Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:25

Казак адвокатын күчтөп дарылашууда


З.Мухортова Астанадагы ооруканадан чыккан учурда, 1-ноябрь, 2013
З.Мухортова Астанадагы ооруканадан чыккан учурда, 1-ноябрь, 2013

Казакстанда адвокат Зинаида Мухортованы шаршембиде кайрадан күчтөп психиатриялык ооруканага жаткырышты.

Зинаида Мухортованы тууганына келген жерден кармап кетишкен. Адвокат буга чейин да “депутатка жалган жалаа жапкан” деген негизде кылмыш жоопкерчилигине тартылып, “жөөлүгөн абалда” деген негизде бир нече ирет психиатриялык дарылоого мажбурланган.

Мухортованы кайрадан ооруканага күчтөп алып кетишкенин “Азаттыкка” анын тууганы 2-июлда кабарлап, 57 жаштагы адвокатка келген беш-алты эркек өздөрүн алгач “электрик” деп тааныштырганын, кийин күч менен аны машинеге салып кетишкенин айтты.

Балхаштагы шаардык психиатриялык оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Рысбек Искаков адвокат Мухортова аларда дарыланып жатканын ырастады. Бирок ал адвокатка “күч колдонулганы” жөнүндө маалыматты четке кагып, “биз полиция эмеспиз, медицина кызматкерибиз” деди.

Искаковдун айтымында, Зинаида Мухортова сөзсүз дарылануудан өтүшү керектиги жөнүндө соттун февралда чыгарылган чечими бар. Анткен менен адвокат арадан беш-алты ай өтсө да, ооруканага өз ыктыяры менен келбей койгон. Ага “жөөлүгөн абалда” деген диагноз коюлган, муну 22 догдур ырастап кол койгон. Ал төрт ирет экспертизадан өткөн. Көптөгөн дарыгерлер анын абалын текшерүүлөргө алган”, - дейт Искаков.

Балхаштык адвокат жана анын жактоочулары мунун баарын четке кагып, ага каршы жазалоо өнөктүгү 2009-жылдан бери эле жүрүп келатканын айтышат.

Учурда Мухортованын адвокаты Амангелди Шорманбаев “күч колдонулган же колдонулбаганын” текшерип жатканын, эгер ал тастыкталса, анда ал полицияга арыз менен кайрыларын айтты. Шорманбаев Мухортовага каршы азыркы аракеттер чынында соттун чечими менен болуп жатканына карабай, “саясий максатты көздөгөн” иш деп билерин кошумчалады.

Казакстандын мыйзамдарына ылайык, нерв системасынын оорусуна байланыштуу өзүн такыр көзөмөлдөй албагандар гана күчтөп дарыланышат. Шорманбаев азыр Мухортовада андай көрүнүштөр жок экенин белгиледи.

Зинаида Мухортова ага карата колдонулган мажбур дарылоону “мыйзамсыз” деп, өлкөнүн Жогорку Сотуна кайрылган эле, бирок май айында аны сот четке какты. Эми анын жактоочулары Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылганы жатышат.

2009-жылы ал Балхаштагы айрым тургундар менен биргеликте президент Нурсултан Назарбаевге жана “Нур Отан” партиясына өздөрүнүн регионунан чыккан депутатка каршы кат менен кайрылышкан. Депутатты “соттун иштерине кийлигишкен” деп айыптаган тургундардын өздөрүнө каршы кийинчерээк кылмыш ичи ачылды. Адвокат Мухортованын өзүнө каршы “Жалган жалаа жапты” деген айып тагылып, бирок догдурлар аны “жөөлүгөн абалдагы оорулуу” деп табышкандыктан, түрмөгө отургузулбай, ооруканага жаткырылган.

Акыркы ирет ал былтыр 8-августтан 1-ноябрга чейин ооруканага жаткырылып, Астанадагы психиатриялык ооруканадан чыгарылганда биздин кабарчыбызга сүйлөгөн эле: "Адам үчүн эң эле коркунучтуусу – бул эркиндикти жоготуу, - деген адвокат. - Эми азыр сыртка чыгып, ушул абадан кере дем алып, үч айдан бери биринчи жолу өзүмдү эркин куштай сезип турам".

Адам укугун коргоочу эл аралык уюмдар Зинаида Мухортованын абалына тынчсызданып турушканын айтып, бир канча ирет казак бийликтерине кайрылышкан. Алар адвокатты саясий негизде жазаланып жатат деп эсептешет.

  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG