Азербайжан менен согушкан Армения Жаматтык коопсуздук уюмуна (ЖККУ) бир топ доомат артып, атүгүл ал өлкөдө блоктон чыгуу чакырыктары жаңырууда.
Армениялык саясат таануучу Рубен Меграбян уюм эффективдүү эмес, аны Орусия өз кызыкчылыктарына пайдалануу үчүн түзгөн деген пикирде.
- Рубен мырза, сиз ЖККУ оор кризисти башынан кечирип жатат деген ойго кошуласызбы?
- Албетте ЖККУ азыр өзүнүн жалганчы мүнөзүн ачыкка чыгарып, аны бардыгына көргөзүп койду. Аталышы, аббревиатурасындагы ар бир тамгасы калп. Себеби бирикмеде уюм да, келишим да, коопсуздук да, жамааттык да эч нерсе жок. Кризиске баткан деп айтып жатабыз, бирок анда кризис эбактан бери эле өкүм сүрүп келет.
2021-жылы 12-апрелде орус тышкы иштер министри Сергей Лавров Бакуга барып кеткенден кийин Азербайжан Армения менен чек ара тилкелеринин биринде чабуул коюу аракетин көргөн. Ошондо Ереван келишимде каралган укуктук базанын негизинде кайрылганда, ЖККУ "чек араларда демаркация жана делимитация иштери болбогондуктан силердин аймакка кол салуу болгону факт эмес" деген жоопту узаткан жана чек ара маселесин чечүүгө көмөктөшө аларын айткан.
Ошондо өзүн аскердик деп атаган блокто союздаштарыбыз жок экенине көзүбүз жеткен. Альянстын борбордук органдарынан советтик белгилүү мультфильмдин каарманы айткан “Балдар, ынтымактуу жашайлы” деген сөздөргө окшош билдирүүлөр келген.
Айтайын дегеним, бул иштебеген, Орусия өз кызыкчылыгы үчүн түзгөн уюм. Өз шоруна ошол блокко кошулуп калган өлкөлөрдү Москва көзгө илбейт. Орус жетекчилиги азыр атүгүл "мурдагы советтик аймак бүтүндөй орус жери болчу" деген билдирүүлөрдү жасап жатканын көрүп атабыз. Андайды укканда бардыгыбыз коркунуч тооруп турганын түшүнөбүз. Коркунучтy алдын алуу үчүн деп түптөлгөн ЖККУ ал уюмга мүчөбү же жокпу, ар бир постсоветтик өлкөгө коркунуч жаратуучу генераторго айланды. Себеби, Москванын алкымы араандай ачылууда. Баса, Украинадагы согушка дагы ушул себеп алып келген десек болот. Орусиянын империялык долбоорлору Украинаны жутуп албаса ишке ашпайт.
- Ереван менен Баку бири-бирин агрессия үчүн айыптаганын белгилей кетет элем. Арменияда ЖККУга каршы маанай канчалык күчтүү?
- ЖККУ өлүк болуп калган деген жалпы түшүнүк бар. Себеби уюм өзүнүн жанын өзү кыйды. Учурда ал радиоактивдүү таштандыны эске салат. Эч кимге кереги жок, бирок абдан уулу жана зыяндуу. Андан мүмкүн болушунча ыкчам арылуу керек. Болбосо катуу ууланып, ажал табышың мүмкүн.
- Рубен мырза, ЖККУнун мурда-кийин пайдасы болгонбу?
- Өз кезинде келишимде курал-жарак менен камсыздоо шарты каралган. Мүчө мамлекеттерге базар баасынан арзан курал берилмек. Украинадагы агрессивдүү аракеттеринен улам Орусиянын дипломатиялык, саясий, экономикалык изоляцияга, санкцияларга кабылып, ага бойкот жарыяланып, аскерлери ойрон болуп жаткан шартта биз нерсени түшүнүшүбүз керек.
Армения жалаң коргонуу максаттарын аткаруу үчүн зарыл курал-жаракты уюмдан ала албайт. Алган күндө да, санкцияларга туш болушу ыктымал. Вашингтон да, Париж дагы кошуна “Азербайжандын аскерлери армян жергесинде, алар чыгып кетиши керек” деп ачык айткан, бул факт катталган. Андай аракеттер кайталанбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Болгондо да аны Орусия шыкактап, козутуп жатат. Москва Армениянын чек араларына, аймактык бүтүндүгүнө шек келтирүүдө. Мындай шартта биз Орусиядан курал албайбыз жана мындан ары да берилбесин түшүнүү зарыл.
Ошол эле маалда орток кызыкчылыктарыбыз, баалуулуктарыбыз бар өнөктөштөр үчүн биздин ЖККУга мүчөлүгүбүз чоң тоскоолдук жаратууда. Ошол демократиялык өлкөлөрдүн өкүлдөрү 21-кылымдын жеткен балекетине айланган өлкөнүн де-юре союздашы болгон Армения менен аскердик-техникалык тармакта кызматташтыгыбызды шайлоочуларыбызга кантип түшүндүрөбүз деп айтышат.
Башкача айтканда, биз тандоого тийишпиз. Армения кандай жүрүш жасабасын, тобокелдик менен коштолот. Бирок мүмкүнчүлүктөрдүн каалгасын ачкан тобокелдиктер же жай өлүмгө кириптер кылуучу жагдайлар бар. Дүйнөдөгү эски тартип жоюлуп, жаңысы түптөлө элек кезде Армения, Кыргызстан, Казакстан өңдүү чакан улуттар коркунучта кала берет. Казакстан аймагы жагынан чоң болгону менен ири держава деп атай албайбыз. Орусия менен союздук алакаларды сактап калабыз деп ошондой коркунучка кептелебиз.
- Жакында Прагада Армения менен Азербайжандын лидерлери жаңжалды жөнгө салуу жолдорун Евробиримдиктин жетекчилери, француз президенти Макрондун катышуусунда талкуулашты. 19-сентябрда мамкатчы Энтони Блинкен эки өлкөнүн өкүлдөрү менен жолугушкан. Жаңжалдан кийин АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Ереванга барган. Сурайын дегеним, Москванын бул маселеде негизги тынтык орнотуучу деген позициясы алсырап атабы?
- Албетте, Москва ушул чыр-чатактын архитектору, дирижеру жана андан пайда тапкан тарап. Орусиянын бейпилдик орнотуучу, арачы болууга моралдык да, саясий жактан алганда да кудурети жок. Москва ушул уруштан пайдаланып, Армения менен Азербайжанды тузакка түшүргүсү бар.
- Рубен мырза, биз азыр Украинадагы согуштун эскалациясына күбө болуп атабыз. Мына кечээ эле Беларус менен Орусия жамааттык күчтөрүн жайгаштырууну чечишти. ЖККУ согушка тартылып кетпейби? Албетте, уюмдун жетекчилери, Путин, башкалар андай болбойт деп ишендиришүүдө.
- Мен оболу бул аскердик саясий клуб авторитардык режимдердин жамаатына айланган деген көз караштарга токтолот элем. Бул өтө маанилүү учур. Себеби авторитардык режимдер ички же тышкы саясаты болобу, жалаң өзүн сактап калуу логикасына таянат. Баса белгилей кетчү дагы бир өңүт бар. ЖККУнун контекстинде Беларуста жана ал өлкөгө байланыштуу окуялар абдан маанилүү. Ал жерде болуп жаткан көрүнүштөр 1930-жылдары Европада мээсинен айныган бир ефрейтордун колунан келген окуяларга үндөшүп кетет. Ошондон кийин континент андай окуяны башынан кечирген эмес. Орусия машыгууга жамынып Беларуска иш жүзүндө аскерлерин киргизип алды. Беларусту жутуп алуу процесси жүрүп жатат. Өлкө кырдаалдын барымтасында калды.
24-февралдан кийин Армения, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан Орусиянын кылмыштуу согушун колдогон жок. Жалгыз Минск бир ууч авторитардык, атүгүл касапчы режимдердин катарында Москваны колдоду. Мындай жагдайда биздин жолубуз бөлөк дегенди түшүнүш керек. Биз азыр ЖККУ бизге эмне берет деп ойлоп отурбастан, уюмга мүчөлүгүбүз кандай жоготууларга алып келиши мүмкүн деген маселенин айланасында ой жүгүртүүгө тийишпиз. ЖККУнун биздин мамлекеттүүлүгүбүздү тартып алуусун алдын алууга аракет көрүү зарыл. Эмне дегенде Москва ушу тапта постсоветтик өлкөлөрдүн мамлекеттүүлүгүнүн эрозиясынын үстүндө иштеп жатат.
- Бул үчүн эмне кылыш керек?
- Туруштук берүү үчүн колдо бар аракеттерди көбөйтүү зарыл. Мисалы коом менен мамлекеттин консолидациясы, мамлекеттик институттарды бекемдөө, Орусиянын империялык кадамдарына туруштук берүү, карасанатай күчтөрдөн алыстоо, орток кызыкчылыктары жана баалуулуктары бар өнөктөштөр менен кызматташуу. Мен учурдан пайдаланып бир сунушту айтаар элем, Армения, Кыргызстан жана Казакстан ЖККУнун контекстинде кыйынчылыктарга кептелгенин эске алуу менен өлкөлөрүбүздүн дипломатиялык консультацияларын өткөрүү, мамлекеттүүлүбүздү сактап калуу үчүн кадамдарыбызды синхрондоштуруу пайдалуу болмок деп ойлойм. Бул абдан маанилүү элемент.
- Рубен мырза, реформалар ЖККУга жардам береби?
- СССРдин ыдырашынан башат алган постсоветтик доор быйыл 24-февралда соңуна чыкты. Биз азыр посторусиялык доорго карай жолдо турабыз. Ал доордо ЖККУ, Евразия экономикалык биримдиги өңдүү башка анахронизмдерге орун жок. Мен эч кандай перспектива көрбөй турам. Бир эле реформа кылса болот – бардыгы кабардар болсун деп, "ЖККУ көз жумду" деген документ жазып бериш керек. Ооба, де-факто уюм жансыз болуп калган, бирок де-юре дагы деле бар. Ооба, бир кирпичтин аркасынан экинчиси урай берет. Ага чейин блок биздин өлкөлөрүбүзгө зыян алып келе берерине көзүбүз жетип турат. Ошол залакадан өзүбүздү мүмкүн болушунча коргоп калуу максатын коюшубуз керек. Уюмдун келечеги жок экенин да түшүнүү зарыл.