Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:05

Азербайжан "Тоолуу Карабактагы жети айылды бошотконун" жарыялады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев 27-сентябрда Армения менен чек арасындагы соңку кырдаалдан улам Коопсуздук кеңешин жыйынга чогултту. Анда коргоо министри Закир Гасанов Тоолуу Карабакта Физули-Жабраил багытындагы жети айыл "бошотулганы" тууралуу маалымат берди. Алиев "азери элин, азери армиясын алгачкы жеңиши менен куттуктады" деп жазылат президенттин расмий сайтында.

Армения Тоолуу Карабактагы "бошотулган" айылдар тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Мунун алдында Ереван азери аскерлери Тоолуу Карабакка чабуул койгонун айткан. Армян өкмөт башчысы Никол Пашинян өлкөдө аскердик абал жарыялап, резервдеги кызматкерлерди чукул арада мобилизациялоону тапшырган.

Ереван Карабактагы кармашта Азербайжандын эки тик учагы, үч учкучсуз техникасы жок кылынганын кабарлаган.

Баку Арменияны азербайжандык аскерлерге жана калктуу конуштарга ок жаадырды деп айыптаган. Жарадарлар жана каза болгондор бар, бирок алардын саны тактала элек.

Тоолуу Карабакта кырдаал курчуду
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:14 0:00


Эл аралык коомчулук жаңжалдашкан тараптарды ок атышууну токтотууга, кеп-сөзгө келүүгө чакырып жатат.

1990-жылдардын башында армяндар басымдуулук кылган Азербайжандын Тоолуу Карабак аймагын Армения колдогон жикчилдер согуш учурунда ээлеп алышкан. Алты жылга созулган кандуу кармашта жалпысынан 30 миңдей адам ажал тапкан, жүздөгөн киши үй жайын таштай качкан. Буга байланыштуу эки өлкө бири-бирине эмгиче доомат артып келет жана чатакты жөнгө салуу боюнча эл аралык коомчулук ортомчулук кылган дипломатиялык аракеттерден азырынча майнап чыга элек.

XS
SM
MD
LG