Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:52

Карабак үчүн кармашта шаарлар аткыланды


Тоолуу Карабак үчүн кармаш 27-сентябрда башталган.
Тоолуу Карабак үчүн кармаш 27-сентябрда башталган.

Азери-армян аскерлеринин талаштуу Тоолуу Карабак үчүн кармашы токтой элек. Жекшембиде жикчил аймактын борбору жана айрым азери шаарлары ракетадан, артиллериядан аткыланды.

Тирешкен тараптар бири-бирин жайкын тургундарды, эл жашаган конуштарды бутага алганы үчүн күнөөлөп жатат. Түштүк Каваказда Карабак үчүн кармаш 27-сентябрда башталган жана атышууда ондогон адам каза болду.

Жикчил Тоолуу Карабак аймагынын бийлиги 4-октябрда борбор калаасы Степанакерт, анын жанындагы Шуши шаары үч күндөн бери ракетадан жана артиллериядан аткыланып жатканын, анда жайкын тургундардын өмүрү кыйылып, жарадарлар да бар экенин жана бир топ имарат кыйраганын билдирди.

Азербайжандын Коргоо министрлиги армян күчтөрүн «өлкөнүн экинчи ири шаары - Ганжаны ракета жана артиллерия менен бутага алып, чабуул коюп жатат» деп айыптады.

Азери бийлиги жекшембиде кечинде Мингячевир шаарын көздөй үч ракета атылганын билдирди. Бул шаар кармаш болуп жаткан аймактан 100 чакырым алыс жайгашкан жана ал жакта стратегиялык мааниси бар ГЭС, Кавказ аймагы үчүн маанилүү чоң дамба бар.

Баку анда бир ракета жарылып, беш жайкын тургун жарадар болгонун, экөө жарылбай калганын маалымдады. Ошондой эле дагы эки ракета Баку шаарынан анча алыс эмес Хызы жана Апшерон районун көздөй атылганын кабарлады.

Азербайжан Армениянын азери шаарларын аткылап жатканын «ачык чагым» деп атады жана ага тиешелүү жооп кайтарыларын эскертти.

Армениянын Коргоо министрлиги Ереван Ганжа, Мингячевир баштаган шаарлар бутага алынганы тууралуу маалыматты четке какты. Бирок Карабактын башчысы Араик Арутюнан Ганжадагы аскердик база бутага алынганын, бирок кийинчерээк жайкын тургундардын өмүрү кыйылбашы үчүн бул буйругун жокко чыгарганын билдирди.

Ал бул «эскертүү иретиндеги чабуул» болгонун белгилеп, эгер азери аскерлери чабуулун токтотпосо дагы башка шаарлар бутага алынарын эскертти.

«Азаттыктын» азери кызматы бийликке шилтеме кылып, Арутюнан 4-октярдагы атышууда жарадар болгонун жазды. Азери президенти Илхам Алиевдин жардамчысы Хикмат Хажиев Арутюнан бункерде жашынып жатканын, таамай урулган соккудан жарадар болгонун билдирди. Бул маалыматты бейтарап булактар ырастай элек.

Анткен менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян «оор жоготууларга карабай душманга туруштук берип жатышканын» билдирген:

«Ушул тапта биз олуттуу жоготууга учурадык - жайкын тургундар, аскерлер арасында да жоготуу болду. Бир топ аскердик техникабыз жарактан чыкты жана колдонулбай калды. Бирок душман бир да стратегиялык максатына жете элек».

Армения Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Минск тобу аркылуу сүйлөшүүгө даяр экенин билдирген. Бул топ 1992-жылы чырдашкан тараптардын сүйлөшүүлөрүнө ортомчулук кылыш үчүн түзүлгөн. Бул топко Азербайжан, Армения, Беларус, Германия, Италия, Швеция, Финляндия жана Түркия кирет.

Согуш башталгандан бери эле эки тарап тең бири-бирине урулган сокку, чабуул жана жоготуу тууралуу апыртылып, көбүртүлүп-жабыртылган маалымат берип жатат.

Ал арада азери президенти Илхам Алиев Тоолуу Карабактагы дагы бир катар аймактар «бошотулганын» жарыялап, элин куттуктады:

«Бүгүн Жебраил шаары жана Жебраил районундагы тогуз кыштак оккупациядан бошотолду. Азери элин бул тарыхый күн менен чын жүрөктөн кутттуктайм. Жебраил районун жана башка оккупациядагы аймактарды бошотууга катышкан биздин жоокерлерди, офицерлерди чын жүрөктөн куттуктайм. Алардын каармандыгы, эрдиги менен биз өз жерлерибизди кайтарып алдык».

Алиев жекшембидеги телекайрылуусунда кармашты токтотуу боюнча Армения дээрлик аткарбай турган талап койгон. Ал Ереван Тоолуу Карабактан аскерлерин чыгарып кетүү боюнча жадыбалды бекиткенден кийин гана атышууну токтоторун айткан.

Азербайжанды ачык колдоп жаткан Түркия да ушундай эле шарт коюп келет. Эл аралык коомчулук, дүйнө лидерлери тирешкен тараптарды кеп-сөзгө келип, атышууну токтотууга үндөп келет. Чырга Орусия менен Түркия да аралашышы мүмкүн деген кооптонуу чоң.

Эл аралык Кызыл чырым уюму эки тарапты тең калктуу конуштардын башаламан, ылгабай аткыланышы үчүн айыптады.

Согуш башталгандан бери 200дөн ашык адам мерт болду. Окко учкандар мындан дагы көп болушу мүмкүн, анткени Баку канча аскерин жоготконун тууралуу расмий маалымат бербей жатат.

Баку менен Ереван 1990-жылдагы Тоолуу Карабак чатагынан бери касташып келет. Армения колдогон жикчилдер 1990-жылдардын башында Азербайжандын негизинен армян улутундагылар байырлаган бул аймагын ээлеп алган. Куралдуу кагылышта 30 миңдей кишинин өмүрү кыйылган.

XS
SM
MD
LG