Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:16

Жалал-Абад: жаңы бийликке жакын жетекчилер


Жалал-Абад.
Жалал-Абад.

Өлкөдөгү ыңкылаптан кийинки кадрдык дайындоолор эл арасында талкууга жем таштады.

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука жана Сузак райондорунун акимдери иштен алынса, Жалал-Абад шаарынын мэри 6-октябрдагы тополоңдон кийин кызматын тапшырган.

Учурда өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн милдетин «Мекенчил» партиясынын тизмесинде бешинчи катарда турган Абсаттар Сыргабаев аткарып келатат.

Быйыл 3-ноябрь күнү Жалал-Абад облусуна президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров иш сапары менен келген. Анда өкмөттүн кадр саясатына карата сын да айтылган эле.

«Душманды алыстан издебе, ал жаныңда турат. Ташиев өкүл баласын коюп алганы туура эмес», - деп айткан суроо берип жаткандардын бири.

Учурда Жалал-Абад облусун жетектеп жаткан Абсаттар Сыргабаев буга чейин Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеп келген.

Ал 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо «Мекенчил» партиясынан талапкер болуп, тизмеде бешинчи катарда турган. Сыргабаев партиянын башында турган, кийин УКМКнын жетекчиси болуп келген Камчыбек Ташиевдин өкүл баласы катары коомчулукка белгилүү. Ал өзү деле муну танбайт.

«Жашырганда эмне, 20 жыл мурун Камчыбек Ташиев өкүл атам болгон. Мен эч кимден жашырган эмесмин», - дегени бар.

Өлкөдөгү тополоңдон кийин облуста мэрлик жана акимдик кызматты аркалап келгендерге кысым көрсөтүлүп, мыйзамсыз аракеттер болгону коомчулукта айтылып келет.

Бирок Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев эч кандай опузасыз эле соңку кырдаалга байланыштуу кызматтан өз каалоосу менен кеткенин билдирүүдө:

Мураталы Тагаев.
Мураталы Тагаев.

«Кызматтан өз арызым менен кеттим. Менин эч бир топ коркутуп, иштен кетирген жок. Менин кызмат убактым да бир жылдан кийин бүтмөк. Учурдагы кырдаалга байланыштуу жумушумду токтоттум».

Ошентсе да мыйзам боюнча мэр кызматтан кеткенден кийин биринчи вице-мэр убактылуу мэрдин милдетин аткарып турушу керек эле. Бирок жергиликтүү кеңеш мэрдин убактылуу милдетин аткаруучу кылып Жалал-Абадда коммуналдык маселелер боюнча вице-мэрдин кызматын аркалап келген Нуртилек Орозбаевди дайындаган. Бул чечимдин чоо-жайын шаардык кеңештин төрагасы Адил Жоробаев минтип түшүндүрдү:

«Биринчи вице-мэр жок болуп калгандыктан биз убактылуу мэрдин милдетин аткарыш үчүн Нуртилек Орозбаевге уруксат бердик. Анткени буга мурдагы мэр да «Нуртилек менин ордума убактылуу иш жүргүзсүн» деп жазган арызы себеп болду. Бирок Баш мыйзамга туура келбейт».

Айрым адамдар 6-октябрдан кийинки кадрдык саясат тууган-урук, тааныш-билиш жана партиялаштык принципте ишке ашып жатат деп нааразы.

Филология илимдеринин кандидаты, доцент Айтмамат Оморов кандай болгон күндө да мамлекеттик кызматка билимдүү адамдар келиши керек деп эсептейт.

«Эскилердин жолу менен баштады, кайсы партиядан болбосун ал адам билимдүү болушу керек. 30 жылдан бери келе жаткан туугандык жана партиялык дайындоолорду жок кылабыз деп көтөрүлгөн элдин үмүтү акталбай жатат».

Облуста эки райондун, бир шаардын жетекчилери 6-октябрдагы тополоңдон кийин өз арызы менен кызматтан кетишкени маалым. Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоо быйыл 17-ноябрда өтөт.

XS
SM
MD
LG