Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:35

Кинорежиссер Турсун Усенов дүйнөдөн кайтты


Турсун Усенов.
Турсун Усенов.

Белгилүү кинорежиссер, актер Турсун Усенов 74 жашында өмүрдөн өттү. “Кыргызфильм” киностудиясынын маалыматына караганда Усенов автокырсыкка кабылып, ооруканада жаткан.

Турсун Усенов 1950-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районунда туулган. 1968-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин физика математикалык факультетине тапшырган. 1969-жылы Фрунзедеги Политехникалык институтта окуган. Кийинчерээк 1988-жылы ВГИКте режиссердук курстан өткөн.

Кино ишмери эң алгач “Уркуя” тасмасында реквизитордун жардамчысы катары ишин баштап, өмүрүнүн аягына чейин “Кыргызфильм” киностудиясында эмгектенген.

Ал жүздөгөн кыргыз тасмаларында экинчи режиссер катары иштеп, эмгеги жакшы баага татыган. Өзү да режиссер катары 1991-жылы «Катарсис» киностудиясында «Ночь демона», 2004-жылы 13 сериядан турган «Юридическая консультация» тасмасын, 2009-жылы «Цель жизни», 2011-жылы «Нам 70» даректүү тасмаларын тарткан.

“Ночь демона” тасмасы Ашхабадда “Эң мыкты режиссура” сыйлыгын жеңип алган.

Ал актер катары да тасмаларга тартылчу. Кыргыз киносунун кайталангыс ишмери болчу.

Турсунов 2011-жылы “Кинематографияга кошкон салымы үчүн” президенттин атайын ардак грамотасы менен сыйланган.

Режиссер менен коштошуу зыйнаты 5-июлда Бишкекте болот. (MZh)

XS
SM
MD
LG