Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:06

Вашингтондо Байден менен Нетаньяху жолугушуусу өтөт


Жо Байден жана Биньямин Нетаньяху. Архивдик сүрөт.
Жо Байден жана Биньямин Нетаньяху. Архивдик сүрөт.

АКШ президенти Жо Байден менен Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун жолугушуусу ушул айдын соңунда өткөнү жатканын Ак үй өкүлдөрү шейшемби күнү билдиришти.

Израилдин башчысы Вашингтонго 24-июлда барып, АКШ Конгрессинде Өкүлдөр палатасынын жана Сенаттын биргелешкен отурумуна катышып, Газа секторундагы операциясы боюнча маалымат берет.

Кошмо Штаттар Израилге дипломатиялык жактан колдоо көрсөтүп, анын Газадагы операциясына курал-жарак жагынан чечкиндүү жардамын берип келе жатканы менен Байден Израилдин айрым чечимдери жана кадамдары боюнча тынчсыздануусун билдирген.

Израил аскерлеринин Газадагы бомбалоосунун айрымдарын Байден «ылгабай жасалган» деп айыптаса, кээ бирлерин «ашкере» деп айыптаган. Апрель айында Газага гуманитардык жүк жеткирип барган эл аралык уюмдун бир нече кызматкери израилдик аскерлердин соккусунан мерт болгондо Нетаньяху менен телефон сүйлөшүүсүндө АКШ президенти сектордогу жай тургундардын коопсуздугун камсыздоо үчүн көбүрөөк аракет көрүүгө чакырган жана андай талабы аткарылбаса АКШнын Израилге карата саясаты өзгөрүшү мүмкүн экенин эскерткен.

Конгресстеги республикачылар бул үчүн демократ Байденди сындап, Израилге колдоону күчөтүүгө чакырышкан.

Он миңдеген жай тургундун өмүрүн алган, гуманитардык каатчылык жараткан согуштагы Израилдин аракетине жана АКШнын ага көрсөтүп жаткан колдоосуна каршы эл аралык сын да күчөөдө.

Согуш 2023-жылы 7-октябрда ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) тобу Израилдин аймагына кол салганда башталган. Ошол күнү 1200дөй киши өлтүрүлгөн, 250дөй кишини согушкерлер Газага барымтага алып кеткен.

Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемесинин соңку маалыматына караганда, ошондон бери Израилдин чабуулдарынан 38 миңдей кишинин өмүрү кыйылды, дагы көптөгөн киши уранды астында калган болушу ыктымал. Анклавдын 2,3 миллионго жакын калкынын көбү улам бир аймакка барып, качкын болуп жашоодо. Эл аралык уюмдар Газа калкын ачарчылык да тооруп турганын айтууда. Согуштун айынан Израилдин дарегине палестин калкына карата геноцид тууралуу айыптоолор айтылууда, өзү антип айтууга эч негиз жок экенин белгилеп, ХАМАСты жок кымайынча өз коопсуздугуна коркунуч сакталып тура берерин билдирүүдө. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG