Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:02

Еревандын чакырыгы, Бакунун жообу


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Сириялык согушчандар Тоолуу Карабакта азери тарапта согушуп жүргөнүн далилдеген маалыматтар ачыкка чыкты. Армян премьер-министри элди куралданууга чакырды.

«Conflict Intelligence Team» иликтөө тобу 21-октябрда Тоолуу Карабакта сириялык жалданма желдеттер Азербайжан тараптан куралдуу салгылашууга катышып жүргөнү тастыкталганын маалымдады.

Иликтөөчүлөр тобу социалдык түйүндөргө таркаткан видеолордо азери аскерлеринин кийимин кийген, бирок арабча сүйлөгөн куралчан адамдар Тоолуу Карабактын аймагында жүргөнүн көрүүгө болот.

«Тогуз жылдан бери токтобогон жаңжалдан улам Сирияда согушкандан башка эч нерсени билбеген эркектер өсүп чыкты», - деп жазды иликтөөчүлөрдүн бири Елизавета Цуркова «Твиттер» баракчасына.

Буга чейин BBC кызматы, «Reuters» агенттиги, CNN телеканалы, «The Guardian» жана «The Independent» басылмалары Карабактагы куралдуу кагылышка катышуу үчүн сириялыктарга 1-2 миң долларга чейин сунушталып жатканын жазышкан. «Reuters» бир миңдей сириялык Тоолуу Карабакка тартылганын, ал эми орусиялык «Коммерсант» басылмасы алардын саны миңден ашарын кабарлаган.

Расмий Баку менен Анкара Армениянын аскерлерине каршы Сириядан жалданган согушчандар ок атып жатканы тууралуу кабарларды төгүндөп келет.

Ал арада Арменияда премьер-министр Никол Пашинян «Фейсбук» аркылуу түз эфирге чыгып, шаар, айыл жана жергиликтүү башчыларды Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабына баш ийе турган ыктыярчылардан кол топтоого, элди курал-жарак көтөрүп чыгууга чакырганы маалым болду.

«Кандай гана болбосун, биз элибиздин укуктары үчүн күрөшөбүз. Бүгүн Азербайжандын позициясын эске алганда, элибиздин укуктары үчүн күрөшүү – бул колго курал алып, Мекендин укуктарын коргоого өзүңдү арноо дегенди түшүндүрөт», - деген Пашинян соңку кырдаалда дипломатиялык чечимдер жөнүндө кеп козгоонун кажети жоктугун белгилеген.

Никол Пашинян
Никол Пашинян

Буга Азербайжандын президентинин жардамчысы Хикмет Гаджиев «Баку Тоолуу Карабактагы кырдаалдын БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюцияларынын негизинде сүйлөшүүлөр аркылуу жөнгө салынышын колдорун» айтып, жооп берди. Гаджиевдин билдирүсүн орусиялык «РИА Новости» агенттиги жарыялады.

«Мындай билдирүү менен Армениянын жетекчилиги «Армения Азербайжандын оккупациялап алган аймактарын сактап калууну көздөрүн» тастыктап койду. Расмий Еревандын жаңжалды сүйлөшүү аркылуу чечүүгө даярдыгы тууралуу билдирүүлөрү жөн гана эки жүздүүлүк экенин дагы бир ирет ырастады», - деген Гаджиев.

Эки күн мурда эле ТАСС агенттигине курган маектеринде Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен Азербайжандын президенти Илхам Алиев Карабак чыры тынчтык жолу менен чечилиши керектигин белгилешип, бир үстөлгө отуруп, тынч сүйлөшүүлөрдү баштоого даяр экенин айтышкан.

Тоолуу Карабакта куралдуу чатак 27-сентябрда кескин курчуп кеткен. Эскалация үчүн Баку менен Ереван бири-бирин күнөөлөп жатат.

17-октябрда Москванын арачылыгы менен эки тарап атышууну токтотууну макулдашкан. Эки күнгө жетпей расмий Ереван колдогон Тоолуу Карабактын жикчил бийлиги аймакты азери күчтөрү түндүк жана түштүк тараптан аткылап жатканын билдирген.

Азербайжандын Коргоо министрлиги армян аскерлери Геранбой, Тертер, Агдам райондоруна, эртеси Агжабедин аймагына ок жаадырганын кабарлаган.

Бул күндөрү Европа Биримдигинин жана Түндүк Атлантикалык Альянстын(НАТО) жетекчилиги менен сүйлөшүү жүргүзүү үчүн Брюсселде жүргөн Армениянын президенти Армен Саркисян маалымат жыйынында «Түркия жаңжалга кийлигишүүнү токтотсо, Тоолуу Карабактагы кырдаалды тынчтык жолу менен чечүүгө мүмкүн болорун» белгиледи.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг өз кезегинде «Армения менен Азербайжан НАТОдо бирдей маанилүү өнөктөштөр» экенин белгилеп, куралдуу салгылашууну чукул токтотуу зарыл экенин эскертти.

Армен Саркисян менен Йенс Столтенберг маалымат жыйынында
Армен Саркисян менен Йенс Столтенберг маалымат жыйынында

Ал эми Москвада жолугушууларда жүргөн Азербайжан менен Армениянын тышкы иштер министрлери Орусиядан соң АКШга барып, Кошмо Штаттардын Мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен жолугары кабарланган.

Орусия, АКШ жана Франция - Тоолуу Карабактагы абалды жөнгө салуу боюнча Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) алкагындагы Минск тобунун теңтөрагалары. Буга чейин аталган өлкөлөрдүн жетекчилери ок атууну токтотууга жана сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырышкан.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG