Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:22

Пианист жана кинорежиссер Эмил Атагелдиев каза болду


Эмил Атагелдиев.
Эмил Атагелдиев.

Таланттуу пианист жана кинорежиссер Эмил Атагелдиев 48 жаш курагында узакка созулган оорудан улам каза болду. Бул тууралуу анын санаалаштары Фейсбукка жазышты.

Атагелдиев рак дартына чалдыгып, тез арада чет жактан дарыланууга муктаж болуп жаткан. Ага быйыл жаз айында дарыгерлер 3-4-стадиядагы онкологиялык дарты (остеосаркома) бар деген диагноз коюшкан. Кийин ал баса албай калган. Буга чейин музыканттын саламаттыгы жөнүндө айтып чыккан кесиптештери коомчулуктан жана бийликтен каржылык жардам сурашкан.

Эмил Атагелдиев музыканттардын үй-бүлөсүндө туулган.

1994-1998-жылдары Москвадагы Гнесина атындагы музыкалык академияда окуган. 1999-жылы Париждеги Альфред Корто атындагы Жогорку музыкалык мектептин аспиранты болгон.

2001-2007-жылдары Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында атайын фортепиано кафедрасында сабак берген.

Ушундан кийин ал бала чагынан бери кинорежиссер болуу кыялын орундатууну каалап, кино дүйнөсүнө баш баккан.

2007-жылы Кинематографияны өнүктүрүү фонду уюштурган кинорежиссерлор үчүн биринчи билим берүү курсуна катышса, 2010-жылы Москвадагы сценаристтердин жана режиссёрлордун жогорку курсун аяктаган.

2014-жылдан бери Кыргызстан кинематографисттер союзунун мүчөсү. Ошондой эле Борбор Азиядагы Америка университетинин (БААУ, Бишкек) Телеберүү, кино жана медиа-искусство факультетинин мугалими болуп иштеп келген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG