Казак бийлиги курал-жарак экспортун бир жылга токтото турганын кабарлады. Азырынча бул чечимдин себеби айтыла элек. Ал эми президент Касым-Жомарт Токаев Алматыда бомбадан баш калка кылуучу жайларды курууга тапшырма бергени кабарланды.
Казакстан 2023-жылдын августунун аягына чейин аскердик продукцияларды чет жакка экспорттоону убактылуу токтото турган болду. Бул тууралуу чечим Коргонуу өндүрүшү боюнча мамлекеттик комиссиянын отурумунда кабыл алынды.
Мындай сунушту Өнөр жайды жана инфратүзүмдү өнүктүрүү министрлиги бергени гана кабарланды. Бирок анда курал-жаракты сатууну токтото туруунун себептери так айтылган жок.
Ушул айдын башында экспорттук көзөмөл жүргүзгөн бул министрлик Кремлдын саясатын жүргүзгөн бир катар Телеграм-каналдарындагы "Улуу Британия Украинага Казакстандан курал жана ок-дарыларды сатып алып жатат" деген маалыматты четке каккан. Мекеменин маалыматы боюнча, казакстандык "Техноэкспорт" компаниясы 2021-жылдан бери курал-жаракты экспорттоого лицензия алуу үчүн кайрылган эмес.
Казакстандын курал-жарак экспортун токтотуп жатканы тууралуу кабарлар Орусиянын Украинадагы чабуулу уланып жаткан маалга туш келди. Саясий жана экономикалык жактан Орусиянын жакын өнөктөшү деп саналган Казакстан Москванын аракеттерин расмий түрдө айыптаган эмес жана нейтралитет позициясын карманып келет. Ошол эле учурда президент Касым-Жомарт Токаев июнь айында орус президентинин катышуусунда Санкт-Петербургда өткөн экономикалык форумда Казакстан Донбасстагы жикчил түзүмдөрдү тааныбай турганын айткан.
Казак-орус алакасы арсар
Эл аралык тынчтык үчүн Карнеги фондунун илимий кызматкери Темур Умаров расмий Нур-Султандын курал-жарак экспорту тууралуу соңку чечими Кремл менен Акордонун мамилесине доо кетире турганын айтууда.
"Украинадагы согуш башталгандан тарта Казакстан кайсы бир тарапка жан тартпай, кризисти тынчтык жолу менен чечүүгө чакырып келген. Бирок бүгүнкү күндө Орусияда көп адамдар Казакстандын аракетин тилектеш өлкөгө татыксыз кадам деп эсептейт".
СССР чачырагандан кийин Казакстан коргонуу өндүрүшүндөгү ондогон ишканаларды мурастап калган. Алар негизинен Аскердик-деңиз күчтөрдү куралдандыруучу, танктарды, атуучу куралдарды, ракеталык системаларды жана абадан коргонуу системаларын жабдуучу каражаттарды чыгарууга адистешкен.
Жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары мартта өлкөдө 300 чакырымга чейинки аралыкка жапырт аткылоочу реактивдүү системалар, ракеталык комплекстер чыгарылып жатканын, заводдор Израилдин технологиясы менен иштеп жатканын маалымдаган.
Алматы: бомбадан баш калка кылуучу жайлар кайра курулат
Ал арада бир нече күн мурда казакстандык журналисттер президент Касым-Жомарт Токаев Алматыда бомбадан баш калка кылуучу жайларды курууга тапшырма бергенин жазып чыгышкан.
26-августтагы жыйында Алматынын акими Ерболат Досаев бомбадан жашынуучу жайлар жөнүндө сөз кылып, калаа сейсмикалык зонада жайгашканын эскертти.
"Бул бир гана геосаясий кырдаалга байланыштуу эмес. Биз сейсмикалык зонада турабыз, шаар ар кандай кырдаалдарга даяр болушу керек. Атайын программа иштелип чыгат, үч жыл ичинде аны керектүү стандартка жеткирүүгө аракет кылабыз".
Ал эми "Медиазона" басылмасынын маалыматы боюнча, СССР тарагандан кийин Алматыда 300гө жакын бомбадан баш калка кылуучу жай сакталып калган. Бирок, көбүнүн абалы начар. Айрымдарын суу каптап, кээ биринин дубалдарын, эшик-терезе, желдеткич жана электр энергиясын оңдоп-түзөөгө муктаж.
Орусия Казакстандын эң негизги соода өнөктөшү катары саналат. Туңгуч президент Нурсултан Назарбаев Орусиянын президенти Владимир Путин менен тыгыз байланышта болгон.
Адистер 2019-жылы бийликке келген Касым-Жомарт Токаев администрациясы менен Кремлдин алакасында соңку айларда олку-солку жагдай байкалып жатканын айтып келет. Токаевдин расмий Нур-Султан Украина чыгышындагы Орусия колдогон жикчилдерди тааныбай турганы жөнүндө билдирүүсү да пикир келишпестикке жол ачканы белгиленип жүрөт.
Токаев Сантк-Петербургдагы форумда сүйлөгөн бул сөзүндө орусиялык саясатчылар менен серепчилерди сынга алып, аларды Казакстанга ачык чабуул жасоо менен эки өлкө ортосунда “араздашууну” жаратты деп айыптаган.
Мындай окуяларды улай жакында Казакстан коргонуу бюджетин көбөйтүп, аскердик доктринасын өзгөртүүнү чечти. Расмий маалыматка ылайык, 2022-жылы казк бийлиги коргонуу тармагына бир триллион теңге бөлдү. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 303,7 миллиардга көп. "Азаттыктын" казак кызматы жазгандай, быйыл Казакстанда армияга жазгы чакыруу да бир кыйла катаал режимде өттү. Айрым аймактарда аскер комиссариатынын өкүлдөрү студенттерди окуу жайларынан күч менен алып кетип жатты.