Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:21

Казакстанда журналист камактан бошотулду


Игорь Винявский
Игорь Винявский

Казакстанда мамлекеттик түзүлүштү кулатууга аракет кылган деп айыпталган журналист Игорь Винявскийди 15-мартта күтүүсүздөн эле эркиндикке чыгарышканы маалым болуп калды.

Көрсө, ага мунапыс жарыяланып бошотулган экен. Бирок “мамлекеттик түзүлүштү кулатууга аракет” деген айып оор кылмыштардын катарына кирет жана андай кылмыш үчүн айыпталган кишиге мунапыс жарыяланбайт.

Винявский өзү абактан чыгып жатып айтканына караганда, жумурияттын улуттук коопсуздук боюнча тергөөчүлөрү ал айыпталган 170-берененин экинчи бөлүгү (“бир нече адамдардын тобу конституциялык түзүлүштү бузууга аракет кылышы”) боюнча далил таппай коюшкан. Ошондуктан иш ушул эле берененин биринчи бөлүгүнө алмаштырылган. Бул бөлүгү оор кылмыштардын катарына кирбейт.

Винявский быйыл январда Жаңы Өзөн шаарына баргандан кийин кармалган. Бул шаарда былтыр декабрда демонстрацияга чыккан мунайчылар менен полициянын ортосунда кагылыш болуп, 16 демонстрантты полиция атып өлтүргөн эле.

Жаңы-Өзөн окуялары боюнча түрмөгө отургузулган дагы бир адам, мунайчылардын мурдагы адвокаты Наталья Соколова да, өткөн аптада мунапыс менен эркиндикке чыгарылган болчу.

Бул шаардагы декабрдагы кандуу окуяларга байланышы бар делген ондогон адамдар камалган. Кийинчерээк алардан кабар алганы барган бир топ активисттер да “социалдык жек көрүүчүлүктү жаратып жатат” деп камакка алынышты. Винявский ушулардын катарында болчу.

15-мартта Европарламент Жаңы-Өзөн окуялары боюнча тынчсыздануусун билдирген резолюцияны кабыл алып, казак бийликтерин камалгандардын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылууга кепилдик берүүгө чакырган.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму журналист Игорь Винявскийдин камактан бошотулушун жылуу кабыл алып, муну “жакшы белги” деп атады.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG