Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:54

СССР согушта кантип жеңген? Тарыхый эс тутумду бурмалаган үгүт


Сталин, Рузвельт жана Черчилль Тегеранда. 1943-жыл, ноябрь
Сталин, Рузвельт жана Черчилль Тегеранда. 1943-жыл, ноябрь

Экинчи дүйнөлүк согуш 1939-жылы 1-сентябрда Германия Польшага кол салуусу менен башталып, бир жыл аралыгында Европа өлкөлөрүн басып алган Германия 1941-жылы 22-июнда СССРге кол салган. Бул Экинчи дүйнөлүк согуштун негизги бөлүгү эсептелет.

Орусиялыктардын үчтөн экиси Советтер Союзу фашисттик Германияны шериктештердин жардамысыз эле жеңмек деп ишенишет. Бул быйыл апрелдин аягында, Орусияда белгиленүүчү 9-май – Жеңиш күнүн утурлай Бүткүл Орусиядагы коомдук пикирди иликтөө борбору (БКПИБ) тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы ушундай.

Мындай көз карашты 60 жаштан ашкан эркектер эң көп жактайт – алардын 77 % СССР гитлердик Германияга каршы согушта Батыштын көмөгүсүз эле жеңишке жетмек деп ойлошот. 18–24 жаштагы муундун 44 пайызы гана бул пикирди жактайт. “Сибирь.Реалии” эксперттер бул жөнүндө кандай ойдо экендигин, ошондой эле бул тема ошол согуштун катышуучуларынын эскерүүлөрүндө кандайча чагылдырылгандыгын иликтеди.

1940-жылы августта, Германия СССРге бастырып кирерден 10 ай мурун эле Германиянын авиациясы Улуу Британиянын асманына коога салып, инфратүзүмүнө (жол, көпүрө, байланыш түйүндөрү ж.б.) жана тынч шаарларына чабуул жасай баштаган болчу. Ошол учурда Британия Европада Гитлерге каршы күрөшкөн жалгыз өлкө эле. Ал эми Советтер Союзу Германия менен тыгыз соода кылып, таасир чөйрөлөрүн бөлүштүрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп турган.

"Алар (СССРдин жетекчилери) Батыш державаларынын тагдырына такыр кайдыгерлик кылды, чындыгында бул өздөрү кийин ачылышын талап кылган экинчи фронтко кыянат жасагандык эле. Гитлердин алты ай мурун эле аларды жок кылууну чечкенин билген эмес. Өздөрүнүн чалгындоо кызматы Чыгышка Германиянын күн сайын катары калыңдай берген өтө чоң күчтөрү которулуп жатканын кабарлап турса деле, алар мындай шартта зарыл болгон көптөгөн кадамдарды жасаган жок..." (У. Черчилль, "Согуштагы Англия").

"Тарых жана адамдардын эс тутумун көбүнчө үгүт бурмалайт"

“Алар экинчи фронтту ачкан жок. Орусияда шериктештердин ролу жөнүндө ушуну гана билишет. Чындыгында бул такыр туура эмес", – дейт Орусия Илимдер академиясынын академиги, тарыхчы Юрий Пивоваров.

- Бул ошол кездеги окуяларга кандай караганыбызга байланышкан. Советтик жана орусиялык жарандардын аң-сезиминде Экинчи дүйнөлүк согуш деген түшүнүк жок. Алар Улуу Ата мекендик согуш (1941-жылдын 22-июнунан – 1945-жылдын 9-майына чейин созулган) дегенди гана билишет. Эс тутумду чектеген мындай жосун дүйнөлүк жагдайды көңүлгө албайт, ичкери гана багытталган. Бул логикага ылайык шериктештер – көңүл бурууга арзыбаган эле үчүнчү катардагы күч.

Юрий Пивоваров
Юрий Пивоваров

– Менин оюмча, бул азыркы жана советтик медиадагы жана тарыхнаамадагы үгүттүн натыйжасы. Эмне үчүн ушундай, бул кимге керек?

– Мындай мамиле согуштан кийин, Сталин Экинчи дүйнөлүк согушта чечүүчү ролду Советтер Союзу (б.а. ал өзү) ойногон деп айта баштаганда жаралган. Бул көз карашка шек келтирген нерселердин баары төгүнгө чыгарылып турган.

Бирок дайыма эле ушундай болгон эмес. 1941-жылы 3-июлда эс-учун жыйган Сталин совет элине кайрылды ("бир туугандар жана эже-карындаштар" деди). "Боштондукка чыгаруучу согушта cовет эли жалгыз калбайт. Европа жана Америка элдери бизге ишенимдүү шериктеш болот. Кулчулукка каршы эркиндикти жактаган элдердин бирдиктүү фронту болот". Бир нече айдан кийин элдик коргоо комиссарынын 1942-жыл, 1-майдагы буйругунда мындай деп айтылган: “Эркиндикти сүйгөн бардык элдер немис империализмине каршы бирикти. Алардын арасында биринчи орунду Улуу Британия жана АКШ ээлейт, алар менен достук жана шериктеш алакабыз бар, өлкөбүзгө алар аскердик жардамды улам көбүрөөк көрсөтүп жатат".

Улуу Британия жана Америка Кошмо Штаттары нацисттик агрессияга дароо эле каршы жооп кайтарышты. 1941-жылы 22-июнда эртең мененки саат 9да, cовет өкмөтү согуштун башталышын жарыялаганга үч саат калганда, Черчилль Улуу Британия Советтер Союзу менен акыр аягына чейин бирге турарын айткан. Ырас, ал өзүнүн антикоммунисттик ынанымынан баш тарткан эмес. 1941-жылы 12-июлда, согуш башталгандан 20 күн өткөндөн кийин, Москвада Германияга каршы биргелешип аракет кылуу жөнүндө совет-англис келишимине кол коюлган. 24-июнда Рузвельт Америка Советтер Союзуна жардам берүү үчүн бардыгын жасайт деп жарыялаган. 1941-жылы 2-августта СССР менен АКШ биргелешкен аракеттер жөнүндө келишимге кол коюшкан.

СССР оор абалга тушуккан кезде совет өкмөтү бул колдоону жогору баалап, шериктештер жана биримдик жөнүндө сый-урмат менен айтып турду. Советтер Союзу үчүн согуш канчалык ийгиликтүү болсо, анын туруму да ошончолук кең пейил жана чынчыл боло берди.

1948-жылы Вознесенский (Мамлекеттик пландоо комитетинин төрагасы жана Сталиндин өмүрүнүн акыркы мезгилинде жылдызы жана баштаган лидер) СССРдин аскердик экономикасы жөнүндөгү эмгегинде Батыш державаларынын жардамы өзү өндүргөн 4 гана пайызды түзгөн деп жазган. Бүгүнкү күндө тарыхчылар чындыгында бул көрсөткүч 12 пайызга жеткен дешет. Аскердик кызматташуу курал-жарак менен гана чектелип калбаганын да эске алуу керек.

Мисалы, британиялык жана америкалык авиациянын Германиянын өнөр жайына чоң зыян келтиргендиги – Гитлерге каршы күрөш эмеспи, совет өкмөтүнө жардам эмеспи? Экинчи фронт ачылганда, немистер дээрлик бардык алыска учуучу бомба таштагычтарын, кыйраткычтарынын үчтөн эки бөлүгүн жана Вермахттын солдаттарынын 40 пайызын Батыш Европага которуп кетүүгө аргасыз болушкан.

Ошого карабастан, советтик жетекчилер аскердик альянстын ролун төмөндөтүп көрсөтүүгө аракет кыла беришкен. Адегенде мамиле начарлап, андан кийин мурдагы шериктештер душман болуп калганда, толугу менен башталган "кансыз согуш" муну ого бетер күчөттү. Дал ушул көз караш советтик адамдардын согуш жөнүндөгү түшүнүгүн аныктап калды.

Тарых жана адамдардын эс тутумун көбүнчө үгүт бурмалап коёт. Ал эми СССРде бул агрессивдүү үгүт жапырт жүргүзүлүп турду – согуш жөнүндө ар кандай ой-пикирлер катуу көзөмөлгө алынды. Советтик аскер саясаты бир беткей болуп калды ("темир көшөгө" адамдардын ой жүгүртүүсүн чектеп, жазылган тексттерди да бир нукка салып койду – эми Экинчи дүйнөлүк согуштун батыштагы баяны СССРдин чечүүчү ролун төмөндөтүп жиберген "буржуазиялык бурмалоо" деп бааланып калды), согуш боюнча эмнелерди эстеп, эмнелерди унутуу керектиги жөнүндө катуу талап кылына баштады. Бул саясат советтик адамдардын согуш жана андагы өздөрүнүн ролу жөнүндө ой-пикирлерине шайкеш келгенин белгилей кериш керек. Совет доорунда Ата мекендик согушту эскерүү сыйынуунун бир түрүнө, негизги бириктирүүчү символго, ыйык тарыхка айланган.

Бирок дагы деле болсо аны ар кандайча элестетүү мүмкүнчүлүгү бар эле. 1995-жылы 9-майда Таазим тоо (Поклонная гора) дөбөсүндө (көңүл буруңуз: Кызыл аянтта эмес) парад болуп өттү, ага бардык дүйнөлүк лидерлер катышты (анын ичинде Г. Коль дагы – анын келиши Европада болуп өткөн өзгөрүүлөрдү жана андагы жаңы Германиянын ролун көрсөтүп турду). Постсоветтик Орусия жалпы сапка киргендей болду – бул эс тутумду "интернационалдаштырууга" мүмкүнчүлүк берди.

Путин бийликке келгенден кийин таберик нарк-насилди башкача пайдаланды: согуш "жеңиштердин дүңгүрөгүнө” көмүлүп калды " (ар кандай эл салтанатка оңой азгырылат экен); элдин эс тутуму 9-майды тарыхтан тышкаркы дата, орус куралынын бардык жеңиштеринин символуна айланды. Кайрадан жол башчы пайда болду: “Сталин / Путин” деген ураан чакырыла баштады. Эми эч кандай шериктештер жөнүндө сөз болбой калды: Батыш – душман, милитаризм зарыл деп, жаңы согуш мерчемделе ("кайталай алабыз" – дагы бир ирет басып алабыз деген мааниде ураан жаңыра) баштады. Азыркы согуш тирүү калгандарды да, курман болгондорду да каптап өтүп, илгерки (1945-жылдагы) тарыхый жеңишти түп тамырынан кайра карап чыгууга түрткү бергендей болду.

"Гитлердин Орусияга 22-июнда кол салганы жөнүндө кабарды үйдө ооруп жатканда уктум. Мен дароо президент Рузвельтке, андан кийин мамлекеттик катчынын орун басары Уэллеске телефон чалдым. Аларга мен мындай дедим. "Биз Орусияга мүмкүн болушунча жардам көрсөтүшүбүз керек. Биз “өзөк” өлкөлөрүнө каршы турган ар бир мамлекетке колубуздан келишинче жардам беребиз деп далай ирет айтканбыз. Орусия ушундай өлкөлөрдүн катарына кирери шексиз". Мындан тышкары, мен Мамлекеттик департаменттеги айрым кесиптештериме телефон чалып, аларга да ушундай көз карашымды билдирдим..." (АКШнын мамлекеттик катчысы Корделл Хеллдин эскерүүлөрүнөн)

– Черчилль өзүнүн эскерүүлөрүндө мындай деп жазат: "Эми алар алданып, капыстан соккуга кабылганда, өздөрү Германиянын жалындаган кылычынын мизинде калышты. Алар дароо эле Улуу Британиядан жана анын империясынан ар кандай жардам сурай баштады. (Немистер советтик жетекчилерди алаксытып, өзүнүн күчтөрүн чыгышты көздөй жылдырып жатканына көңүл бургузбай жүргөн эле. Сталин менен Гитлер бул империяны бөлүштүрүп алабыз деп сегиз ай ичинде тымызын сүйлөшкөн болушу ыктымал). Жардам суроо эми алардын туруктуу саясаты болуп калды. Эч тартынбастан, алар согуштун азабын тартып, өзүнө жетишпей жаткан күчтөрдү жөнөтүүнү Англиядан кескин түрдө, катуу талап кыла баштады". Ондогон жылдардан кийин, бүгүнкү күндөгү маалыматтарды билген шартта, сиз бул цитатага кандай баа берет элеңиз?

– Албетте, калыс жана так мамиле ушундай болот. Эгер 1941-жылдын 22-июнуна чейин эмне болгонун эстебесек, ошол күндөн кийин эмне болгонун түшүнбөйбүз. 30-жылдардын экинчи жарымында, дүйнө согушка камданып жатканда, эл аралык мамилелер өтө татаал, башаламан, карама-каршылыктуу болгон. Ар кандай коалициялар түзүлүп, көптөгөн сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, көз караштар сыналган. Балким, бардык державалар, анын ичинде Советтер Союзу менен Батыштагы анын болочок шериктештери жана Германия өтө өзүмчүл жана туруксуз саясат жүргүзүшкөн.

Ошол эле Германияда орусиячыл күчтөр болгон – Геринг, Риббентроп, Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы фон Вайцсакер, чалгындоо кызматынын башчысы Шуленберг, Германиянын СССРдеги элчиси Граф фон дер Шуленбург (ал 1944-жылы Гитлерге каршы кутумга катышып, өлүм жазасына тартылган). Германияда ар дайым орусиячыл саясат боло келген; кандайдыр бир мааниде ал бүгүн да сакталууда. Германия менен Орусиянын салттуу алакасы, экономикалык жана саясий, династиялык, илимий жана маданий мамилелери бир нече кылымдан бери улантылып келген.

Эл аралык мамилелердин татаалдыгы, бир жагынан Англия, Франция, экинчи жагынан Советтер Союзу менен болгон сүйлөшүүлөр 1939-жылдын жай айынын аягында туңгуюкка кептелди. "Улуу" командир жана дипломат Климент Ефремович Ворошилов өкүлү болгон советтик тарап согуш башталып кетсе Польша, Балтика жана Румыния аркылуу советтик аскерлерди өткөрүүнү талап кылды. Бирок алар Кызыл Армия кирсе, кайра эч качан чыкпай тургандыгын түшүнүп, муну каалашкан жок. Кийин чын эле ошондой болду го.

Кандайдыр бир мааниде Советтер Союзунун позициясы акылга сыярлык: эгерде чек аралаш болбосо, кантип жардам берилет? Бирок, жалпысынан, советтик тарап өзүнчө оюн жүргүзүп, канчалык кастык мамиледе болсо да, Гитлер менен деле сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп турду.

Молотов–Риббентроп пактына кол коюлганы Гитлерге Батышка кол салуу мүмкүнчүлүгүн берди. Ошентип, азыраак убакытка болсо да, ал Германиянын чыгыш чек араларынын коопсуздугун камсыз кылууга жетишти. Сталиндин мүдөөсү Гитлер менен макулдашып, Чыгыш Европадагы таасир чөйрөлөрүн бөлүштүрүү – Польшанын, Балтика өлкөлөрүнүн, Румыниянын, Финляндиянын жерлерин ажыратып алуу болгон. Баардыгы (же дээрлик бардыгы) ишке ашты. Германия Европаны жеңип, Парижди ээледи (Биринчи дүйнөлүк согушта жеңилгендиги үчүн өч алды). Кызыгы, улам бир өлкө, мисалы, Норвегия басып алынганда, анын Москвадагы элчилиги дароо жабылып турган.

Германиянын тышкы иштер министри Йоахим фон Риббентроп (солдо), Германиянын мамлекеттик катчысынын орун басары Фридрих Гаусс, Совет мамлекетинин башчысы Иосиф Сталин (үчүнчү) жана СССРдин тышкы иштер министри Вячеслав Молотов (оңдо). 1939-жылы 23-августта тартылган сүрөт
Германиянын тышкы иштер министри Йоахим фон Риббентроп (солдо), Германиянын мамлекеттик катчысынын орун басары Фридрих Гаусс, Совет мамлекетинин башчысы Иосиф Сталин (үчүнчү) жана СССРдин тышкы иштер министри Вячеслав Молотов (оңдо). 1939-жылы 23-августта тартылган сүрөт

– Сиздин оюңузча, Сталин Гитлердин СССРге кол салууга камынганын билген беле? Ал ошого даярдануу үчүн убакытты создуктуруп жатты беле? Же Гитлерге чындап ишенип, аны менен таасир чөйрөлөрүн бөлүшүүнү гана ойлогонбу?

– Экөө тең болгон болушу ыктымал. 1939-жылдын күзүнөн баштап Советтер Союзу Германия, Италия жана Жапония менен бирге дүйнөнү бөлүштүрүүгө катышып келген. Ошол эле учурда, 1939-жылдын аягынан тартып, СССР Германияга кол салуу пландарын иштеп чыга баштаган. Тарыхчылардын айтымында, мындай беш план бар болчу. Молотов кийинчерээк, согуш бүткөндөн көп убакыт өткөндөгү бир маегинде: "Гитлер бизден озунуп кетти – биз 12-июнда кол салууну пландаган элек", – деген.

– Эмне үчүн алар кол салышкан жок?

– Даярданууга үлгүрбөй калышты. Сталин өзү каалагандай болот деп ишенип, Европа менен Гитлер согушта кансырап кала турган учурду күтмөкчү болгон. Ошондуктан Гитлердин жинине тийбеш үчүн мүмкүн болгондун баарын жасады. Ал 22-июндагы чабуул Вермахттын жетекчилигинин Гитлер менен макулдашылбаган демилгеси болушу мүмкүн деп эсептеген. Ошондуктан ок атпагыла, сыпайы жооп кылгыла деген буйрук берилген. Согуш чындап башталып, Германиянын аскерлери заматта советтик коргонуусун жарып өтүп, биздин шаарларды бомбалай баштаганына карабастан ошондой дешкен. Жалпысынан, 1939-жылдын сентябрынан 1941-жылдын 22-июнуна чейин СССР Германияны колдоодо чечүүчү ролду ойногон. Польшага арт жагынан сокку ургандыгы менен эле эмес (17-сентябрда Кызыл Армия бул өлкөгө кирип, кең аймактарды басып алган).

Германиядагы деңиз курулушу канчалык ийгиликтүү жүргөнүнө карабастан, Улуу Британиянын деңиз флоту немистердикине салыштырмалуу күчтүү болгон. Ал камоого алгандыктан, Германияда азык-түлүк, согуш үчүн зарыл резина, мисалы, жез, май ж.б. чийки зат тартыш болуп калган. Советтер Союзу Германиядагы бул көйгөйлөрдү жоюуга жардам берген: ал бейтарап өлкөлөрдөн товарларды сатып өткөрүп турган, ал эми түстүү металлдар биздин аймак аркылуу Германияга кетчү. 1940-жылы советтик экспорттун 52 пайызы (анын ичинен өзүнүн мунайынын 75 пайызы жана дан азыктарынын 77 пайызы) Германияга жөнөтүлгөн. Мурманскинин жанында Британиянын деңиз флоту менен согушкан Германиянын суу астында жүрүүчү кайыктарынын базасы түзүлүп, алар үчүн Түндүк деңиз жолу ачылган. Бул Германия үчүн экинчи фронт болчу.

– Мунун баары Сталиндин Гитлер менен күрөшүү пландарына кандайча шайкеш келет?

– Менин оюмча, Сталин Батыш демократиясын нацисттик Улуттук Социалисттик Германияга караганда көбүрөөк жек көргөн. 1939-жылдан баштап, Молотов – Риббентроп пактынан кийин, нацизмге жана Германияга каршы үгүт толугу менен токтотулган. Мисалы, белгилүү "Александр Невский" тасмасы көрсөтүлбөй калган. Алар немис фашизминин "библиясы" болгон "Майн кампфты" орус тилине котортуп, башкаруучу жана партиялык чөйрөлөргө таратышкан. Алар Чоң театрда Вагнердин операларын коюшкан. Бул саясий кескин бурулуш эле.

"Правда" гезитинин биринчи бети. Императордук кеңседеги Молотов менен Гитлердин сүрөтү.
"Правда" гезитинин биринчи бети. Императордук кеңседеги Молотов менен Гитлердин сүрөтү.

– Бирок Германияга кол салуунун беш варианты бар беле?

– Албетте, армия коргонуу менен гана чектелсе, бастырып кирүүчү согушка кантип даярданууга болот? Анын үстүнө, биз душманды өз аймагында жеңебиз деген советтик расмий аскердик доктрина бар эле. Биз аскерлерди киргизебиз, анан бир нече күндөн кийин баары бүтөт дешкен. Бирок чыныгы жагдай башкача болуп чыкты.

Жалпысынан, тарыхта карама-каршылыктар көп. “Майн кампфта” Гитлер өзүнүн негизги милдети деп немец эли үчүн жаңы жашоо мейкиндигин түзүүнү жарыялаган. Мындай мейкиндик Европанын чыгышында, негизинен славяндар жашаган жагында бар. Биринчи кезекте орустар менен украиндер, СССРдин аймагы жөнүндө айткан. Германия бул берекелүү жерлерди басып алып, азык-түлүк маселесин биротоло чечиши керек эле. Бирок белгилүү болгондой, Гитлер Сталин менен да "достошууга" даяр турган. Улутчул социалисттер менен коммунисттер бир катар маселелер боюнча тил табышканы үчүн гана эмес, негизинен буржуазиялык демократиялык Батышты жек көргөндүгү үчүн алар жакын болгон. Бул жөн гана пайдалуу болчу.

Бүгүнкү күндө бир катар тарыхчылар 1939-жылы Сталин технология, курал-жарак жана аскерлердин саны жагынан чоң артыкчылыкка ээ болгон, учурда Польшаны басып алууга даярданып жатканда Гитлерге ажалдуу сокку урса болмок дешет. Балким, ошентсе, дүйнөлүк согуш болбой калмак.

Лондондогу Олдвич метро станциясында Германиянын бомбалоосунан жашынып жаткан адамдар
Лондондогу Олдвич метро станциясында Германиянын бомбалоосунан жашынып жаткан адамдар

– Черчилль "1940-жылдын сентябрынан тартып Гитлер 1941-жылы июнда кол салганга чейин Сталин таш боор, куу жана чыныгы абалды билбеген алп болгон" деп жазган экен...

– Советтер Союзунун чалгын кызматы мыкты болгон. Демек, Сталин бул маалыматтардын баарын түздөн-түз алып турган. Бирок ал чалгынчыларга ишенбеди, анткени кырдаалга болгон көз карашына туура келбейт эле.

Мен Сталинге толугу менен бир нукта карайм. Бул зулум, же Солженицын айткандай, киши жегич, ушунчалык көп адамды, айрыкча Советтер Союзунда жок кылган мыкаачы. Аны эч нерсе менен салыштыра албайм.

Башкы штабдын башчысы Маршал Василевский "биз (өзү, Рокоссовский, Мерецков, Жуков жана башка советтик аскер лидерлери. – ред.) бул чала сабат семинаристти алдап жатабыз" деген. Семинарист деп Сталин жөнүндө айткан. Жуков менен Рокоссовскийдин айтымында, эгер Сталин 1936–38-жылдардагы террор учурунда Кызыл Армиянын мыкты кол башчыларын жок кылбаса, анда согуш болбойт эле, Гитлер да даабайт эле. Финляндиядагы согушта СССР утулуп калган соң аны жеңип алуу мүмкүн деген Гитлердин пикири бекемделген. Ошол эле учурда Америка менен Британиянын жетекчилери да Кызыл Армиянын кадыр-баркына анча ишенбей калган.

1943-жыл, 1-июнь. Улуу Ата Мекендик согуш. Солдаттар чабуулга баратат.
1943-жыл, 1-июнь. Улуу Ата Мекендик согуш. Солдаттар чабуулга баратат.

– Тарыхнаамаларда жана башка булактарда, анын ичинен Черчиллдин эскерүүлөрүндө британдыктар Югославиядагы жана Грециядагы аракеттери, Балкандагы немистерге каршылык көрсөтүүсү менен 1940-жылы жазында Барбарос планынын башталышын бир аз кечеңдетип, акыры немистердин Москваны суук түшкөнгө чейин басып алышына тоскоол болушкан деген божомол бар. Сиздин оюңузча, бул жагдай канчалык мааниге ээ болушу мүмкүн?

– Мүмкүн. Чыгыш менен батыштагы окуялардын чыныгы ыраатын калыбына келтирүү үчүн бул жагдайларды да эске алуу зарыл.

Бул жерде 1940-жылдын июнь айынан сентябрь айынын аягына чейин болгон окуялар жөнүндө өзгөчө айтыш керек. Бул Англия үчүн аба согушу. Себеби, 1940-жылы 14-июнда Германиянын аскерлери Елисей талаасын аралап өткөндөн кийин Франция аскерий күч болбой, Англия жалгыз калган.

Гитлер люфтваффени (аскердик аба күчтөрүн) жетектеген Герингге Британияны бомбала деп буйрук берди. Анткени деңизде, мен жогоруда айткандай, Королдук флот немистердикинен күчтүү болгон. Ошентип, немистер бул согушта жеңишке жетишкен жок. Алар британдыктардын бомбалоого каршылыгын сындырабыз жана Гитлер менен тынчтык келишимин түзө турган өкмөт бийликке келет деп ишенишкен.

Бирок Германия Англияны сындыра алган жок. Англис авиациясы татыктуу салгылашып, люфтваффени чоң жоготууларга учуратты (аларга өз өлкөлөрү жеңилип калган соң бул жакка учуп келип, курман болгон британдык учкучтардын ордун баскан чех, поляк, француз учкучтары жардам беришкен). Лондондогу үйлөрдүн үчтөн бир бөлүгү жок кылынган же катуу кыйратылган. Бирок Британия туруштук берди. Эң катуу бомбалоолорго карабастан, Улуу Британиянын аскерий өнөр жайы Германияга караганда жыл сайын көбүрөөк учак өндүрө баштады.

"Биздин аба күчтөрүбүздү кыйла алсыратарына карабастан, Аскер кабинети Орусияга "Томагавк" тибиндеги 200 кыйраткыч учакты тез арада жөнөтүүнү чечкенин кубануу менен кабарлайм. Алардын 140ы Англиядан Архангельскиге, биздин АКШдагы 60 учактан 19у жөнөтүлөт… Жакында Англияда кемелерге жүктөө үчүн 2ден 3 миллионго чейин жуп бут кийим даярдалат. Ошондой эле биз быйыл көп сандаган резина, калай, жүн жана жүндөн жасалган буюмдарды, жут, коргошун жана шеллакты жөнөтүүгө даярдап жатабыз. Чийки затка болгон башка бардык керектөөлөрүңүздөр кылдаттык менен каралат..." (Черчиллдин Сталинге жиберген телеграммасынан. 1941-жыл, 25-июль).

– Германия кол салгандан кийин дароо эле СССРге бериле баштаган жардамга байланыштуу АКШдагы, Улуу Британиядагы коомдук пикир жөнүндө эмне айтууга болот? Бүткүл Европаны кыйраткан Гитлерге каршы Англия жалгыз туруштук берди. Ошол мезгилде Советтер Союзу Германия менен тыгыз соода жүргүзүп, чийки зат жеткирип турган. АКШдагы Монро доктринасы боюнча Эски Дүйнөнүн иштеринен оолак туруу керек эле. Эмне үчүн бул эки өлкөнүн жарандары Советтик Орусияга жардам бериши керек деген доомат айтылган жокпу?

– Монро доктринасынан тышкары, Американын коомдук пикиринде жана саясатында дагы бир салт, дагы бир тенденция бар. Бул дүйнөлүк иштерге кийлигишүүнүн дал өзү. АКШнын 1917-жылы 1-апрелде Биринчи дүйнөлүк согушка кириши Антантанын кайзердик Германияны жеңишине абдан чоң жардам берген. Америка Тынч океанда тынымсыз иш жүргүзүп, 1941-1945-жылдары Жапония менен согушкан. Башкача айтканда, ар кандай мамилелер болгон. Албетте, ошол кезде АКШны Рузвельт жетектеп турганы дүйнө жүзү үчүн жакшы болгон.

– Киссинджер өзүнүн “Дүйнөлүк тартип” китебинде Америка президенттеринин тышкы саясатка жана АКШнын миссиясына болгон көз-караштары жөнүндө кеңири жазат. Бирок эмне үчүн америкалыктар Европанын кайсы бир жеринде өлүшү керек? Рузвельттин Конгрессти ленд-лиз мыйзамын кабыл алып, андан ары СССРге жайылтууга ынандырганы – бул бир тема, дагы бири – АКШнын чек араларынан алыс согушка мындай кеңири катышуусуна, аскердик жана экономикалык мамилелерине карата Америка коомчулугунун мамилеси.

– Нацисттик Германияга болгон жек көрүү өтө чоң эле. Анын үстүнө, дүйнө эли немистердин мыкаачылыктары жөнүндө билген. 1942-жылы бери дегенде Европада жөөт элин биротоло жок кылуу жөнүндө чечим кабыл алынган. Бул АКШнын коомдук пикирине таасирин тийгизди. Баса, Сталин дагы "жөөт картасын" колдонгон. Еврейлердин антифашисттик комитети түзүлүп, анын өкүлдөрү Кызыл Армия үчүн бай жөөт уюмдарынан жана ишкерлеринен акча чогултуу үчүн АКШга жөнөтүлгөн. Алар америкалык жөөттөр жана башка улуттардын өкүлдөрү нацисттик апаатка каршы күрөшүү үчүн берген көп акчаны Советтер Союзуна алып келишкен.

Албетте, согуштун өзү эле эң башкы ишке себепкер болду. Жапониянын Перл-Харборго жасаган чабуулунан кийин АКШ үчүн Жапон империясына жана анын шериктеши Германияга каршы күрөшкө кирүүдөн башка арга калган жок. Ошентип, Америка акыры Гитлерге каршы коалицияга кошулду.

Буга чейин согушуп жаткан Улуу Британиядагы төбөлдөр Советтер Союзун колдоо Британиянын кызыкчылыгына туура келет деген ачык бир пикирге келишкен. Мында эч кандай суроолор болгон жок. Ал кезде коммунизм бүткүл дүйнөдөгү тынчтыкка коркунуч келтире элек болчу, а Гитлер ошондой кооптуу жагдайды түзүп койду.

Экинчи Дүйнөлүк Согуш мезгилиндеги ленд-лиз: Британиялык “Матильда” танкалары СССРге жеткирүү үчүн кемеге жүктөлүп жатат
Экинчи Дүйнөлүк Согуш мезгилиндеги ленд-лиз: Британиялык “Матильда” танкалары СССРге жеткирүү үчүн кемеге жүктөлүп жатат

– Гитлер СССРге кол салгандан бир ай өткөндөн кийин Черчилль Сталинге жакын арада Советтер Союзуна 200гө жакын кыйраткыч, 2-3 миллион жуп өтүк, резина, калай, жүн, коргошун ж.б. жөнөтүүнү пландап жаткандыгын жазат. Ошол эле учурда, ал советтик тарап менен байланышканда жакшы сөздөрдү сейрек угуп жүргөнүн айтып, кат алышууда демитип, аксым мамиле кылышат деп эскертет. Болгондо да СССРдин жетекчилери кандай кооптуу абалда турганын жана Британия менен Американын колдоосуна канчалык муктаж экендигин түшүнбөй коюшу мүмкүн эмес эле го. Эмне үчүн алар Черчиллге ушундай мамиле кылышкан?

– Биринчиден, 30-жылдары советтик жетекчилер негизинен начар билимдүү жана маданиятсыз адамдардан турган. Эң билимдүү жана маданияттуу кызматкерлердин баары жок кылынган же Троцкий сыяктуу чет өлкөгө куулган. Экинчиден, мында СССР өзү эң коркунучтуу деп эсептеген британ империализмин жек көргөндүгү сезилип турат. Ошол эле учурда, 1941-жылы 18-июлда Сталин Черчиллден экинчи фронтту тезирээк ачууну өтүнгөн.

"Менин оюмча, эгерде Гитлерге каршы Батышта (Түндүк Францияда) жана Түндүк (Арктикада) фронт түзүлсө, Советтер Союзунун, ошондой эле Улуу Британиянын аскердик абалы кыйла жакшырат... Мындай фронтту түзүү дал ушул чакта оңой…" (СССР менен Германиянын согушу башталгандан кийин Сталиндин Черчиллге жиберген биринчи телеграммасы. 1941-жыл, 18-июлу).

– Өтүнүптүр, ооба, бирок АКШ-Британия делегациясы 1941-жылы сентябрда Москвага келгенде, ырайым сурап келгендей салкын кабыл алышкан. Бул дагы советтик лидерлердин маданияты төмөн болгондуктан дейсизби?

– Бул эле эмес. Себеби шериктеш болгон башка, бирок таптык күрөш баарынан маанилүү. Ар кандай – британиялык ж.б. империяларды, колониялык дүйнөнү ж.б.у.с. баарын жок кылуу максатынын баш тартышкан эмес да. Советтер Союзунун жетекчилери жаш кезиндегидей эле кастыгын койгон жок. Ошентсе да советтик жетекчилер арасында Черчиллдин деңгээлин, кадыр-баркын, ролун түшүнгөн адамдар болгон деп ойлойм.

Экинчи Дүйнөлүк Согуш маалында Кызыл Армия үчүн АКШнын азык-түлүк ленд-лизи (жиберген жардамы).
Экинчи Дүйнөлүк Согуш маалында Кызыл Армия үчүн АКШнын азык-түлүк ленд-лизи (жиберген жардамы).

– Эгер АКШ менен Улуу Британиянын жардамы болбосо, Германия менен Советтер Союзунун ортосундагы согуш кандай аяктамак?

– Мен бул суроого өтө кылдаттык менен жооп берем, бирок Сталиндин пикирин эске салсам болот. "Биз мунсуз согушта жеңишке жете алмак эмеспиз" деген ал. Бул сөз анык айтылган ("Ленд-лиз аркылуу берилген ушул машиналар болбосо, биз бул согушта утулуп калмакпыз", – деген Сталин 1943-жылы 30-ноябрда Тегеранда Черчиллдин туулган күнүндө тост көтөрүп). Ооба, мен бул өлкөлөрдүн жардамысыз ушундай алаамат согуштан кантип аман калуу мүмкүндүгүн элестете албайм. Тескерисинче, Советтер Союзу болбосо Гитлерди "кулатуу" мүмкүн экендигин да элестете албайм. Жеңишке үлкөн мамлекеттердин биргелешкен күрөшү гана жеткирди. Ар биринин өз ролу, өз фронту бар. Ооба, албетте, Советтер Союзунан согушка катышкан адамдар көп болгон. Бирок Батыш СССРдикине караганда кыйла күчтүү курал-жарак менен камсыз кылды; алар советтик аскердик экономиканын кенемтесин толукташты. 1943-жылы курал-жаракка эмес, чийки затка эмес, тамак-ашка басым жасалган эле. Себеби өтө оор каатчылык болгон. Алар үч жыл бою 10 миллион кишилик армияны багып турушту. Биринчи кезекте, эт, май, шоколад ж.б. менен камсыздашты.

Эгер биримдик болбосо, эмне болуп кетерин элестетүү кыйын. Ошентип, бул согуш Советтер Союзун ондогон жылдар бою алсыратып койду. 2017-жылы Орусиянын Мамлекеттик Думасында СССРдин жоготуулары жөнүндө парламенттик окуулар болгон. Чындыгында расмий пикир ар дайым өзгөрүп турган, Сталин 8 миллион киши курман болгон десе, андан кийин 1960-жылдардын ортосунда 20 миллион адам набыт болгон деп чыгышты. Кийин биздин кыска мөөнөткө шайланган президент Медведев 26,6 миллион деди. Бирок 2017-жылдагы парламенттик окууда бир нече тарыхчы Экинчи дүйнөлүк согушта курман болгондордун саны 42 миллиондон ашык экендигин айтышты. Мында кан майданда кырылган солдаттар менен офицерлер гана эмес, согуш менен байланышкан жарандардын карый электе өлгөндөрү кошо эсептелди. 42 миллион деген оңойбу? Бул азыркы Украинанын калкынын саны.

Эгер мындай жардам болбосо, 15 миң америкалык учак, 427 миң жүк ташуучу унаа келбесе, дагы 13 миң танк, 35 миң мотоцикл, миң даана тепловоз, 72500 даана кеме берилбесе дагы канча эл кырылмак? Эгер алар Германиянын экономикасын кыйратышпаса, анда Германиянын демин суутпаса, эмне болмок?..

Улуу Британиянын аба күчтөрү Дрезденди мыкаачылык менен бомбалаганын баары билишет. Бул эң катуу кыйратылган экинчи шаар, биринчиси – Гамбург. Бул өзгөчө шаар, немистер Гамбург менен сыймыктанат, бул Германиядагы Улуу Британия, деңиз шаары жана башка жетишкендиктер. Бомбалоонун кесепетинен эл кырылып, Германиянын бардык ири шаарлары кыйраганда, нечен адамдар акылынан азды...

Шериктештер немистерди Англиядан келген конвойлор менен күрөшүү үчүн суу астында жүрүүчү кайыктарды чыгарууга металл, болот сарптоого мажбурлашты. Демек, мунун айынан танктар кыйла аз өндүрүлгөн. Эгерде алар көптөгөн мүмкүнчүлүктөрүн суу астында жүрүүчү кемелерди жасоого жумшабаса, анда болжол менен 43 миң орточо танк жана 21 миң оор “Пантера” кошумча чыгарылмак. Бул аскердик көмөк эмеспи?!

СССРдеги согуш маалында бензиндин үчтөн эки бөлүгү ленд-лиз менен келген. Башкасын айтпаганда деле, бул чоң жардам эмеспи. Же немистерди залп менен аткылаган мыкты “Катюшанын” платформасын ким тургузган? Бизде мынчалык көп платформа болгон эмес, алар да АКШдан келишкен.

"Согуштун ар кандай учурларында биз Германиянын кыйраткычтарынын жарымын жана бомбалоочу учактарынын үчтөн бир бөлүгүн шал кылып жатабыз. Эгерде биздин континентте аба соккуларын өткөрүү планы ийгиликтүү ишке ашса, анда немистер, балким, салгылашууда Батыштагы бардык аскер учактарынан айрылуу же аба күчтөрүнүн бир бөлүгүн Чыгыштан алып келүү керек деген тандоо зарылдыгына туш болот "(Черчиллдин эскермелери, 1942-жылы май айында Лондондо Молотов менен болгон жолугушканы жөнүндөгү бөлүгү).

"АКШ колдобосо, ленд-лиз болмок эмес"

"Орусиянын олуттуу изилдөөчүлөрүнө келсек, ленд-лиздин ролун алар жалпысынан тааныйт – бир катар позициялар боюнча бул өтө чоң мааниге ээ болгондугун түшүнүшөт", – дейт тарыхчы Борис Соколов. Ал Экинчи дүйнөлүк согуш, атап айтканда, тараптардын жоготуулары жөнүндө изилдөөлөрдүн автору.

Борис Соколов
Борис Соколов

– Мисалы, Кызыл Армия колдонгон бир катар учактарды, снаряддарды, автоунааларды жетиштүү санда чыгаруу мүмкүн эмес эле, алао негизинен ленд-лиз жана башка бир катар позициялар боюнча келген. Бул тууралуу аз айтылып жүрөт, бирок чындыгында шериктештер люфтваффе учактарынын үчтөн эки бөлүгүн жок кылышкан, деңизде алар негизги күрөштү жүргүзүшкөн. Согуштун соңку жылында Германиянын армиясынын жоготууларынын болжол менен төрттөн бир бөлүгү Батыш шериктештер тиешелүү болгон. Ошол мезгилде советтик күчтөр дээрлик чаалыгып бүткөн эле. Албетте, согуштун акыркы жылында бул жардам чоң роль ойногон. Тактап айтканда, Нормандияга шериктештер келип конбосо, Беларусту бошотуу үчүн Багратион операциясы ошончолук ийгиликтүү жүргүзүлмөк эмес.

– Эгер биз согуштун башталышына кайтып барсак, 1941-жылы күзүндө Сталин Черчиллден "быйыл эле Балкандагы же Франциядагы экинчи фронтту түзүүнү" суранган. Ошенткенде, “Германиянын 30-40 дивизиясын чыгыш фронттон кайтарып, ошол эле учурда ушул жылдын октябрь айынын башында Советтер Союзун 30 миң тонна алюминий менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү жаралмак жана ай сайын кеминде 400 учак жана 500 танк (чакан же орто) жардам катары келмек". Андан ары ал мындай деп жазат: "Ушул эки түрдөгү жардам болбосо, Советтер Союзу же жеңилип калат, же катуу алсырап, узак убакыт бою шериктештер ына жардам берүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калат". Сиздин оюңузча, Сталин ушундай кырдаалга чындап эле ушундай баа бергенби? Же бул жарым-жартылай өз максатына жеткен манипуляциянын бир түрү беле? Анткени Черчилль бул каттан кийин орустар немистер менен жикчил келишимге макул болууну ойлонуп жаткандыгын, албетте, буга Батыштагы шериктештер эч качан жол бермек эмес деп жазган эле го?

– Менин оюмча, эгерде ошол кезде Советтер Союзу талап кылган нерселердин баарын өндүрүүгө жана жеткирүүгө америкалыктардын, ошондой эле британдыктардын мүмкүнчүлүгү болгон эместигин эске алсак, бул чаргытма (манипулятивдик) кат. Албетте, 41-жылы күздө экинчи фронтту ачуу мүмкүн эмес эле: британдыктардын күчү жок, америкалыктар согушка расмий түрдө дегеле кирише элек болгон, куралдуу күчтөрү катышкан эмес. Бул арга кеткендеги кыйкырык, шериктештерди мүмкүн болушунча көбүрөөк жардам берүүгө үндөгөн чакырык болгон. Албетте, алар ошол учурда өндүрө алгандан ашык эчтеке бере алмак эмес. 1943-жылы гана жеткирүү көлөмү олуттуу түрдө өсө баштаган.

– 1941-42-жылдары СССР менен Батыштын ортосундагы сүйлөшүүлөрдө экинчи фронт жөнүндө көп айтылыптыр. Сталин шериктештер дан Францияга куралдуу күчтөрүн апкелүүнү бир нече жолу суранган. Черчилль мынчалык кошумча күч топтоло элек деп жооп берди. Эгер Франциянын чектерине күчтөрүн апкелсе, британдыктар чоң апаатка кабылмак, мунун Советтер Союзуна да кесепети тиймек. Азыркы кезде биз Черчиллдин бул позициясын баалай алабызбы?

– Эгерде биз кийин билип калган бардык фактыларды эске алсак, 1942-жылы жана 1943-жылы Францияга конуу мүмкүн эмес болчу. Ал үчүн аскерлерди чогултуу эле керек эмес эле. Азык-түлүк, ок-дарылар жана башка буюмдар – мунун бардыгын камдоо керек эле. Буга, айтмакчы, Атлантика океанында немистер жүргүзгөн суу астындагы катуу согуш тоскоолдук кылды. Ошондуктан 1944-жылдын башында гана шериктештер жетиштүү ресурстарды топтошкон. Францияга конуу май айына мерчемделген, бирок бир нече себептерден улам 6-июнга жылдырылган. 1943-жылы Францияга конуу өтө кыйын болмок. Андан кийин ресурстарды жок дегенде Жер Ортолук деңизинен Британ аралдарына көчүрүү керек болчу – бул өтө көп чыгымды талап кылмак. Чындыгында, Түндүк Африкада жашаган топ менен Италияга конуу оңой болмок.

Чыгыш фронттогу италиялык жоокерлер. 1942-жыл, июль
Чыгыш фронттогу италиялык жоокерлер. 1942-жыл, июль

– 1943-жылы жайында Италияга конушту. Эмне үчүн 2 жылга созулган жана Курск салгылашуусу менен тушташ башталган бул өнөктүк тарыхый илимде экинчи фронттун ачылышы деп эсептелбейт?

– Албетте, Италия өнөктүгүн Чыгыш фронту менен же Нормандияга конгондон кийин пайда болгон кийинки Батыш фронту менен салыштырууга болбойт. Анда Батыш фронтундагыга караганда немистердин жана шериктештердин аскерлери 3-4 эсе аз эле. Географиялык шартка байланыштуу Италияда Германиянын аскерлеринин тобу бир нече убакыт бою тар фронтто, Апеннин жарым аралында коргоно алды. Башкача айтканда, шериктештер кеңири мейкиндикке суурулуп чыга алган жок, Италияны тез эле басып ала алган жок.

Албетте, Италия өнөктүгү согуштун жүрүшүнө таасирин тийгизди, анткени немистер өз күчтөрүн ошол жакка которууга аргасыз болушту... Флот СССР менен болгон согушта чоң роль ойногон жок, бирок авиациянын бир бөлүгү Италияга которулду. Германиянын 12-15тей дивизиясы Италияда болгондуктан, алар Совет-Герман фронтуна келе алышкан жок. Чындыгында, шериктештер Сицилияга келишкенде, Гитлер дароо эле Орусиядан Италияга бир танк дивизиясын которо салып, бекем коргонуу мүмкүнчүлүгүн түзүүнү чечкен. 1,5 танк дивизиясы бар, алсыз запастагы СС танк корпусун ал жакка жөнөтүштү. Жалпысынан 2,5 танк дивизиясы Чыгыш фронтто жок кылынган. Немистер Италияга келип конуу чоң балээнин башталышы, андан соң Францияга конушат деп коркушкан. Францияга эч кандай конуу болбой тургандыгын түшүнүшкөндө, алар Франциядагы, башкача айтканда, Чыгыш фронтундагы күчтөрүн Италияга которушкан.

1945-жылдын 31-январына карата (Вермахттын Жогорку колбашчылыгынын маалыматы боюнча) түштүк-батышта, башкача айтканда, Түндүк Африкада жана Италиядагы 50,481 жоокер кырылып, 194,250 дайынсыз жок болгон. Бирок биз бул сумманын тең жарымы же теңинен көбү Түндүк Африкада өлтүрүлгөнүн, дайынсыз жоголгондордун көбү туткундар экендигин эске алышыбыз керек. Шериктештер дагы, Түндүк Африка менен Италиядагыны кошуп санаганда, 50 миңдей кишисинен айрылды. Италиялыктар да жоготууга учураган, бирок немистерге караганда азыраак зыян тарткан.

– Жалпысынан, эгер италиялыктар менен немистердин жоготууларын чогуу эсептесек, анда канча киши дейбиз?

– Түндүк Африкадагыны кошо алганда, 70-80 миң адам өлтүрүлгөн болушу мүмкүн. Эгерде Италияны гана алсак, анда италиялыктар немистер менен бирге 50 миңден ашуун солдатынан айрылган. Шериктештердин 60 миңге жакын жоокери курман болгон болушу мүмкүн. Кыязы, жалпысынан жоготуулар 100-120 миң адамды түзүп, жарааттан каза болгондорду кошкондо 150 миңге жеткен.

"1944-жылдын 2-июлуна чейин биз Нормандияга бир миллионго жакын адамды, анын ичинде 13 америкалык, 11 англис жана 1 канадалык дивизияны кондурдук. Ошол мезгилде биз 566,648 тонна жүктү жана 171,532 автоунааны жээкке түшүрдүк. Бул аябай оор жана машакаттуу иш болчу, бирок биз душманга бар күчүбүз менен сокку урууга даярданып жатканда, жүз эсе пайдалуу болду. Ошол үч жумада биз 41 миң туткунду колго түшүрдүк. Биздин жоготуулар 60 771 адамды түздү, алардын ичинен 8975 адам курман болду" (Экинчи дүйнөлүк согуш маалындагы Американын аскер кызматкери жана мамлекеттик ишмери, Европадагы Бириккен Экспедициялык Күчтөрдүн Башкы Колбашчысы Дуайт Эйзенхауэрдин эскерүүсүнөн).

– АКШнын согушка киргенине жана ленд-лиз аркылуу көрсөткөн жардамына кандай баа бересиз? Чыгыш фронттогу согуш учурунда бул фактор канчалык маанилүү болгон?

– Бул абдан маанилүү болду, анткени ленд-лиз боюнча негизги жардам АКШдан келген эле. Негизинен, атүгүл британдыктардын берген жардамы деле көбүнчө АКШдан Англияга жеткирилген курал-жарактар болчу. Албетте, Америка Кошмо Штаттары ленд-лизде чечүүчү ролду ойногон: мисалы, алюминий, жардыргыч заттар жана күйүүчү май – мунун бардыгы негизинен ошол жерден чыккан. Ырас, Англиядан жана Ирандан да мунай жеткирилип турган. Бирок АКШ колдобосо, ленд-лиз болмок эмес.

– Эгер шериктештер экинчи фронтту ачпаса, 44-жылы Францияга конбосо, жөн гана ленд-лиз аркылуу жардам берип, Германиянын шаарларын эле бомбалай берсе, эмне болмок?

– Мен эмне болмок экендигин өзүмдүн китептеримдин биринде талдап көрдүм. Ошондой болсо, анда советтик чабуул токтоп калмак, анткени 44-жылы жайында Советтер Союзунун адам ресурстары түгөнгөн эле. Чындыгында, Беларустун, Батыш Украинанын жана Балтия мамлекеттеринин аймагынан бошотууга жетишилгендиктен гана согушту аягына чыгаруу мүмкүн болгон. Ошентип, Кызыл Армиянын катарын жергиликтүү калктын эсебинен толуктоо мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Эгер шериктештер Нормандияга келип конбогондо жана немистер андай болбой тургандыгын билишсе, анда, албетте, 1944-жылы жайында советтик чабуул оңунан чыкпай, атүгүл, немистер анча-мынча каршы чабуулга өтүшмөк, кээ бир кичинекей аймактарды кайрадан ээлеп алмак. Жалпысынан, Чыгыш фронтто, менимче, позициялык туңгуюк пайда болмок да, советтик аскерлер илгерилей албай калмак.

Британ аскерлери шериктештер Нормандияга 1944-жылы 6-июнда конгондон кийин буйрук берилишин күтүүдө
Британ аскерлери шериктештер Нормандияга 1944-жылы 6-июнда конгондон кийин буйрук берилишин күтүүдө

– Ошентип, баары кандайча бүтмөк?

– Мен немис досторума силер Сталинградды жана Кавказды коргогон советтик жоокердин бутуна таазим кылууңар керек дедим. Себеби, эгерде согуш 1945-жылдын күзүнө чейин созулуп, туңгуюк жагдай түзүлсө, анда Германияга атом бомбасы ташталмак. Эгер Германия ошол мезгилге чейин толугу менен талкаланбаса, анда ага эки эмес, он чакты бомба ташталмак. Америкалыктар Германияга каршы атом бомбасын даярдап жатышкан.

– БКПИБдин Советтер Союзу нацисттик Германияны жана анын шериктештер ын Улуу Британиянын, АКШнын жана канатташ өлкөлөрдүн жардамысыз жеңе алат беле деген суроосуна сиз кандай жооп берет элеңиз?

– Эгер Советтер Союзу Германия менен жалгыз өзү (Венгриясыз, Румыниясыз) согушса, жеңилип калмак. Бирок бул накта божомол гана, башкача айтканда, 30-жылдардын аягындагы жана 1940-жылдардагы чыныгы саясий, дипломатиялык кырдаалда мындай вариант такыр каралган эмес.

– Ишенимдүү булактардан алынган документтердин негизинде кошумча жана, жакшысы, идеологиясыз маалымат алууга кызыкдар адамдар үчүн бул темада эмнени окууну сунуш кыласыз?

– "Экинчи дүйнөлүк согуштун чындыгы жана мифтери" (2018-жылы чыккан) жана " XX–XXI кк. согуштардагы Орусиянын жана СССРдин адам жоготуулары" (2022-жылы чыкты) китептеримди сунуш кылам. Ошондой эле "Кавказ үчүн салгылашуу", "Берлин үчүн салгылашуу", "Сталинграддагы укмуш окуя" деген монографиялар бар. Аларда чындык айтылган. "Экинчи дүйнөлүк согуштун чындыгы жана мифтери" китебимде ленд-лизге арналган бир бөлүм бар, анда Батыштагы шериктештердин салымы толугу менен сүрөттөлгөн.

Экинчи жагынан, эгерде Советтер Союзу согушпаса, Батыштагы шериктештер дагы, жок дегенде мөөнөтүнөн кечикпей, ашыкча зыянга учурабай жеңип чыга алмак эмес. Бирок кайра эле тактап айтайын – Германия менен Батыштагы шериктештер гана согушканын жөн гана элестетип жатабыз, чындыгында андай жагдай болгон эмес.

"Сибирь Реалии" жарыялаган макаланын түп нускасын бул жерден окуңуз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG