Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:02

Уланбектер, эми деңиздей толкугула!


Уланбек Эгизбаев.
Уланбек Эгизбаев.

Бул блогдун автору Т.Чоротегиндин пикиринде, маркум Уланбек Эгизбаев аткарган коомдук жүктү андан ары көтөрүп кетчү шериктери арбын.

Кайгылуу сааттардагы, кайгылуу күндөрдөгү маанай улам мезгил өткөн сайын жазмыштуу окуяга сергек мамиле кылган жаратман маанайга орун берет эмеспи.

Кыргыздын жаш болсо да чыгаан экенин тастыктаган журналисти Уланбек Токтосун уулу Эгизбаевди соңку сапарга узатуу маалы, анын тажиясы, андагы аза сөздөрү айтылган учур акырындап мезгил закымына бүктөлүп артта кала берет.

Эми Уланбекти эч ким тирилте албайт. Бирок, залкар акын атабыз Эсенгул Ибраев бир кезде жазгандай:

“Бул жашоодо чындык бар да, төгүн бар,

Жанган от бар жана өчкөн көмүр бар,

"Өлдү, бүттү" дегендерге кошулбайм,

Өлүп, бирок жашай берчү өмүр бар!..”

Уланбекти калайык кабыргасы кайышып узатты. Далай кошок сөздөрү болду. Интернеттин коомдук тармактарында далай посттор жазылды. Ошондо бул балабыздын өзүнүн чыгармачыл багыты каршы чыккан айрым эки жүздүүлөр да аппак киши болуп каадаланып, пикир билдирип да жатышты дешет. "Коом деген мурда да баррикаданын бери жагына жылт этип өткөн эки жүздүүлөр учураган ушундай көрүнүштөргө бай болгон, азыр деле мындайдан куру калбаптыр" деп жөндүү кейип-кепчигендердин пикирлерин да уктук.

Мен бул чакан күндөлүгүмдө эки башкы нерсени айта кетүүнү эп көрдүм.

АЛ — ЖАЛГЫЗ ЭМЕС

Биринчиден, ыраматылык Уланбек жалгыз күрөшкер эмес болчу. Айрымдар маркум Уланбек гана коррупцияга каршы күрөшүп, калганы четте карап тургансыгандай жазышты. Ал түгүл: “Мына, эми коррупционерлер чалчактай бергиле, негизги күрөшүүчү эми жок!” деген маанайда жазылган пикирлер да болду.

“Эми кантебиз, эми кантип жемкорлукка каршы күрөш жүрөт?” деп каңырыгы түтөгөндөр да арбын болду.

Минтип кол көтөрүп багынган турум — туура эмес.

“Азаттык” үналгысынын өзүн эле алалык.

- Бүгүн өндүрүштүк жыйынды Уланбексиз өткөрдүк, ага жаңы редакциялык тапшырма берели деп жатпадык беле! – деп “Азаттык Медиа” мекемесинин жетекчилеринин бири 25-июлда буркурап ыйлап жазды.

Демек, өндүрүштүк тапшырма алып, аны эң мыкты аткарып келген маркум Уланбек — жалгыз эмес экен да!

Ооба, Уланбек маалымат эркиндигин камсыз кылуу жаатындагы коомдук милдетин 1953-жылдан бери эң мыкты аткарып жаткан, эл аралык журналистикалык мектеп катары бай салты бар, бай тарыхы бар маалымат каражатына туш келгени да анын бактысы болду деп санайм. Ал Азамат Алтай чапкан жолдун улантуучусу болду.

Уланбектен мурдараак иштеген айрым “азаттыкчылардын” айырмалуу иштерин жогорку пафосу жок сөздөр менен эле эскере кетсек.

Мурдагы президент Аскар Акаевдин авторитардык режиминин убагында абакка жазыксыз түшкөн оппозициячыл саясатчы Топчубек Тургуналиевдин абагына барып, аны менен абакта отурган жеринен маек курууга жетишкен Жаркын Темирбаева эженин журналисттик эмгеги “Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын жалпы жамаатын да таң калтырган. (Бул жерде ошого мүмкүнчүлүк бергенге батынган түрмө кызматкерлеринин эрдигине да маашырлана алабыз. Азыркы коомдо жалгыз гана баатыр чыгышы мүмкүн эмес).

Жаркын эженин жолун жолдоп, анын сиңдилери Азиза Турдуева менен Жаңыл Жусупжан абакта жаткан Феликс Кулов менен абакта кезинде маек куруп, коомчулук бир козголгон.

2002-жылы 17-18-марттагы Аксы аймагындагы окуяларды мээнеткечтик менен чагылдырган “азаттыкчы” журналист Ырысбай Абдыраимов авторитардык режимдин “үгүт машинесинин” — ал кездеги “кара жашиктин” жалган маалыматтарынын “белин сындырган”.

Ырысбай агай нагыз калыс журналист. Эсимде, кээде аны өкмөтчүл кишилер, коопсуздук кызматтарынын же полициянын өкүлдөрү эле эмес, оппозициячыл тараптардын да айрым чала сабат өкүлдөрү “Микрофонуңду ары тарт!” деп жулмалаган учурлар да болгон.

Аманбек Дилденбай уулу Жапаров, Бүбүкан Досалиева, Бурулкан Сарыгулова, Кабыл Макешов, Шейшекан Жаналиева, Съезбек Бекжанов жана башка “азаттыкчылар” 2005-жылдагы ыңкылап маалында өз керт башын ойлобостон, калк арасында тынымсыз иштешти.

Эсимде, 2005-жылы 24-мартта таңга маал Бүбүкан Досалиева "Чүй көчөсү менен Ак үйдү көздөй 5 миңдей киши келе жатат" деп кабарлады. Аны англисчеге которуп жалпы жаңылыктар бөлүмүнө берсек, андагылар: “Башка булагыбыз "миң эле киши топтолуптур” деди го", деп ишениңкиребей мамиле кылышты. Алардын дагы баары-жокту ар кыл булак менен тастыктоо милдети бар эмеспи.

Бүбүканга кайрылып: “Эмнеге алардын статистикасы менен биздики дал келбей жатат?” — деп сурадым. Көрсө, берки чет элдик кабарчы дарыгер Назаралиевдин борборунун жанына бир миңдей киши чогулганда эле алар тууралуу жазыш үчүн мейманканага кеткен экен.

— Эми болсо калайык он миңге чамалап калды! — деп Бүбүкандын айтканы эсте.

2005-жылы 24-мартта Ак үй алынганда, андагы айрым жазыксыз карапайым кызматкерлерди коопсуз жайга чыгарууга да “азаттыкчы” кабарчылар көмөк кылганын кийинчерээк бул кызматкерлер айтып жүрүштү (маселен, Роза Даутова эженин ыраазылык менен айтканы эсте).

Ысык-Көл, Нарын, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад аймактарынын башка жергиликтүү кабарчылары да коомдук нааразылык чараларын жеринен чагылдырыш үчүн аттап-жөөлөп жана күндөп-түндөп ошол коогалаңдуу жерлерде болушту.

“Азаттыкчылар” 2005-жылдан кийинки ири жыйындарга байланыштуу опурталдуу учурларда ар дайым эл арасында жүрүштү. Аманбек Дилденбай уулу президент Курманбек Бакиевдин бийлигинин тушунда оппозициячыл митингди таркатыш үчүн атылган көздөн жаш агызчу газга кабылганда да репортажын уланткандыгы кантип эстен чыксын!

Кээде оппозициялык топтордун арасынан да айрым чагымдар айтылчу. 2006-жылы нааразылык митингин таркатуу маалында “Баланчаны” өлтүрүп салышыптыр!” деген кабарды оппозиция лидерлеринин бири (кийин көзү өтүп кетти) жайды эле, биздин кабарчыбыз: “Жок, мен анын жанында турам, ал — тирүү” деп тастыктаган. Ошол эки кабар тең “Азаттыктын” бир эле кечки обого түз чыккан берүүсүндө жаңырып, эл чындыкты бейтарап кабарчылардын оозунан уккан.

Ушундай эле кабарлардын биринде “ички иштер министри Молдомуса Конгантиев 2010-жылы 6-апрелде Таласта өлтүрүлдү” деп айтылды. Бул кабар Интернет аркылуу желдей таркады. Биздин Таластагы окуянын чордонунда жүргөн жүргөн кабарчыларыбыз Жанар Акаев менен Замира Кожобаева дароо эле бул жалган сөздү четке кагышып, бирок Конгантиев аёосуз токмоктолуп жатканын айтышкан.

Ошол күнү оболу милиция күчтөрү Таластагы калайыкка орой мамиле кылып, андан соң эл толкуп, айрым милиция кызматкерлери калайыктын таман астында калып жабыр тартып жаткан маалда, аз жерден тепкиге калып өлүп кала жаздаган бир милиция кызматкерине өзүнүн жеңи кыска көйнөгүн бере коюп, Жанар Акаев анын өмүрүн сактап калганын кийин уктук.

2010-жылы 7-апрелде Ак үйдөн аткылагандардын огунун бири “азаттыкчыларды” аянт менен бюронун ортосунда ары-бери ташыган автоунаалардын бирине тийген. Өз өмүрү жөнүндө эмес, журналисттик милдети жөнүндө ойлогон “азаттыкчылар” окуянын ар бир мүнөтүндөгү өзгөрүүлөрдү Кыргызстандын калкына жана дүйнө жүзүнө ыкчам маалымдап турушту.

Ал эми 2010-жылы июндагы коогалаң учурунда Аида Касымалиева баштаган “Азаттык плюс” чыгармачылык тобу Оштон кайта албай калып, Баткенге карай жөнөп, ал жакта жол торолгонун угуп, кайра чыгышка бет алып, Сузактын каргашалуу окуялар болгон айтылуу Санпа жергесинде атышуу болуп жаткан чакта аман-эсен өтүп кеткени да маалым. Жарым атеист болсом да жаза кетейин: ошондо аларды Кудай сактаган экен!..

Мурдагы бюро башчылары Кыяс Молдокасымов, Кубат Оторбаев, Султан Жумагулов, Султан Каназаров сыяктуу жетекчилердин ишин Бурулкан Сарыгулова, Айзада Касмалиева, сыналгы продюсери Бүбүкан Досалиева иштиктүү улантып жатышат. Мындай жетекчилер адатта көлөкөдө калат, бирок алар уюштуруучу катары жергиликтүү ар бир журналисттин ийгилигине огожо болушту жана алардын кемчилиги үчүн бирдей жооп берип келишти.

Айрым журналисттер “Азаттыкка” ишке кире электе эле калайыкка журналист катары таанылган болчу. Алардын арасында кайдыгерликке каршы ырлары менен атыккан эл акыны Шайлообек Дүйшеев, музыка таануучу Балбай Алагушев, жазуучулар Муса Мураталиев, Көчкөн Сактанов, журналисттер Эсенбай Нурушев, Нарын Айып, Амирбек Азам уулу, Надыр Момунов, Чыныбай Турсунбеков, Кожогелди Култегин, Машакбай Рахманкулов, Султан Раев, Султан Абдыракманов, Аскар Медетов, Фатима Абдалова, Айданбек Акматов, Кубат Чекиров, Шайырбек Эркин уулу ж.б. болду. “Азаттыкта” журналист катары тушоосу кесилгендердин арасында Баян Жумагулова, Жаңыл Жусупжан, Муратбек Кожобеков, Арслан Капай уулу, Бакыт Аманбаев, Рита Борбукеева, ж.б. болду.

Мен деректирлик кылып турган учурда “Азаттык плюсту” багыттап, жаштар берүүсүн жетектөөнү Венера Сагындык кызына тапшырган элем. Ал 2004-жылдын соңунан тартып таланттуу жаш кабарчыларды топтоп, бейтарап журналистика тармагына жаңыдан өткөн далай улан-кыздын тушоосун кести. 2010-жылдын октябрынан тартып ал “Азаттык” үналгысын деректир катары жетектеп калды. “Азаттыктын” жаштар берүүсүндө такшалгандардын арасында Жазгүл Жамангулова, Элеонора Куленбекова, Мээрим Орозобекова, Бермет Эгембердиева, Акан Иманов ж.б. бар.

Венера Сагындык кызы маркум Уланбек Эгизбаевдин да талантын учурунда баамдап, аны “Азаттыкка” кызматка чакырган. Уланбек "Азаттыктагы" беш жылдай эмгек жолунда журналисттик мыкты тренингдерге катышып, Прага, Киев, Вашингтон, Чикаго, Стокгольм, Стамбул, Берлинди кыдырып келди.

Бекташ Шамшиев, Айнура Жекше кызы, Улан Алымкул уулу, Зайыр Ажыматов, Заирбек Бактыбаев, Элеонора Бейшенбек кызы, Гүлайым Ашакеева, Сабыр Абдымомунов, Бакыт Орунбеков, Жыргалбек Касаболотов, Кубанычбек Жолдошов, Санжи Туйтунова, Канымгүл Элкеева, Жеңиш Айдаров, Али Токтакунов, Элиза Кененбаева, Токтосун Шамбетов, Жанарбек Жолдошбаев, Эрнис Нурматов, Мирлан Токталиев, Бакыт Асанов, Алия Суранова, Рахат Кеңешова, Каарманбек Кулуев, Касым Рахманкулов, Жылдыз Ороспакова, Зейнеп Мартбек кызы, Санжи Туйтунова, Ыдырыс Исаков, Улан Асаналиев, Кубат Касымбеков, Руслан Калматов ж.б. таланттуу журналисттер, Жанарбек Жолдошбаев, Бексултан Абубакир уулу, Бектур Стамкулов, Айбек Кулчуманов ж.б. иштерман операторлор курамында болгон азыркы чыгармачыл жамаат да ("Азаттыктагылардын" бардыгынын ысымдарын жазууга мүмкүндүк болгон жок) мындан кийин деле нечендеген тоолорду томкороору шексиз.

“АЗАТТЫК” ЖАЛГЫЗ БОЛБОСУН!

Эми бир саамга элестетип көрөлүк. Маркум Уланбек Эгизбаевдин чыркыраган чындыкты чагылдырган материалдары, эгерде ал азыркы КТРКда же ЭлТРде иштесе, алардын жетекчилиги тарабынан обого чыгарылат беле?

Бул сүйлөмдү айрым замандаштарыбыз “провокациячыл”, “чагымчыл” деп аташы да мүмкүн. А мен болсом бул жерде таптакыр башка көйгөйдү айткым келет.

Коомубуздун турмушундагы өзгөчө көйгөйлүү маселелер жаатындагы орчун материалдарды Уланбек сыяктуу эле даярдоого дилгир жана даяр кабарчылар КТРКда жана ЭлТРде дагы БАР! Ооба, БАР!

Коомубузда Өндүрүш Токтонасыровдой көкжалдарыбыз, ар дубанда иштеген укук коргоочуларыбыз, жүздөгөн эркин журналисттерибиз, демилгелүү жана эр көкүрөк атуулдарыбыз да арбын. Би-Би-Си Кыргыз кызматы сыяктуу "Азаттыктын" өнөктөштөрү да бар.

Бир жолу интернеттеги коомдук тармактардан бир кызыктуу суроо салган куш тилиндей катты (постту) окудум.

Достор, сиздер азыркы турушуңуздар менен эле заңкайган Алпы тоолорун этектеген Швейцарияда жана Жапониядагы ажайып Фудзияманын жакасында жашагыңар келеби? Анда оболу тегерегиңерге акыр-чикир таштабагыла, чемичке, чылымдын калдыгын туура жайга ыргыткыла, зыяндуу түтүн чыгарган унааны айдабагыла, велосипедге көчкүлө, тааныбаган кишилер менен да көчөдө сылык амандашкыла, коомдук жайлар жаатындагы эрежени кыйшаюусуз сактагыла, жемкорлукка каршы тургула, добуш бергенде кишинин капчыгына, талапкердин туугандыгына эмес, улуттук кызыкчылыкка карап добуш бергиле, жол эрежесин немистен кем эмес сактагыла, сапатты оболу өзүңөрдөн талап кылгыла... Дал ошондо байкасаңар, силер Ала-Тоодо жүрүп эле Швейцария менен Жапониядан кем эмес жашап калганыңарды түшүнөсүңөр”.

Бул жарыянын сыңарындай эле, Уланбектер ачык иш-аракет кылышы үчүн КТРК менен ЭлТРди да чыныгы коомдук маалымат каражатына айландырышыбыз керек. Азырынча алардын аталышын гана жакшырттык, бирине “коомдук” макам бердик, экинчисин “элдик” деп атап койдук.

Азыркы кырдаалдан чыгуу үчүн КТРК менен ЭлТРди жана облустук сыналгы компанияларын толук бойдон коомдук канал кылуу зарыл. КТРКнын азыркы Байкоочу кеңешинде үмүт деле жок.

Балким, бүжөттөн колдоо тапкан жана аткаруу бийлигине көбүрөөк ыктаган бул бардык сыналгы жана үналгы компанияларын көзөмөлдөгөн Бирдиктүү Коомдук Башкаруу кеңеши деген көзмөлдөө органын жаңыдан түзүп, ага жетекчини аныктоону сөзсүз түрдө Жогорку Кеңештин оппозициядагы блокторуна жана бейөкмөт уюмдарга ыйгарып, айтор, чоң шыпыргы жаратуу керек болуп калды.

Азыркы тапта президент жемкорлукка каршы демилгелерди колдоого алып жаткан чагында андан өтүнүчүбүз — КТРК сыяктуулардын жетекчилери улам Ак үйдөгү президенттик аппаратка же Көк үйгө кылчактап, “баарыңарга эле жагайын деп жүрөм” дебегендей жаңы мыйзамдык жана каржылык кырдаалды түзүүгө кол кабыш кылса дурус болоор эле.

Эгерде бийлик дурус түшүнсө, эл-журт маркум Уланбекти эскерүү чараларына жандуу катышуу жана анын мезгилсиз өлүмүнө жаны ачыгандыгын билдирүү аркылуу коомдогу эки жүздүүлүккө, маселелерди көмүскө чечүү тажрыйбаларына, адилетсиздикке эчак тойгондугун, жапатырмак жаңыланууну, тазаланууну көксөп жаткандыгын тастыктоодо. Ошондуктан "Уланбектин өлүмү жемкорлордун айынан болду го" деген мыйзам ченемдүү санааркоолорун алардын бир даары байма-бай айтууда.

Уланбек өзү сууда тумчугуп өлгөндүгү аныкталган чакта да бир акыйкаттык абада калкып тура берээри бышык: өлкөбүздө мындан ары жемкорлук кырдаалында жашоого мүмкүн болбой калгандыгын Эгизбаев жана анын шериктери жетиштүү айта алышты.

Менин ишеничим жана үмүтүм — жаңы муундан дагы далай Уланбек Эгизбаевдер чыгат. Биз “маркумга Баатыр наамын берели” деген сыяктуу ураандарды жеңил-желпи көтөрүүдөн мурда, демократияга умтулган мамлекетибизде "Уланбектер сейрек эмес, көбүрөөк чыксын үчүн коомдук шарттарды жараталы, басма сөздүн чыныгы эркиндигин камсыз кылалы!" деген ураанды көтөрсөк алда канча алгылыктуу болоор эле.

Ылайым миңдеген жаңы Уланбектер толкуп чыксын!

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG