Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:48

Бээжин башка президенттердин кеңешчилерине эмнеге кызыгат?


Кытай - Борбор Азия дипломатиясы, 19-май, 2023-жыл.
Кытай - Борбор Азия дипломатиясы, 19-май, 2023-жыл.

Кытай өкмөтүнүн буга чейин анализденбеген миңден ашуун документи Бээжин авторитардык саясий моделин Глобалдык Түштүктөгү өлкөлөргө, ошондой эле Чыгыш Европага жана Борбор Азияга атайын мамлекеттик билим берүү программалары аркылуу кантип жайылтып жатканын көрсөтөт.

Бээжин өзүнүн авторитардык системасын сыртка жигердүү экспорт кылып жатканы тууралуу талкуу ондогон жыл бою уланып келатат. Кытай бийлигинин буга чейин беймаалым болгон көптөгөн өкмөттүк документтерине негизделип жарыяланган баяндама Кыргызстандын чоң коңшусу өз моделин башка өлкөлөргө кантип таратып жатканын айгинелейт.

13-июнда Вашингтондогу "Атлантика кеңеши" аналитикалык борбору жарыялаган жаңы баяндама Кытайдын соода министрлигинин 1691 файлынын негизинде даярдалган. Бул документтер интернетке 2021-2022-жылдары жарыяланган. Аларда чет элдик аткаминерлерди окутуп, тажрыйба алмашууга багытталган 795 өкмөттүк программа камтылган. Ал программалар Чыгыш Европада жана Глобалдык Түштүк деп аталган топко кирген Латын Америкасы менен Африкадагы, Азиядагы мамлекеттерге Кытайдын экономикалык жана саясий идеяларын жайылтууга жана башкаруу моделин сүрөөгө багытталган.

"Бул эксперттик чөйрөдө кеңири жайылган көз карашты чындап бекемдей турган далил, - дейт "Атлантика кеңешинин" Кытай борборунун илимий кызматкери Нива Яу. Эми биз Кытайдын ичиндеги пландоо жана так жасалчу иштер боюнча документтерге таянып, ошол көз карашты тартуулай алабыз".

Кытай аткаминерлери Бээжин өзүнүн авторитардык башкаруу системасын экспорт кылып жатат дегенди бир нече ирет четке каккан. Анткен менен Вашингтондо жарыяланган докладдагы өкмөттүк документтердин топтому Кытайдын өз башкаруу моделинин жетишкендиктерин Глобалдык Түштүктүн аткаминерлерине сатуу аракетинин олуттуу далили экенин көрсөтөт. Бээжин ошондой эле көздөгөнүн тездетүү үчүн жаңы демилгелерди көтөрүп, иштиктүү программаларды жүзөгө ашырып жатат.

Кытай модели

Кытай коммунисттик партиясы (ККП) 70 жылдан ашуун өлкөдө бийлик жүргүзүп, авторитардык саясий башкарууда мамлекеттик капиталисттик системага таянган моделди колдонуп, экономикалык секирик жасаганы байкалат.

Мындай системаны дүйнөдөгү башка өлкөлөргө да жайылтуу Бээжинге достук мүнөздөгү өлкөлөр менен авторитардык блок түзүүгө өбөлгө болуп берет. Мындай шартта Бээжин глобалдык институттарды кайра караштырып, Батыштын Кытайдын соода-сатык системасын сындап, аймактык бүтүндүк, адам укуктары маселелелерин көтөрүп, экономикалык санкцияларды киргизгенине каршы туруусуна курал болот.

Жаңы баяндамадагы көптөгөн документтер соода-сатык тармагындагы билим берүү программаларын, маселен, порттордогу чарбаны башкаруу принциптерин, АКШнын глобалдык навигациялык спутник системасына (GPS) атаандаштык иретинде түзүлгөн BeiDou системасын, ошондой эле блокчейн жана башка заманбап технологияларды камтыйт.

Топтолгон файлдарды анализдей келгенде Кытайдын соода мекемесине карабаган башка тармактар да көзгө урунат. Алардын айрымдары Бээжиндин миллиардаган долларды чапчыган "Бир алкак, бир кур" инфраструктуралык долбооруна барып такалат. Ошол эле маалда чет өлкөлөрдүн Кытайдын саясатындагы этностук азчылыктарды интеграциялоо, медиа каражаттарын башкаруу, чет мамлекеттердин президенттеринин кеңешчилерине багытталган Кытайдагы башкаруунун жаңы иш ыкмаларын камтыган программалары бар.

Программалар эки тараптуу макулдашуулар, тигил же бул географиялык аймактарда, бир тилде сүйлөгөн өлкөлөрдүн тобуна багытталган Кытай жетектеген аймактык уюмдар аркылуу түзүлөт.

Маселен, көпчүлүк документтер көрсөткөндөй жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилерине, университеттердин ректорлоруна, "орус тилдүү өлкөлөрдөгү" саясий кеңешчилерге, Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) кирген өлкөлөр үчүн иштелип чыккан программалар бар. ШКУга Кытай, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Пакистан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан кирет.

Кытайдын соода министрлигинин 2021-жылкы "орус тилдүү өлкөлөрдүн" өкмөттүк кызматкерлерин окутууга, тажрыйба алмашууга багытталган программасы
Кытайдын соода министрлигинин 2021-жылкы "орус тилдүү өлкөлөрдүн" өкмөттүк кызматкерлерин окутууга, тажрыйба алмашууга багытталган программасы

Яу айткандай, бул программалар Глобалдык Түштүктүн өлкөлөрүнө соңку 30 жылда Кытай ыкчам түрдө жетишкен экономикалык прогресс өлкөдөгү "авторитардык башкаруунун түздөн-түз жемиши" деген ойду жеткирүүнү көздөйт.

"Бул документтер Кытайдын экономикалык ийгилигин камсыздаган ноу-хауну гана эмес, Кытай коммунисттик партиясынын башкаруу ыкмаларынын түздөн-түз ийгилиги деген идеяны жайылтуу", - дейт эксперт.

«Чалгын маалыматтарын жыйноо»

Дүйнөдөгү бир катар өкмөттөр чет өлкөлөрдүн адистери менен тажрыйба алмашууну колдосо, Яу топтогон документтердин көбү Бээжин улуттук медиа каражаттарын, мыйзамга байланыштуу иштерди жана интернеттеги маалымат агымын тескөө, демократиялык эмес ыкмаларды жактаганы супсак кеңсе тилинде жазылганын көрсөтөт.

Яу докладда белгилегендей айрыкча аткаминерлерге багытталаган көптөгөн программалар "чалгын маалыматтарын жыйноону" көздөгөндөй таасир калтырат. Анткени ар бир катышуучудан буга чейин кандай пограммаларга катышканын, кайсы чет мамлекеттер менен кайсы тармакта, кандай темада кызматташканын ийне-жибине чейин жазып берүүнү" талап кылышат.

Адистин айтканына караганда прграмманын мындай талабы бир нече максатты - оболу, чет өлкөлүк аткаминерден маанилүү маалымат топтоо болуп саналат. Ошондой эле ар бир программага катышкан аткаминердин саясий көз карашы канчалык ачык экенин баалоого мүмкүнчүлүк түзөт.

"Бул [кытай тарапка] тигил же бул кишини Кытай менен анын өлкөсүнүн андан аркы кызматташтыгында ортомчу катары колдонууга болобу же жокпу чечүүгө жол ачат", - дейт адис.

Кытай өкмөтүнүн чет өлкөлүк өкмөттөр жана алардын аткаминерлерин окутуу программалары ККПнын алдындагы Эл аралык байланыштар агенттиги аркылуу ондогон жыл бою жүзөгө ашырылып келет.

Кытай Борбор Азияны бооруна тартабы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:19:22 0:00

Агенттиктин адаттагы милдеттерине бир партия же коммунисттик түзүмдөр башкарган өлкөлөр менен алака-катышты өнүктүрүү кирсе соңку жылдары мекеме дагы кеңейип, Казакстан жана Сербия сыяктуу өлкөлөрдүн жогорку даражалуу аткаминерлери менен жолугушууларды өткөрдү.

Баяндамада кытай өкмөтүнүн башка мекемелери дагы ушул сыяктуу чет өлкөлүк аткаминерлер менен тажрыйба алмашуу программаларын баштаганы да камтылган.

Яу белгилегендей, Кытайдын соода министрлигинен сырткары соңку үч жылда бери дегенде 10 министрлик жана мекеме чет өлкөлүк аткаминерлер үчүн өзүнүн окутуу программасын киргизди.

Жаңы анализденген материалдар жана башка далилдер Бээжиндин саясий моделин чет өлкөлөргө экспорттонун өнүттөрүн ачык-айкын көрсөтөт. Кытайдын дүйнөгө таратып жаткан мындай аракетинин таасири азарынча сезилерлик байкалбайт.

"Бул документтерден Бээжиндин алдына койгон максатын көрө алабыз - дейт Яу. - Балким азырынча анын кесеепти тууралуу сөз кылуу эртелик кылар, бирок 2010-жылдардын этегинде мындай программалар олуттуу түрдө кеңейип, Глобалдык Түштүктүн бардык өлкөлөрүнөн миңдеген аткаминерлерди камтып жатат".

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу Орусияны обочодо калтырабы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:27:34 0:00

XS
SM
MD
LG