Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:04

Кино ишмерлер пираттык жол менен тасма тараткандарга чара көрүүнү өтүндү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандык 50гө жакын кино ишмер милицияга кайрылып, жаңы тартылган тасмаларды пираттык жол менен таратып жаткандарга чара көрүүнү суранды. Бул тууралуу продюсер жана кинорежиссер Сүйүн Откеев "Азаттыкка" билдирди. Алардын айтымында, Кыргызстанда соңку кезде жаңы тартылган тасмалардын дээрлик бардыгы пираттык жол менен тарап жатат жана алар көбүнчө Телеграм-каналдар аркылуу таратылууда.

"Кино проюсерлердин бирлиги бар. Ал жактан 50гө жакын киши кол коюп Бишкек милициясына арыз таштадык. Буга чейин өз алдынча иш алып барып келгенбиз. Мындан кийин милициянын жардамы менен катуу көзөмөлгө алалы деп жатабыз. Телеграм каналдарда жөн эле уурдап, таркатып тим болбостон сата башташты. Мунун киночуларга, киностудияларга каржы жагынан да чоң зыяны тийип жатат".

Милиция киночулардын арызы каралып, тергөө жүрүп жатканын "Азаттыкка" ырастады. "Кыргызпатент" ишаканасы дагы автордук укукту коргоо ишине көмөктөшө турганын белгилеп жатат.

Буга чейин обончу, акын жана жазуучулардан турган 50дөн ашык өнөрпоз автордук укугун коргоону талап кылып чыгышкан. Алар “Кыргызпатент” мекемесин ырдын сөзүнө, обонуна калем акы өндүрүүнү тыкыр көзөмөлгө алууга чакырышкан.

2014-жылы автордук укукту коргоо максатында бул жааттагы мыйзамга өзгөртүү киргизилип, чыгарманы уурдагандарга айыппул 10 эсе көбөйтүлгөн. Мурда 2 миң сом айып төлөнсө, азыр анын көлөмү 20 миң сомго барабар. Маалыматка караганда, ушул тапта чыгарма талашып соттошуп жаткан 2-3 автор бар. Өткөн айда Коргоо кеңеши “Кыргызпатент” ишканасы өзү автордук укукка байланыштуу көз боёмочулукка жол берген деп, ондон ашуун жемкорлук иштер аныкталганын билдирген.

"Кыргызпатент" учурда автордук укукту бузуу ири зыян келтирбесе (50 000 сомдон ашпаса) же зыяндын көлөмү 100 миң сомдон ашпаса, Укук бузуулар жөнүндө кодекстин негизинде жеке жактарга 5500 сом, юридикалык жактарга 17000 өлчөмүндө айып пул салынарын билдирди.

Бирок эгерде укук бузуу ири зыян келтирсе (50 000 сомдон ашса) же өзгөчө ири зыян 100 миң сомдон ашса, Кылмыш-жаза кодектин негизинде 20 миң сомдон 50 миң сомго чейин айып салынат. (КЕ/MZh)

XS
SM
MD
LG