Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:40

"Жарандык алуу кооптуу болуп калды". Москва мигранттардын артынан сая түштү


Самарадагы рейд. Орусия, 27-октябрь, 2023-жыл
Самарадагы рейд. Орусия, 27-октябрь, 2023-жыл

Мигранттардын артынан сая түшкөн орус бийлиги

Le Monde 27-октябрда Москва армиясынын катарын толуктоо үчүн мигранттардын артынан сая түшкөнү жөнүндө макала чыгарды.

Гезиттин орус башкалаасындагы кабарчысы Бенуа Виткин аны кыргызстандык Руслан аттуу жигиттин баянынан баштаган.

Котельники шаарындагы мечитте 20-октябрда жүргөн рейдден чочулап калган 30 жаштагы жигит полиция келгиндерди “метродон, көчөдөн, иштеген жеринен кармап кетиши мүмкүн” деп айтып берди.

Мигранттарды кармоо учуру. Москва, июль, 2023
Мигранттарды кармоо учуру. Москва, июль, 2023

Июлда документ текшеребиз деген шылтоо менен тартип коргоочулар Москванын четиндеги имараттын биринчи кабатында жайгашкан мечитке кирип барып, көздөн жаш агызчу газ колдонгон.

“20-октябрдагы рейд анча зордукчул болбогону менен, Орус куралдуу күчтөрүндө аскерлердин жетишпегенин, мобилизациянын жаңы толкунун алдын алуу максатында мигранттардын артынан түшкөнүн көргөздү”, - деп жазат журналист.

Кармалгандардын бири – кыргызстандык Тимур мечиттеги рейд тууралуу буларды айткан: “Текшерүүдөн кийин 4 автобус менен славян эмес кишилерди алып кетишти. Аскерик базага чейин бир жарым сааттай жол жүрдүк. Ошол жактан Коргоо министрлиги менен келишимге кол коюшуңар керек деп түшүндүрүштү. Мен чоң үй-бүлөнү жалгыз бакканым үчүн бир нече күндөн кийин аскердик комссариатка барам деген убада менен кое беришти”.

Басылма укук коргоочу Валентина Чупиктин маалыматына таянып, ал күну мечиттен тышкары Котельникидеги эки базарда да рейддер жүргөнүн жазды.

Ал окуя Мамут Усеинов деген жигиттин постторунан кийин резонанс жараткандан соң күч жана аскердик органдар документтерди текшерүүнү көздөгөнүн билдирди. Былтыр ноябрда кабыл алынган мыйзамга ылайык, орус жарандыгын алган чет элдиктер 30 жашка чыга элек болсо, армияда кызмат өтөөгө милдеттүү. Бирок жаңы алынгандарды согушка салууга болбойт.

Чупиктин айтымында, укуктарын билбеген, өз көлөкөсүнөн корккон мигранттарга ушинтип келишимдерге кол койдурушат, кээде түрмөгө камайбыз деп опузалашат.

15 жылдан бери Москвадагы иштеп жүргөн Тимур мурда орус паспортун алуу мигранттар үчүн чоң кыял болсо, “эми орус жарандыгы чоң коркунучка айланганын” айтат. Ал өзү Украинадагы согуш башталардын алдында паспорт алган.

Автор Орусия согушка барабыз дегендерге жарандыкты тез жана жөнөкөй жол менен берүүгө тууралуу убада берип жатканын да эске салат.

Макалада андан ары Борбор Азия жана Кавказдан барган мигранттарды урушка күчкө салып же алдап тартышканы, "мушташты, мыйзам бузду, полицияга баш ийген жок деген шылтоо менен мажбурлап жатышканы" баяндалган.

Казакстан тууралуу тараткан дезинформация

Eurasienet 25-октябрда орусиялык булактар Казакстанга байланыштуу жалган маалымат таратканын жазды. Журналист Алмаз Куменов баяндагандай, “Московский Комсомолец”, “Аргументы жана факты” өңдүү салмактуу гезиттер Алматыда “НАТОнун бейпилдик күчтөрүн машыктыруу борбору” ачылды деген кабар тараткан. Макалалар АКШнын Астанадагы элчиси тасманы кесип жаткан сүрөт менен коштолгон. Мындай маалыматты биринчи болуп Орусиянын Украинадагы согушун кубаттаган жана колдогон материалдарды чыгарып жүргөн Телеграм канал жарыялаптыр.

Казакстандын Коргоо министрлиги дароо реакция кылып, сөз болгон салтанат мекеме 2006-жылдан бери иштетип келаткан Тынчтык орнотуу күчтөрүнүн борборундагы жыйындар залынын ачылышына арналганын билдирди.

АКШнын Алматыдагы Башкы консулдугу ал зал Американын каржылоосу менен курулганын, казак тараптын бейпилдик күчтөрүн машыктыруу мүмкүнчүлүктөрүн арттырууну көздөй турганын белгиледи.

"Буга карабай орусиялык "ура-патриоттор" Москванын жакын өнөктөшү Батыштын аскердик блогуна ыктап жатат деген постторун токтоткон жок", - деп улантат журналист. Алсак, Телеграм каналды тескеген Александр Сладков “НАТО Казакстанга жетти” деп туталанып, Казакстан жакын кошунасын эмес, алыскы кооптуу күчтүтандады” деп жазган. Баса, анын бир миллиондой катталуучусу бар экен.

Андан ары айтылгандай, кремлчил комментаторлор чара көрүү керектигин, этникалык орустар көп жашаган Казакстандын түндүгүн “бошотууну” ачыктан ачык эле талкуулап жатышты.

Автор жок жерден ойлоп табылган окуяга мындай реакция Казакстан СССРден көз карандысыдыгын жарыялаган Жумурият күнүн белгилеп жаткан учурга дал келгенин жазат. Орусиянын Астанадагы элчилиги майрам менен куттуктап, Москва “Казакстандын суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн коргоого жардамдашууга даяр” деп билдирди.

Премьер-министр баштаган аялдар иш таштады

24-октябрда Исландияда премьер-министр баштаган он миңдеген аял бир күнгө иш таштады. Муну менен алар аялдар менен эркектердин эмгек акысы бирдей болбогонуна, аялдардын жумушта жана үй-бүлөдө дискриминацияга кабылганына нааразылыгын билдиришти. Уюштуруучулар мындай ири акция Исландияда 48 жылдан бери боло электигин белгилешет.

The New York Times геизити сөзгө тарткан Исландиянын Мамлекеттик кызматкерлер федерациясынын басма сөз катчысы Фрейя Стейнгримсдоттирдин айтымында, өлкө гендердик теңдик жагынан алдыңкылардан болуп эсептелгени менен, чыныгы теңдикке жетүү үчүн дагы далай иштер жасалууга тийиш.

Федерация ал күнү үй кожойкелерди, бала менен отурган энелерди да иш таштоого чакырган. Өкмөт башчы Катрин Якобсдоттир кабинеттеги башка министрлердей эле акцияга кошуларын айткан.

Исландиянын премьери Катрин Якобсдоттир
Исландиянын премьери Катрин Якобсдоттир

Гендердик дискриминациядан, асыресе аялдарга эркектерге караганда аз маяна төлөө өңдүү маселелерден тышкары өнөктүк кыз-келиндерге зомбулук көргөзүү көйгөйүнө көңүл бурууну көздөдү. Уюштуруучулардын бири Дрифа Снедал: “Теңдик үчүн күрөш гендердик зомбулуктун азайышына алып келген жок”, - деп гезиттин кабарчысына билдирди.

Исландияда аялдар 1975-жылы биринчи жолу 24 саатка иш ташташкан. 25 миң киши Рейкьявикте жүрүшкө чыгып, мектептер, театрлар жабылган, жүргүнчүлөрдү тейлеген стюарддардын басымдуусу аялдар болгондуктан, улуттук авиа компания каттамдарды аткарган эмес.

Ошол эле маалда бул арал мамлекет гендердик ажырымды жоюу жагынан 14 жыл катары менен Дүйнөлүк экономикалык форумдун рейтингинде биринчи орунду ээлеп келатат. 2018-жылы Исландияда компаниялар менен өкмөттүк мекемелер аялдар менен эркектерге бирдей эмгек акы төлөнөрүн далилдеп турушу керек деген мыйзам кабыл алынган.

Бирок, басылма жазгандай, теңсиздик кала берүүдө. Жогоруда айтылган рейтингге караганда, 2021-жылы жогорку кызматтарды ээлеген аткаминерлер арасында аялдардын саны азайган. Аялдардын орточо маянасы эркектер менен салыштырганда 21% аз. Изилдөөлөр кыз-келиндердин чейреги зордуктоого же сексуалдык ыдыкка туш болгонун көргөзгөн.

Иш таштоонун уюштуручулары эркектер дагы бала багууга жана үй жумушун аткарууга көбүрөөк тартылууга тийиш деп белгилешти.

XS
SM
MD
LG