Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:59

Рысмендеева: Ордо - мамлекет башкарууну туюнткан оюн


Назгүл Рысмендеева "Чүкө жана ордо оюндары" китебин Чехиядагы кыргызстандыктарга тааныштырып жатат. 29-июнь, 2024-жыл. Прага.
Назгүл Рысмендеева "Чүкө жана ордо оюндары" китебин Чехиядагы кыргызстандыктарга тааныштырып жатат. 29-июнь, 2024-жыл. Прага.

Тарых илимдеринин кандидаты Назгүл Рысмендеева Чехиядагы кыргызстандыктар менен "Чүкөнүн сакралдуу дүйнөсү" деген жолугушуу уюштурду. Анда өзүнүн "Чүкө жана ордо оюндары" китебин тааныштырып, чүкөнүн тарыхы, ар багыттуу мааниси тууралуу кеңири айтып берди.

Рысмендеева жолугушуу жана китеби тууралуу "Азаттыкка" маек курду.

- Назгүл айым, Чехиянын баш калаасына кош келиптирсиз. Сизди “Азаттыктын” Прагадагы студиясында көргөнүбүзгө кубанычтабыз. Бул жакта мекендештерге “Чүкө жана ордо оюндары” деген китебиңизди тааныштырып, “Чүкөнүн сакралдуу тарыхы” деп аталган жолугушуу өткөрдүңүз. Бул иш-чаранын максаты кандай эле?

- Аталышы айтып тургандай, чүкөнүн ыйык дүйнөсү тууралуу баяндап бергим келди. Негизи эле бул темага кандайча кайрылып калганымдын себебин айтып берейин. Адегенде чүкөнү оюн каражаты катары изилдей баштадым. Кийин казып отуруп, бул бери эле жагы экенин көрдүм. Башында кыргыз элинин чүкө оюндарын алдым.

Изилдеп отуруп, чүкө оюндары кыргыздар эле эмес, көчмөндөр эле эмес, түрк тилдүүлөр эле эмес, бүт дүйнө жүзүндөгү эл ойногон оюн экенин көрдүм. Неолит доорунан бери, андан аркы аңчылык доорунан бери, башкача айтканда, адам баласы аң-сезимдүү чарба жүргүзө баштаганда эле пайда болгон.

Мына ошол чүкөнүн бүгүнкү күнгө чейин жашап келишинин өзү ага өзгөчө сый мамиле жасалышы керектигин, аны дагы иликтеп, анализдеп, каза турган көрүнүш экенин айгинелеп турат. Мисалы, атайын бир нерсени таңуулап, жашатсаң, мынча узак өмүр сүрө албайт. Баарыбызга белгилүү эле СССРди алалы, болгону 70 жыл жашады. Ал эми чүкөнү эч ким мажбурлабай эле, таңуулабай эле канчалаган кылымдардан бери бүгүнкү күнгө чейин сакталып келет.

Демек, мында кандайдыр бир ыйык, сакралдуу бир маани жатат дегенди далилдеп турат. Мына ушунун баары кызык болуп, мен чүкө дүйнөсүнө кирип кеттим. Биздин чет жактагы мекендештер деле изденүү үстүндө жүрүшкөндөй. Алардын мекенине, өзүлөрүнүн улуттук каада-салттарына болгон сагынычы, кусалыгы башкача. Мекени, тарыхы тууралуу маалыматка муктаж.

Биз бир нерсе бербей туруп эле, журтташтардан патриот болуусун талап кыла беребиз. Ар бир адам өзүн канчалык тааныса, өзгөнү ошончолук сыйлайт. Ал эми өзүн таануунун негизги жолдорунун бири ушул. Канчалык көп маалымат алса, ошончолук жакшы. Мына ошол себептен ушундай жолугушууну уюштурууну чечтик. Венада жана Парижде да ушундай иш-чара өткөрөлү деп турабыз.

Назгүл Рысмендеева Чехиядагы кыргызстандыктарга чүкө тууралуу айтып берип жатат. 29-июнь, 2024-жыл. Прага.
Назгүл Рысмендеева Чехиядагы кыргызстандыктарга чүкө тууралуу айтып берип жатат. 29-июнь, 2024-жыл. Прага.

- Эмне себептен сиз айтып өткөндөй оюн каражаты катары сөөктүн башка бөлүктөрү эмес, чүкө тандалып калган?

- Ушул жери да абдан кызык экен. Окумуштуулар 20 миллион жыл илгерки сөөктүн кичинекей бөлүгүн таап, изилдеп, андан алынган маалыматтан динозаврдын скелетин тургузуп коюп жатышпайбы. Анын сыңарындай, маалыматтын баары сөөктө камтылат. Ал эми чүкө - бул жөн гана сөөк эмес, эки сөөктү бири-бирине кошуп турбайбы. Ал болбосо, кыймылдабай калат да. Азыркы тил менен айтканда, бул бир ааламдаштыруучу каражат болууда.

- Сиз китебиңизде чүкөнүн ааламдашуусу тууралуу темага бир бөлүмдү арнаган экенсиз. Дегеле чүкөнү изилдей баштаганыңызга канча жыл болду? Бул китепти жазууга, илимий эмгектериңизге канча убакыт жумшадыңыз?

- Башында “Манасты” изилдөө максатым бар эле. Ал болсо жөн эле чалкып жаткан океан эмеспи. Үстүнөн кире албайсың, бир өңүтүн табышың керек. Ошондуктан көчмөндөр оюндары аркылуу изилдейин деп чечтим. Анан ат оюндары, чүкө оюндары деп өз-өзүнчө бөлүп алдым. Изилдей баштаганда эле алардын ар бири өзүнчө эпопея экенин түшүндүм. Ал эми чүкө полисемантикалык, полифункционалдык каражат экенин, оюнда эле эмес, адамзат турмушунун ар кайсы чөйрөсүндө колдонуларын билгенде, ушул темага сүңгүп кирдим. Чүкөнүн сакралдуу маанисин салыштырганда, кыргыздарда эле эмес, бүтүндөй көчмөн элдеринде, жалпы эле дүйнө элдеринде сакталган ырым-жырымдар, чүкөгө байланыштуу каада-салттар, фольклордук чыгармалар менен салыштырып көрдүм. Бардык элдерде чүкөгө карата аяр мамиле бар. Маселен, чүкөнү таштабайт, аны бирөөгө достуктун белгиси катары белек кылып берет. Монголдордун ыйык дастаны деп которулуп жүргөн "Юань Чао Би Ши" чыгармасында Чыңгызхан менен Жаму Хандын достошуусунда дагы ошол чүкө экөөнүн ортосундагы антташуунун символу катары колдонулат. Негизинен бул темага 2016-жылы кайрылгам. Ортодо турмуштук шарттарга байланыштуу токтоп калды. Кийин улантып, 2022-жылы китеп чыгардык. Киришкен соң эки жылдай тынымсыз иштедим окшойт.

Назгүл Рысмендееванын "Чүкө жана ордо оюндары" аталышындагы китеби.
Назгүл Рысмендееванын "Чүкө жана ордо оюндары" аталышындагы китеби.

- Ушунча маалыматты топтоо үчүн илимий булактардан башка дагы каякка кайрылдыңыз? Карапайым адамдар менен да иштедиңизби

- Сөзсүз. Бул этнографиялык изилдөө болду. Библиографиялык, архивдик булактарды карадык. Кол жазмаларды карадык. Андан тышкары биздин облустарыбыздагы чүкөгө байланыштуу кандайдыр бир маалыматтары бар, кызыкдар адамдар менен баарлашып, пикирлерин чогулттук. Алар менен болгон маектерди да китепке киргиздик. Чүкө жана анын сакралдуу мааниси тууралуу абдан кызыктуу маектерди беришти. Чүкө оюнунун канча түрү бар экенин өтө сейрек эле кыргыз билбесе, көбү билбейт.

Биз ар кайсы булактардан чогултуп отуруп, Кыргызстанда эле бул оюндун сексен түрү болгонун аныктадык. Мындан тышкары казактарда, монголдордо, хакастарда, калмактарда бар. Ар кандай түрлөрү бар, мисалы тестиер балдардын оюндары, андан кийин өспүрүмдөрдүн мисалы, “Сасыды”, “Кан уазир” оюндары сыяктуу тамашалуу оюндары да бар экен. Бул оюндарды ойноо менен жаштар, тактап айтканда, кыз-жигиттер бири-бири менен баарлашканга мүмкүнчүлүк түзүлүптүр. Анан эрлердин оюндарына ордо оюнун киргизсе болот. Эң кызыктуусу, дүйнө жүзү бүт чүкө ойногону менен, ордо кыргыздарда эле бар.

"Чүкөнүн сакралдуу дүйнөсү" деген аталыштагы иш-чарага келген кыргызстандыктар. 29-июнь, 2024-жыл. Прага.
"Чүкөнүн сакралдуу дүйнөсү" деген аталыштагы иш-чарага келген кыргызстандыктар. 29-июнь, 2024-жыл. Прага.

- Китебиңизде "Ордо - бул мамлекеттүлүктүн идеясы" деп жазыптырсыз. Ушул абдан кызыктуу ой экен, түшүндүрө кетесизби?

- Ордо тууралуу көптөгөн илимпоздордун дагы пикирин карадым. Ошондой эле коомдук ишмерлердин, буга кызыккан жөнөкөй инсандардын оюн угуп, салыштырып көрдүк. Белек Солтоноевдин дагы китебинде жазылыптыр. Актан Тыныбековдун китебинде дагы ордо мамлекеттүүлүктүн символу катары жазылган. Ордонун чийини мамлекеттин чек арасы дегенди билдирет. Оюндун өзүндө атайын ордочулардын аталыштары бар. Мисалы, чертмекчи, тоорумакчы деген сыяктуу. Анан ал жерде ар кимдин өзүнүн функционалдык милдеттери бар. Бири экинчисиникин кылбайт.

Эгерде ханды ошол чийинден сыртка чертип чыгарсаң, аны өлтүргөнгө барабар экен. Ошону менен катар эле ордо оюнунун философиялык жактан түшүндүргөнгө аракет кылган пикирлер да бар экен. Маселен, ордонун чийини - бул акыл. Ойду акыл менен ченебесең, чектеп койбосоң, ал кете берет дейт. Ордо оюну кыргыздардын, көчмөн маданияттагы элдердин дүйнө таанымынын символикасы катары да кабыл алынат да.

Назгүл Рысмендеева китебин жаш окурмандарга көрсөтүп жатат. 29-июнь, 2024-жыл.
Назгүл Рысмендеева китебин жаш окурмандарга көрсөтүп жатат. 29-июнь, 2024-жыл.

- Китебиңизде чүкөнүн музыкадагы ордуна арналган дагы бир тема бар экен. Ушул жагы да абдан кызык болуп турат.

- Чүкө адам баласы төрөлгөндөн тартып, акыркы сапарга узаганга чейин аны коштоп жүрөт. Биз изилдеп жатып, архивдик булактардан чүкө шылдырак дегенди таптык. Бирок ал бизде дээрлик жок экен. Аны конус түрүндө териден жасап, ичине чүкөнү салып, анан шалдырак кылып ойношкон. Кытайда, кытайлык кыргыздар отурукташкан Ак-Чий облусундагы музейде чүкө шылдырак деген сакталып турат, бизде жок экен. Ал дагы бир үн чыгарып, балдар үчүн музыкалык аспаптын ролун аткарып турган. Андан тышкары жетиген аспабы бүтүндөй түрк элдеринде бар. Кыргыздарда да бир кезде жоголуп кетип, жакында эле кайра пайда болду. Бул аспаптын кылдары чүкөгө бекитилген. Башкача айтканда, музыкалык аспаптарды жасоодо дагы чүкө колдонулган.

- Сиз чүкө жана ордо оюндары канчалаган кылымдардан бери жоголуп кетпей сакталып келатканын айтып өтпөдүңүзбү. Ошонун сыры эмнеде деп ойлойсуз?

- Бир улуттун идентүүлүгүн аныктаган өзүнүн бир көрсөткүчтөрү бар да. Ошолордун бири - бул каада-салты. Каада-салттын негизинде жашоо менен улут өзүнүн ким экендигин көрсөтөт. Бир эле элдин нарк-насили башка улутка жат болушу ыктымал. Ал эми чүкө - жалпы дүйнө жүзүндө кабылданган нерсе. Анан ар бир элде, мисалы, казактарда, буряттарда, хакастарда жана башкаларда чүкөгө байланыштуу ырымдар абдан көп экен. Бирок жалпы семантикасы окшош. Баарында эле чүкө тумардын милдетин аткарат экен. Демидов деген окумуштуу 1960-жылдары жүргүзгөн иликтөөгө ылайык, түркмөндөр ар кандай жамандыктан сактасын деген ырым менен кире беришке чүкө илип коюшат экен. Ал эми хакастар жүз чүкөнү чогултуп, короонун бир бурчуна көөмп, акыры миңге жеткиришет. Ал эми миңинчи жүздү короонун ортосуна жашырат. Муну менен алар малым төлдөйт, көбөйөт деп ишенет экен. Ошентип, чүкөнүн али изилдене элек сакралдуу дүйнөсү чоң экен. Чүкө ар бир кыргызстандыктын үйүндө болушу керек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG