Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:10

Иран Фордодо уран байытууга киришти


Иран.
Иран.

Иран Фордодогу өзөктүк заводундагы центрифугаларга газ бере баштады. Анын артынан уран байытууга киришмекчи. Муну менен өлкө 2015-жылкы эл аралык келишимде өзүнө алган дагы бир милдеттенмеден баш тартты.

Газды Фордодогу центрифугаларга жүгүртүү процессине Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттик - МАГАТЭнин инспекторлору байкоо салып турушмакчы.

Бул тууралуу Ирандын тиешелүү мекемесинин басма сөз катчысы билдирди.

Эл аралык уюмдун расмий өкүлү “инспекторлор Иранда жүрүшкөнүн жана Венадагы баш кеңсеге маалымат берип турушарын” билдирди. МАГАТЭ 7-ноябрда Ирандын өзөктүк ишмердигине байланыштуу чукул жыйын өткөргөнү жатат.

Ирандын президенти Хасан Роухани. Тегеран, 5-ноябрь 2019-жыл
Ирандын президенти Хасан Роухани. Тегеран, 5-ноябрь 2019-жыл

Шаршембиде Ирандын президенти Хасан Роухани "АКШнын жана өнөктөштөрүнүн саясатынын арты менен жакында Фордо кайрадан толук иштей баштайт”, - деп "Твиттерге" жазды.

5-ноябрда Роухани заводдогу бир миң 44 центрифугага газ бериле баштарын билдирген.

- Биздин төртүнчү кадамыбызды буга чейинкилердей эле калыбына келтирсе болот. Калгандары өз милдеттенмелерин аткарса, биз да өзүбүзгө алган милдеттенмелерди толук аткарууга кайтабыз.

2015-жылы Ислам жумурияты менен дүйнөлүк алты держава - АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия кол койгон келишимде Фордодогу центрифугаларга газ берүү токтотулары айтылган, ишкананын кубаты азайтылып, кеминде 15 жыл бою уран байытуу иштери жүрбөйт деп макулдашылган. Заводдо илимий изилдөөлөр жана сыноолор гана жүргүзүлмөк.

Маалыматтарга караганда, Фордодо уран 4,5 процентке чейин байытылмакчы. Эл аралык келишимде Иран уранды атомдук станцияларда колдонулган деңгээлге - 3-4% чейин эле байыта алат деген шарт коюлган.

Курал чыгаруу үчүн уран 90 процент же андан көп байытылууга тийиш.

АКШнын президенти Доналд Трамп. Вашингтон, 8-май 2019-жыл
АКШнын президенти Доналд Трамп. Вашингтон, 8-май 2019-жыл

АКШнын Мамлекеттик департаменти Тегеран “терс багытта чоң кадам таштаганын” айтып, Иранды “ядролук шантаж кылып жатат" деп айыптады.

Америкалык расмий өкүл Ислам жумурияты стабилдүүлүккө көлөкө түшүргөн аракеттеринен баш тартмайынча, “максималдуу түрдө басым” уланатыларын билдирди.

Ал эми Франциянын президенти Эммануэл Макрон Ирандын чечимин өтө “олуттуу” деп баалады.

Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф анын өлкөсү АКШнын “экономикалык террорчулугуна жана шантажына жооп кайтарып жатканын” "Твиттерге" жазды.

Былтыр май айында АКШ президенти Дональд Трамп эл аралык келишимден чыгып санкциялар калыбына келтириле баштагандан бери Тегеран бара-бара өзүнө алган милдеттенмелерден баш тартып келет.

Иран жетекчилиги документке кол койгон калган өлкөлөрдү "санкциялардын кесепетин жеңилдетүү үчүн жетиштүү чара көрбөйт" деп сындап келатат.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. Москва, 6-ноябрь 2019-жыл
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. Москва, 6-ноябрь 2019-жыл

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 6-ноябрда Иранды келишимдин шарттарын аткарууга чакырды, ошол эле маалда Москва Тегерандын эмне себептен чегинип жатканын түшүнөрүн кошумчалады.

- Биз келишимдин бардык тараптар тарабынан аткарылышы үчүн аракет көрө беребиз. Өз милдеттенмелерибизди да аткарууну улантабыз. Биз бул чакырыгыбызды Иранга да жолдойбуз. Ошол эле маалда Иран эмне себептен өз милдеттенмелерин азайтып жатканын жакшы түшүнөбүз. Биз абдан тынчсызданып турабыз. Бул камтама кечээ-бүгүн эмес, өткөн май айында АКШ келишимден чыгып жатканын корстон болуп жарыялаганда пайда болгон.

Президент Трамп келишимден чыгып жатканда эл аралык келишимге Ирандын баллистикалык ракета чыгаруу программасы камтылбай калганын, өлкө Жакынкы Чыгыштагы жоочуларды колдоо менен аймактагы кырдаалды курчутуп жатканын билдирген. Тегеран козголоңчулардын ишмердигин колдойт деген айыптоолорду четке кагууда.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG