Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:54

Иракта соттолгон тажик аялдар балдарын бербейт


Ирак сотундагы тажик аялдары.
Ирак сотундагы тажик аялдары.

Иракта терроризм үчүн соттолгон айрым тажик аялдар балдарын Тажикстанга жөнөтүүдөн баш тартууда. Алар балдарын мекенинде туугандары кабыл албай тургандыгын айтып, өкмөттүн камкордугуна берүүгө макул болушкан эмес.

Иракта энелери терроризм үчүн айыпталып, абакта алар менен кошо жаза өтөп жаткан 95 тажик бала катталган. Сауд Арабиясындагы Тажикстандын дипломатиялык өкүлчүлүгү аялдардын айрымдары балдарын мекенине жөнөтүүдөн баш тартып жатышканын билдирүүдө. Мыйзам боюнча ата-энесинин уруксаты болмоюнча өкмөттүк кызматкерлер аларды Тажикстанга алып кете алышпайт.

Иракта «Ислам мамлекети» террор тобуна кошулуп кеткени үчүн өмүрү өткүчө абакка кесилген 38 жаштагы тажикстандык Зебунисо - эки баласын тажик өкмөтүнө өткөрүп берүүдөн баш тарткан аялдардын бири.

Зебунисо 2015-жылы Иракка күйөөсү менен келип, «Ислам мамлекети» террор тобуна кошулган экен. Бир жылдан кийин күйөөсү өлтүрүлүп, өзү 2017-жылы Мосул шаарын бошотууда эки баласы менен камакка алынган.

Анын Тажикстандын Хатлон облусунда жашаган ата-энеси мурун эле каза болуп калган, ал эми бир тууган агасы Орусияда иштеген мигрант.

Агасынын аялы Сарвиноз Гуломова күйөөсү Иракка кетип, бүтүндөй үй-бүлөнү уят кылган карындашына катуу ачууланып жүргөнүн айтып берген. Бирок Зебунисонун балдары боюнча аларга эч ким байланышкан эмес.

Сыягы тажикстандык келин эки баласын агасына жөнөтүүгө да, өкмөттүн камкордугуна берүүгө да макул болбой, өзүнүн жанында алып калууну чечкен.

Кувейттеги тажик элчиси Зубайдулло Зубайдзода Иракта соттолгон 43 аялдын 15и минтип балдарын Тажикстанга жөнөтүүдөн баш тартканын айтат.

- Алардын көбү туугандары алардан баш тартканын, балдары эч кимге кереги жок экенин айтышат. Биз балдардын багуусуз калбашына кепилдик берсек да алар сунушубузга макул болушкан жок, - дейт элчи.

Ал дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлери аялдардын Тажикстандагы жакындары менен байланышып, балдарды туугандарына кайтаруу аракетин улантып жатышканын белгиледи.

- Бул президенттин тапшырмасы. Балдар ата-энесинин жоруктары үчүн жооптуу эмес. Эгерде туугандары балдарды кабыл албаса, алар мамлекеттин кароосунда болушат, - деп кошумчалады дипломат.

Иракта терроризм үчүн айыпталып, өмүрү өткүчө же узак мөөнөткө түрмөгө кесилген 45 тажик аял, Тажикстанга жөнөтүүгө катталган 95 бала бар экени кабарланган. Бул тизме али толук эмес, көп учурда аялдар жарандыгын так көрсөтпөй койгон учурлар да кездешет.

Ал эми Дүйшөмбүнүн жашоочусу Сабзгүл Камолова болсо Ирактан беш небересин күтүп жаткан маалы. Анын кызы Зухро Ходжаева Иракка 2014-жылы кетип, бешинчи баласын абакта төрөгөн. Сабзгүл кызы телефон чалып, балдарын кабыл алууну суранганын айтты:

- Сүйүнүп тосуп алаарымды айттым. Кызым өзүнүн беш баласын, күйөөсүнүн өлтүрүлгөн тууганынын эки баласын карайт. Биз жетөөнү тең кабыл алаарыбызды айттым. Биз аларды тосуп алууга даярданып жатабыз, - дейт Сабзгүл.

Сабзгүл өзү базарда чемичке сатып күн көрөт. Буга карабай кызынын балдарын багып кетерин билдирди.

- Жарандык согуш жылдарында да балдарды чоңойтуп, ичинтип, кийинтип бакканбыз, эми тынч убакта неге анте албайбыз? - дейт эне. Ал качандыр бир кызы да Тажикстанга кайтып келерине үмүт артат.

Кувейттеги тажик элчиси Зубайдулло Зубайдзода расмий Дүйшөмбү Ирактан тажикстандык аялдарга мунапыс берүүнү суранып жатканын билдирди. Элчинин айтымында, аялдардын көбү «Ислам мамлекети» тууралуу маалыматы жок эле алдамчылыкка кабылган. Тажик бийлиги аялдар Сирия менен Иракка күйөөлөрүнүн зордоосу менен эле аргасыздыктан кеткен деген позицияда.

Расмий маалыматтар боюнча 400дөй тажик аял балдары менен Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө болгон. Сирия менен Ирактын бир топ шаарлары согушчандардан бошотулгандан кийин аялдар менен балдардын көбү Ирактын абактары менен Бириккен Улуттар Уюмунун лагерлерине жөнөтүлгөн. Жалпысынан бул өлкөлөрдөгү согуштук аракеттерге 1900дөй тажик жараны катышкан, алардын көбүнүн тагдыры дагы эле белгисиз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG