Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:27

ИМге азгырылган казакстандык беларус


Николай Лазаренко.
Николай Лазаренко.

Ислам динин кабыл алып, ал тургай Сириядагы согушка катышып келген беларус улутундагы казак жараны укук коргоо органдарына багынып берди. Өзүн мусулман деп санаган 24 жаштагы Николай Лазаренко азыр Казакстанда түрмөдө отурат.

Казакстандын «Жусан» программасынын алкагында Сириядан кайтарылып келген Николай азыр түрмөдө отурат. Ал Сирияга барып келген тарыхын «Азаттыкка» айтып берүүгө макул болуп, өзүн сүрөткө да тарттырды. Николай азыр диний радикал көз карашынан кайтканын, бирок ислам дининде кала бергенин жашырбайт.

Николай Казакстандын Караганда облусунда туулуп-өскөн. 9-классты аяктагандан кийин коллежге кирип, автомеханик адистигине окуган. Акчанын жетишсиздигинен улам коллежди 3-курстан таштап койгон. Дал ошол коллежде окуп жүрүп ислам динине кызыккан. Көп өтпөй ислам динин кабыл алып, мусулман болгон. Набайканада иштеген. Мурда соттолгон эмес, үйлөнө элек. Спорт менен машыгып, ичпей, чекпей апасы жана чоң апасы менен бирге жашаган. Ислам динине өтө кызыгып отуруп, дин жөнүндөгү маалыматтарды негизинен Интернеттен алган. Бара-бара орус тилинде даабат айткан орус тилдүү радикал имамдарды тапкан. Акыры апасына «Магаданга барып иштеп келем» деп, Түркия аркылуу Сирияга аттанган.

- 2013-жылдан бери Карагандадан Сирияга көбү кеткенин мен ошол жакка барганда билдим, - дейт ал. - Арасында менин тааныштарым да бар экен. Биздин катабыз - ачууга ашыкча алдырганыбыз болгон. Интернеттеги имамдар Сириядагы мусулмандарга жардам берүүгө же жок дегенде фонд ачып, каражат топтоп жиберүүгө үндөп жатышкан. Биздин Карагандадагы уюмубузда жүздөн ашык адам бар эле. Алардын баары эле Сирияга барууну каалашкан жок. Куралдуу жихадды колдобой турушту. Мен деле көп ойлондум. Сирияга барсам, кайра келе албай турганымды түшүнүп турдум. Ошентип 2013-жылдан 2016-жылга чейин Сирияда аялдар зордукталып, балдар өлтүрүлүп жатканы тууралуу Интернеттен баяндарды угуп жүрдүм. Мен ошого ишендим. Ал видеолор чындыкка эч кандай тиешеси жок экенин эми гана түшүнүп отурам.

Николай «Ислам мамлекети» тобунун азгырыгын кадимки тор соодага окшоштурат. Ал 2016-жылы Сирияга кетүүнү чечип, жол киреге акча топтой баштаган. Паспорт алып, Сирияга ким аркылуу, кандай жолдор менен барууну пландай баштаган. Ошол жылдын ноябрында Түркияга учуп, андан ары Сирияга жеткен. Сирияда бир ай идеологиялык даярдыктан, андан соң кадимки аскердик даярдыктан өткөн. Николайды өзу сыяктуу эле казакстандыктардан түзүлгөн топко кошуп, Ракка шаарына киргизишкен.

- Бизге кайсыл жерди атуу тууралуу маалымат түшүп турган, - деп сөзүн улады Николай. - Алгач күрд кошуундарына каршы согушуп жаттык. Кээде алар чабуул коюшчу, кээде биз чабуулга өтчүбүз. Биз чегинип отуруп, шаардын борборуна жетип калдык. Ошондо чындап коркунучтуу боло баштады. Бирок артка жол жок эле да. Куралды таштап, согушуудан баш тартсаң түрмөгө камашмак же дароо эле атып салышмак. Күрд кошуундары менен согуш токтогондон кийин «Ислам мамлекети» тобунун лидерлери бийлик талашып, бири-бирине каршы иштеп жатышты. Бири-бирин өлтүргөнгө чейин барып жатышты. Айткандары башка, кылгандары такыр башка болуп жатты. 2018-жылы 15 казакстандыктан түзүлгөн топтогулар качууну ойлоно баштадык. Бирок ага акча жок эле. Апамдан акча сурагандан уялдым. Багынуудан корктум.

Ошентип отуруп Николай 2019-жылы 12-февралда «Казакстан өз жарандарын кайтарып алып кетип жатыптыр» деген сөздөрдү угуп, күрд кошуундарына багынып берген. Дал ошол учурда Казакстандын атайын кызматтары «Жусан» программасынын экинчи этабын аткарып жатышкан. Ал тергөө менен кызматташып, Сириядагы казакстандыктар менен бирге кайтып келген. Азыр ислам дининде калганын, бирок мурунку радикал көз карашынан баш тартканын айтууда.

Казак бийлиги «Жусан» программасынын алкагында Сириядан 600дөн ашык казакстандыкты кайтарып келген. Алардын ичинен 400ү балдар.

Сирияда «Ислам мамлекети» тобунун курамында эки жылдан ашык согушуп жүрүп багынган Николайды Казакстандын соту 8 жылга эркинен ажыраткан. Ал азыр абактагы цехке ишке орношкон.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG