгөн. Андан бери жети жыл өтсө да таштанды полигонунда көзгө көрүнөрлүк иш жасалган эмес. Бирок 22 миллион евронун алты миллиону гана калганы белгилүү болду.
“Азыр бизде ошол акчадан калган алты миллион 280 миң евро турат. Бул каражат таштандыны ылгай турган иштерди жасоого эле кетет. Таштандыны иштетүүчү заводду курууга бул акча жетпейт. Чынын айтканда, абалыбыз аябай эле оор. Полигондо таштандыны түртүп жаткан оор техникалар да биздики эмес. Буларды ижарага алып иштетип атабыз”, - деди Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиев.
Ошентип, Бишкектин санитардык полигонунда таштанды төгө турган жаңы полигон, таштанды ылгоочу завод салууга жана буга чейин акыр-чикир төгүлгөн аймакты жабуу үчүн бөлүнгөн 22 миллион евронун 16 миллиону коротулуп кеткен. Бирок азыркыга чейин бир да иш аягына чыга элек.
Курулушу кечеңдеген жаңы полигон
Жаңы полигон куруу боюнча 7,5 миллион еврого жарыяланган тендерди эстониялык “Эхитусфирма Ранд и Туулберг” деген компания 2017-жылы утуп алган. Андан бери ишкананын иши үч жолу токтогонун компаниянын Кыргызстандагы өкүлү Мухтар Зулпукаров айтып жатат.
“Мэрия жерге документ берүүнү кечеңдетип жумуш токтоп калган. Андан кийин актыларга кол коюлбай тогуз ай күттүк. Үчүнчү жолкусунда пандемия болуп калды. Ушундан улам курулуш иштери кечеңдеди. Мэрия жакында эле убакытты узартып берди. Биз жылдын аягында, буюрса, объектини бүтүрүп тапшырабыз. Мэрия таштандыны ылгоочу жайды курат. Ал жерден желим, кагаз, темир өзүнчө бөлүнүп келет. Андан калган калдыктар ушул жаңы полигонго көмүлөт. Таштанды бир метрге көтөрүлгөн сайын анын үстүнө топурак төгүлөт. Бул жерде жаныбарлардын өлүктөрүн күйгүзө турган крематорий да болот”.
Бул долбоорлорду ишке ашыруу боюнча бөлүмдүн жетекчиси Чолпон Кубатбекова 22 миллион евронун ичинен сарпталган 16 миллион еврого жасалган айрым иштерди айтып берди.
“Бишкек санитардык тазалык ишканасына 28 МАЗ, үч көчө шыпырган автоунаа алынган. Таштанды таштоочу 958 контейнердик жай курулуп, 5623 таштанды урна сатып алынган. “Тазалыктын” машинелерине 62 GPS санариптик түзүлүштөр коюлду. Бишкек санитардык полигонуна үч чоң оор техника алынган”.
Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров коротулган 16 миллион евро боюнча мэрияда ички аудит жүрүп, бир катар каржылык мыйзам бузуулар аныкталганын билдирди. Бирок канча каражат майнапсыз сапрталганы тууралуу айткан жок.
“Бөлүнгөн акчаны жоопкерчиликчиз пайдалануу деп эсептейм. Биз абалды оңдой албай жатсак, ушундай кырдаалга алып келип койгон адамдардын жоопкерчиликсиз мамилеси. Жогорку Кеңештин депутаттары, коомчулук муну ачык талкуулап, ишти алдыга жылдырбасак, маселе чечилбейт”.
Козголгон кылмыш иштер
Бишкек шаардык прокуратура таштанды полигонуна байланыштуу буга чейин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”,“Келишим түзүү, Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгына каршы мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруу” беренелери менен төрт кылмыш ишин козгогону белгилүү болду. Бул тууралуу 1-апрелде Бишкектин прокурорунун орун басары Авазбек Каримов билдирди.
“2018-жылы, 2021-жылы жана быйыл козголгон кылмыш иштери бар. 2018-жылы козголгон кылмыш ишин тергөө аяктап, сотко жөнөтүлгөн. Дагы бир кылмыш ишинин алкагында бир адамга айыбы угузулуп издөө жарыяланды. Тергөөнүн купуялуулугу үчүн анын атын атай албайм. Дагы эки кылмыш иши тергелип жатат”, - деди Каримов.
Айрым маалымат агенттиктери издөөдө жүргөн адам Бишкек санитардык полигонунун мурдагы жетекчиси Болот Асаналиев экенин жазып жатышат.
Бишкек шаарына караштуу Санитардык полигон ишканасынын көзөмөлүндөгү шаардык таштанды талаасы учурда оор абалда. Техниканын жетишсиздигинен улам убагында түртүлбөй, сорттолбогон таштандылар белгиленген аймактан чыгып кеткен.
Бишкектеги таштанды жай 1978-жылдан бери колдонулуп жатат жана убагында 400 миң кишиге эсептелген. Азыр борбордо миллиондон ашык киши жашайт.