Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:06

Кумтөр: Сүйлөшүүнүн биринчи раунду жыйынтыкталды


"Центерра Голд" компаниясынын президенти Скотт Перри жана Кыргызстандын делегациясынын мүчөлөрү Акылбек Жапаров, Камчыбек Ташиев, Курманкул Зулушев, Тенгиз Бөлтүрүк.
"Центерра Голд" компаниясынын президенти Скотт Перри жана Кыргызстандын делегациясынын мүчөлөрү Акылбек Жапаров, Камчыбек Ташиев, Курманкул Зулушев, Тенгиз Бөлтүрүк.

Кыргызстандын расмий делегациясы менен "Центерра Голд" компаниясынын жетекчилеринин Женева шаарындагы сүйлөшүүсүнүн биринчи этабы аяктады. Анын жыйынтыктары ийгиликтүү болгону маалымдалды. Бирок сүйлөшүүлөрдүн мазмуну, корутундусу тууралуу толук маалымат жок.

"Центерра" иштеткен Кумтөр кенин коррупцияга барган жана экологияга зыян келтирген деген негизде кыргыз өкмөтү быйыл майда өзүнө алган. Канадалык компания мындан кийин сотко кайрылган.

Сүйлөшүүлөрдүн учкай мазмуну

Швейцариянын Женева шаарында өтүп жаткан сүйлөшүүгө "Центерра Голд" компаниясынын президенти жана башкы аткаруучу директору Скотт Перри баштаган топ, ал эми Кыргызстандын атынан Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров жетектеген топ катышууда.

Кыргызстандын делегациясында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, Кумтөр кенине тыштан башкаруучу болуп бекиген Тенгиз Бөлтүрүк, башкы прокурор Курманкул Зулушев жана башка адистер бар.

Сүйлөшүүлөр эки күн, 29-30-сентябрь күндөрү жүрдү.

Президент Садыр Жапаровдун маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Кумтөр маселеси боюнча Швейцариянын Женева шаарында өткөн эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн 1-раундунун жыйынтыгына кыргыз тарап канааттанганын маалымдады.

"Кыргыз тарапка Канаданын "Центерра" компаниясынын жетекчиси Скот Перри түзүлгөн кырдаалды чечүү боюнча мүмкүн болгон бардык жолдорду, анын ичинде Кыргызстандын "Кумтөр Голд Компани" ишканасына ээлик кылуусун карап көрүү үчүн нейтралдуу аймакта сүйлөшүү сунушу менен кайрылган. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен сүйлөшүүгө Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, башкы прокурор Курманкул Зулушев, "Кумтөр голд компанинин" тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк жана укук тармагындагы адистер барган. Тараптар бири-биринин пикирлерин угушту", - деп жазылган маалыматта.

“Азаттык” буга чейин ушул эле сүйлөшүүгө катышкан ишенимдүү булактан маалымат алган. Ал жыйынтык тууралуу учкай гана кабар берген.

"Биздин "Центерра Голд" компаниясы менен сүйлөшүүлөрүбүздүн биринчи раунду ийгиликтүү аяктады. Эки тарап сүйлөшүү столуна отуруп, бири-бирине нааразылыктарын ачык айтышты. Тараптар сүйлөшүүнүн маңызын, деталдарын позицияларын ачыктай албагандыктан, сүйлөшүүнүн жыйынтыгына канааттангандыгыбызды гана билдире алабыз. Кыргызстандын мамлекеттик делегациясы улуттук кызыкчылыкты коргоодо өз позициясында бекем турду. Сүйлөшүү дагы уланат", - деди өздүк булак.

Жапаров менен Ташиев баштаган делегация Кумтөр маселесине байланыштуу Женевага учуп кеткени тууралуу маалымат 27-сентябрда тараган. Анда “бул тагдыр чечүүчү сүйлөшүү болору” кабарланган.

"Азаттык" "Центерра Голд" компаниясынын маалымат кызматы менен байланышкан учурда мекеме азырынча сүйлөшүү боюнча комментарий бере албай турганын билдирди.

Президент Садыр Жапаров жана Теңгиз Бөлтүрүк Кумтөр кенинде. 15-июнь, 2021-жыл.
Президент Садыр Жапаров жана Теңгиз Бөлтүрүк Кумтөр кенинде. 15-июнь, 2021-жыл.

Кумтөр кенинин ишин иликтеген мамлекеттик комиссия "Центерра Голд" Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөшү керек деген бүтүм чыгарып, 17-майда Жогорку Кеңеш “Кумтөр Голд” компаниясына убактылуу сырттан башкаруу киргизген. Ошондон бери өлкөдөгү эң ири алтын кенди кыргыз бийлиги өзү иштетип келет.

Мамлекеттик комиссия койгон доодон сырткары Бишкектин Октябрь райондук соту "Центерра Голдду" Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

“Кумтөр Голд” ишканасына ээлик кылган канадалык “Центерра Голд" компаниясы бул айыптоолорго макул болбой, кыргыз өкмөтүн Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко берген. Андагы соттук териштирүүлөр ушул тапта да уланууда.

Эки тараптын соңку диалогу так ошол соттук талашты тынчтык жолу менен чечүү аргасы болуп жатат. Анткени “Центерра” чыр башталгандан бери эле “кепке келүүгө даяр экенин, бирок Кыргызстандын бийлиги эшик ачпай” жатканын билдирип келген.

Быйыл 10-августта телефон аркылуу конференцияда “Центерра Голд” компаниясынын президенти Скотт Перри мындай деген болчу.

Скотт Перри.
Скотт Перри.

“Биз мурда жасап келгендей эле кыргыз бийлиги менен конструктивдүү диалогго барууну туура көрөбүз. Бирок кыргыз бийлиги байланышуудан баш тарта берсе, биз мүлкүбүздү жана акционерлерибиздин кызыкчылыктарын коргоо үчүн мыйзамдык чараларды көрүүнү улантабыз. Анын ичинде биз баштаган эл аралык арбитраж жана Торонто менен Нью-Йорктогу соттук териштирүүлөр бар. Мурда айткандай, Кумтөрдү баалуу мүлк деп эсептесек да, ал болсо да, болбосо да биздин компания финансылык жактан күчтүү, колубузда орчундуу деңгээлде каражат бар, олуттуу карыз жок. Канада жана Түркиядагы уланып жаткан ишмердигибизге ишеним бекем”, - деген анда Перри.

Тараптар сүйлөшүүнү “Центерра Голд” жайгашкан Канадада же, Кумтөр кени турган Кыргызстанда эмес, Швейцарияда өткөрүп жатышкан себеби да белгисиз. Женева нейтралдуу аймак катары тандалган сыяктуу.

Эмнелер жетишилген болушу мүмкүн?

Кыргызстан Кумтөрдү өзүнө алгандан кийин кенге байланыштуу иликтөөлөрдү да баштаган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кен жаңы уюшулган учурда түзүлгөн келишимдерден тартып, соңку келишим-макулдашууларга чейин бардыгын изилдеп жатат.

Анын ичинде 1992-, 1994-жылдардагы жана 2003-жылкы келишимдер боюнча алгачкы президент Аскар Акаев баштаган топко айып тагылса, 2009-жылкы келишим боюнча мурдагы президент Курманбек Бакиев алдында турган узун тизмедеги саясатчыларга сыртынан айып тагылып, издөө жарыяланган. Жай айларында Акаев Орусиядан келип, сурак берип кайра кеткен.

2012-жылкы чечимдер боюнча ошол учурдагы спикер, азыркы депутат Асылбек Жээнбековго, депутат Төрөбай Зулпукаровго, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановго жана башкаларга кине тагылды. Жээнбеков менен Зулпукаров камакта, Бабанов бошотулган.

Башка аракеттерден 2013-жылдагылар боюнча экс-премьер-министр Темир Сариев, 2014-жылдагылар боюнча мурдагы өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев, 2017-жылдагылар боюнча экс-биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, 2019-жылдагылар боюнча экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге айып тагылган. Мындагылардан Сарпашевден башкасы камакта.

Кумтөр боюнча айып тагылгандардын бир бөлүгү.
Кумтөр боюнча айып тагылгандардын бир бөлүгү.

Башка чечимдер боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен экс-премьер-министр Сапар Исаковдон куралган топко айып коюлары айтылган. Атамбаев башка иш боюнча камакта, Исаков чет өлкөгө качып кеткен.

Атайын кызматтын жетекчиси Камчыбек Ташиев бул аныкталган коррупциялык фактылардын негизинде Кумтөр боюнча бардык келишимдерди денонсациялоо жараяны башталганын жарыялаган.

Аналитик жана публицист Рыскелди Сатке Кыргызстан тарап так ушул кылмыш иштериндеги фактыларды “Центерра” менен сүйлөшүүлөрдө бетке кармады деп эсептейт.

Рыскелди Сатке.
Рыскелди Сатке.

“Сүйлөшүүлөргө комментарий бериш үчүн анын мазмунун билүү зарыл. Азыр жалпы маалыматтар чыгып жатат, бирок ичинде эмне болуп жатканын эч ким билбейт. Ошого азыр булар жарыялагандан кийин же “Центерра” өзү маалымат бергенден кийин баа бериш керек. Компания баары бир акционерлерине айтат да. Эгер сүйлөшүү жакшы болду деп жатса, ошого негиз бар го дейм. Менимче, Кыргызстандын өкүлдөрү коррупциялык фактыларды айтып, ошого басым жасашса керек. Ар бир апта сайын эле Кумтөр боюнча коррупцияга айыптап бирден-экиден кишини кармап атышпайбы, муну ошого даярдап жатышса керек”.

Арийне, “Кумтөр ишине” байланыштуу кылмыш иши, анын алкагында жаңырган чоң билдирүүлөр жана андагы жогорку аткаминерлердин ири тобуна коюлган айыптар эл аралык соттошууларда далилдик база катары колдонулары айтылып жаткан. Кыргызстандын бийлиги өзү деле “кен мамлекетке биротоло алынганын, аны эми өзү иштетерин” ачык айтып, бир позицияда тургандай болгон. Бирок кайра сүйлөшүүлөргө барганы түрдүү жоромолдорду жаратты.

Депутат Рыскелди Момбековдун пикирине орун берели:

Рыскелди Момбеков
Рыскелди Момбеков

“Негизи бул делегациянын жашыруун, расмий жарыялабай кетип калганынын өзүндө бир мандем бардай сезилет. Мендеги маалыматтар боюнча сүйлөшүүгө демилге кыргыз тараптан болгон. Алар бизге келген жок, биз алардын алдына бардык. Бул деген биздин бийлик артка чегинип жатканынан кабар берет. Булар кайсы бир нерседен кооптонууда, ошону үчүн ушундай кадамга барышты. “Силер деле туура эмес кылдыңар, биз деле туура эмес кылдык” деп, балким биргелешкен ишкана түзүп, ошо менен иш алып барышы мүмкүн. Анда жаңы келишимдерге барышы ыктымал. Мүмкүн кенди кайра аларга берип, өндүрүлгөн алтындын көбүрөөк бөлүгүн өзүбүзгө алганы жатышат. Бул “Центерранын” пайдасына туура келсе, алар дагы соттон арызын алып, тынчтык сүйлөшүүгө келет деген сөз. Бирок азыркы процесстер элге ачык жарыяланышы керек. Кыскасы, жооптуу адамдар кооптуу кадамдарга барып жиберишинин алдын алып турушубуз шарт. Эң өкүнүчтүүсү мунун баары “Кумтөр кенин өзүбүзгө алдык, өзүбүз иштетебиз, мынча киреше таап жатабыз” деген куру кыйкырыктардын бардыгы токтоду дегенди түшүндүрөт. “Кааласа сотко берсин, бизде экологиялык зыяндар тууралуу фактылар бар, утулсак дагы, утсак дагы Кумтөр бизде калды, элдики” деп айтып жатышпады беле? Элден эч нерсе сурабай, элге эч кандай отчёт бербей эле башкарып турушкан, анан эми эч кимге айтпай эле сүйлөшүү баштап жиберишти”.

Кен тармагындагы адистер Кумтөргө байланыштуу талашты чечүүнүн эки сценарий менен уланарын боолголоп жатышкан. Анын биринчиси “сүйлөшүү”, экинчиси “соттошуу” болчу. Үчүнчү жол кенди биротоло “улутташтыруу” же “келишимдердин баарын жокко чыгаруу” эле, бирок анын аягы да соттошуу менен бүтмөк.

Мурдараак Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Акылбек Жапаров 22-сентябрда “Азаттыкка” берген комментарийинде Кыргызстан “Кумтөр Голдду” башкарууну өз колуна алгандан берки төрт ай ичинде 4,1 тонна алтын өндүргөнүн айтып берген. Ал мындан өлкө 62 млн. доллардай киреше алганын тактаган.

Бирок 25-сентябрда УКМКнын мекеменин Алай райондук бөлүмүнүн жаңы имаратын ачуу учурунда мекеменин төрагасы Камчыбек Ташиев Кумтөр алтын кенинен Кыргызстан 90 млн. доллар тапканын айткан. Ачакей маалыматтардын фонунда бир катар депутаттар өкмөттөн Кумтөр боюнча кенен отчёт берүүнү талап кылган.

Отуз жыл оюлган Кумтөр
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:38 0:00

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG