Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:33

«Жаңы бийлик журналисттерди коргошу керек»


Бишкектин борбордук аянтындагы «REакция 2.0» митингине чыккан активисттер жана аны чагылдырган журналисттер, 18-декабрь, 2019-жыл.
Бишкектин борбордук аянтындагы «REакция 2.0» митингине чыккан активисттер жана аны чагылдырган журналисттер, 18-декабрь, 2019-жыл.

Быйыл дүйнөдө 274 журналист камалып, мурун болуп көрбөгөндөй чекке жетти. Бул тууралуу Нью-Йоркто жайгашкан «Журналисттерди коргоо комитети» билдирди.

Комитеттин жаңы баяндамасында авторитардык лидерлер башкарган жана элдин бийликке нааразылыгы күчөгөн өлкөлөрдө кабарчылар запкы тартып жатканы айтылат. Эң көп журналист Кытайда, Түркияда, Египетте жана Сауд Арабиясында камалды.

«Журналисттерди коргоо комитетинин» Европа жана Борбор Азия программасынын координатору Гүлноза Саид бул чөлкөмдөгү кырдаалга токтолду.

- Мурдагы советтик өлкөлөрдү алсак, жагдай бир топ өзгөргөнү байкалат. 2014-жылдан бери Беларус биринчи болуп журналисттер түрмөгө түшкөн өлкөлөрдүн катарына кошулду. 9-августтагы президенттик шайлоодон бери бул өлкөдө Лукашенконун бийлигине жана шайлоонун жыйынтыгына нааразылардын массалык акциялары өтүп жатат. Биз каттоо жүргүзүп жаткан маалда Беларуста 10 журналист темир тор артында отурган.

Запкы тарткан кабарчылардын саны боюнча аймакта беларустар менен катар эле Орусия турат, ал жакта дагы абакка камалган журналисттердин саны көбөйдү.

Орусиянын көзөмөлүндө турган Крымды алсак, үч журналист кесилди. Жалпысынан Орусияда 10 журналист кармалды. Ошондой эле бийликке каршы нааразылык иш-чараларды чагылдыргандарга токтолсок, ноябрь айында Орусияда айрыкча көп кабарчы кармалды.

Азербайжанда төрт журналист камалды. Казакстанда былтыр түрмөдө бир журналист бар деп каттасак, быйыл аларга блогер Айгүл Утепова кошулду. Казак бийлиги аны сентябрда үй камагына отургузган, ноябрда болсо психиатриялык клиникага жапты. Бийлик аны мажбурлап текшерүүгө жаткырган. Жакында блогерди кайра үй камагына которушуптур. Үй камакта болсун, же психиатриялык клиникада болсун, бул кишинин эркиндигин чектеп, темир тор артында кармоого барабар деп саналат.

Анткени мындай чектөө аркылуу бийлик журналисттердин эркин жүрүүсүнө, аны менен кошо өз ишин аткаруусуна бөгөт коёт. Биздин тизмеге бийликке сын көз караштагы материал даярдаган кабарчылар, баяндамачылар, блогерлер өз ишмердигинин запкысын тартып, абакка түшкөндөр кошулат.

Гүлноза Саид
Гүлноза Саид

- Кыргызстанда быйыл түрмөдө укук коргоочу, журналист Азимжан Аскаров көз жумду. Бул фактыга да көңүл бурсаңар керек?

- Биздин жылдык баяндамада бул факт дагы өзүнчө катталды. Укук коргоочу, журналист Азимжан Аскаровдун ишине жакындан көз салып турчубуз. 2012-жылы ага сөз эркиндигинин эл аралык сыйлыгын ыйгарганбыз. 25-июлда Азимжан Аскаров түрмөдө көз жумду. Ал 10 жыл бою зарыгып, адилеттикти күттү. Биз анын ишин аягына чыгарып, адилеттик үчүн күрөштү улантып жатабыз. Анткени 2010-жылы Азимжан Аскаров камалганда кыргыз бийлиги анын укуктарын одоно бузган деп билебиз. Сот болсо аны өмүр бою эркинен ажыраткан.

Аскаров эмнеден көз жумганы так белгисиз. Анын көзү өтөрдөн эки апта мурун эле аялы менен сүйлөшкөн. Ал ошондо эле күйөөсү ооруп жатканын, тамак ичпей, басып-тура албай калганын айткан. Биз кыргыз бийлигине бир нече жолу кайрылдык. Аскаровдун аялы, эми жесири ал абакта жатып коронавирус жуктуруп алган болушу ыктымал экенин айткан.

Ошол маалда Кыргызстанда COVID-19 инфекциясы күчөп турган, Аскаровдон тест алынган эмес. Улгайып калган адамды башка түрмөнүн ооруканасына которуп келгенден кийин бир нече сааттан соң үзүлүп кеткен. Балким кыргыз бийлиги дал ушуну күткөндүр. Анткени Аскаров түрмөдө өлүп калса, анда эл аралык коомчулук анын маселесин көтөрүп, расмий жетекчиликтин башын оорутпай калат деп ойлошсо керек.

- Кыргызстанда пандемия күчөй баштаганда эл аралык коомчулук Азимжан Аскаровдун ден соолугуна жана жаш курагына байланыштуу эркиндике чыгарууну кыргыз бийлигинен өтүнгөн. Тилекке каршы, ал ишке ашкан жок. Мына эми октябрдагы окуялардан кийин саясий бийлик алмашты. Азыркы бийлик Аскаровдун жесиринин адилеттик издеген арызына көңүл бурат деген ишеним барбы?

- Ушу тапта Кыргызстанда саясий климат өзгөрүп жатат, азырынча туруктуу бийлик келди деп айта албайбыз. Шайлоо кандай өтөрүнө жана башка жагдайларга көз салып турабыз. Албетте, Азимжан Аскаровдун ишине келгенде жаңы өкмөт мурдагыдан айырмаланган позицияда болот деген ишеним бар.

Башкача айтканда, Аскаровдун атын мамлекеттик аткаминерлер 10 жыл бою өкмөтчүл маалымат каражаттары аркылуу каралашты. Эми акыры өлкөнүн жаңы жетекчилиги Аскаровдун көзү жок болсо да аны акташы керек. Анын жесири Хадича Аскарова, бала-чакасы атасынын акталганын көргөнү өтө маанилүү эмеспи.

- Жаңы бийлик деп калдыңыз, Кыргызстандын жаңы саясий жетекчилиги сөз эркиндиги, журналисттердин коопсуздугун камсыздоо үчүн эмне милдеттеме алышы керек?

- Бир кезде Кыргызстан Борбор Азиядагы авторитардык режимдер курчап турган «демократиянын аралчасы» эле. Тилекке каршы, кийин Кыргызстан андай атын жоготту. Айрыкча президент Атамбаевдин тушунда журналисттерге асылуу, басым көрсөтүү күчөп, миллиондогон сомдук доолор коюлду. Кийинки келген президент Жээнбеков андай кылбаганы менен сөз эркиндигин коргоп-колдогон эч бир ишарат жасаган жок.

Ал эми октябрдагы окуялардан кийин журналисттерге коркутуу гана болбостон, кадимкидей алдын ала уюшулган чабуулдар жасалганына күбө болдук. Ошондой эле троллдор фабрикасы журналисттерди Орусияда, Азербайжандагыдай бутага алып, чабуул коюшту. Мунун баары, тилекке каршы, Кыргызстанда тенденция жаман жагына ооп баратканын көрсөтөт.

Кыргызстанда табигый байлык аз, андыктан баштагыдай демократиялык баалуулуктарды жана эркиндикти туу туткан өлкө деген сыйлуу атын кайра калыбына келтирүүгө аракеттениши зарыл. Ушу тапта буга чейин темирдей бекем режимде жашаган өлкөлөрдө сөз эркиндиги акырындап орноп баратканын көрүп турабыз. Мисалы ошол эле Өзбекстанды алалы.

Албетте, Кыргызстанда калыптанган сөз эркиндиги бар, аны эч ким тана албайт. Мына журналисттик иликтөөлөр, анын ичинде «Азаттык» радиосунун жасаган эмгеги мактоого гана арзыйт. Эл аралык коомчулук кыргыз бийлигинен сөз эркиндигин жана журналисттерди колдоону күтөбүз.

Жаңы бийлик адам укугунун жана эркиндигинин артыкчылыгын белгилеп, журналисттердин коопсуздугун камсыздоо жана мыйзам үстөмдүгү тууралуу бийик трибунадан айтышы абзел. Эгер журналисттер кандайдыр бир коркунучка кабылса, аларды мамлекет коргошу зарыл. Маалымат айдыңында жүргөндөргө ыдык көрсөткөн ким болбосун, мыйзамга ылайык чындап жазасын алышы керек.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG