Борбор шаар Тегерандан түштүккө карай 200 чакырым ыраакта, Фордо айылына жакын жерде уран байытуучу комплекс бар.
2015-жылдагы өзөктүк келишимге (JCPoA) ылайык мындагы заводдун кубаты азайтылып, кеминде 15 жыл бою уран байытууну токтотмок.
Өндүрүлгөн уран тынчтык жагдайында, тактап айтканда илим, айыл чарба, медицина тармагына гана кызмат кылышы керек деп чечилген.
Шейшембиде Ирандын президенти Хасан Роухани милдеттенмесинин ушул бөлүгүн аткаруудан баш тартышарын билдирди:
- Өзөктүк келишимге ылайык Фордодо миң центрифугабыз бар экенин билесиңер. Менимче 1044 болсо керек. Биз центрифугалар тегеренип иштей берет, бирок ичинде газ болбойт деп өзөктүк келишимде макулдашканбыз. Мен бүгүн Ирандын атом энергетикалык уюмуна эртеңден тарта газ жүгүртө баштагыла деп буйрук берем.
Газ урандын курамынан жогорку сапаттагы ядролук материалды өндүрүүнү ыкчамдатат. Анын үстүнө сентябрда Улуттар Уюмунун Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттиги - МАГАТЭ Иран центрифугаларын жаңылап, акыркы үлгүдөгүлөрүн орното баштаганын билдирген. Центрифугалардын жаңыланышы уран байытуунун сапатын арттырат дегенди билдирет.
Байытылган уран энергия өндүргөн реакторлорго отун катары колдонулат.
Эгер деңгээли жетиштүү болсо өзөктүк курал жасоо үчүн да пайдаланылышы ыктымал.
Иран келишимдеги милдеттенмесин аткарбай турганын алгач ирет быйыл майда жарыялаган. Июль айындагы экинчи жарыясында уран байытуунун деңгээлин 3,67% чектен ашыра турганын билдирген. Мындан жогорку деңгээл атомдук куралды жасоого өбөлгө түзүшү ыктымал.
Тегеран бул саясатын келишимге кол койгон башка өлкөлөр милдеттенмелерин аткарбай жатканы, тагыраагы, Кошмо Штаттарынын басымына жооп бербегени менен түшүндүрүп келет.
Иран менен Кошмо Штаттардын дипломатиялык байланышы үзүлгөнүнө 40 жыл болду. Бирок өткөн жылы Вашингтон өзөктүк келишимден чыгып кеткенден тарта эки өлкө ортосунда чыңалуу кескин күчөгөн.
Вашингтон Тегеранга салынган санкцияларын калыбына келтирип, Ирандын негизги кирешесинин бири болгон мунай экспортун нөлгө түшүрүүгө бел байлаган.
Тегеран ушул эле өзөктүк келишимге кол коюшкан калган өлкөлөр Кытай, Орусия, Британия, Франция жана Германия буга арачы болбой жатканына нааразы. Кеп бизде эле эмес, бизге түйшүк жаратып жаткан тараптын чечимине көз каранды деген пикирин айтып, шарт коюуда:
- Кийинки эки айда сүйлөшүүгө мүмкүндүк бар. Эгер тийиштүү чечим таба алсак, санкциялар алынып, мунайыбызды жеңил сатып, банктардагы жана башка жактагы акчабызды кыйынчылыксыз колдоно алсак, эгер алар металлга салган санкцияларын толук алса, мурдагы шарттарга толук кайтабыз.
Роухани мындай талап менен чыгары буга чейин эле белгилүү болчу. Мунун алдын алып 4-ноябрда Кошмо Штаттардын Иран боюнча атайын өкүлү Брайан Хук билдирүү жасаган.
Анда “Келишимге кол коюшкан башка өлкөлөрдү Кошмо Штаттарына талап койдурууга мажбурлап, Иран өзөктүк келишимди аткарууга кайтсын деген биздин басымды алсыратууну көздөөдө”, - деп Тегеранды деп айыптаган.
Ал эми Германиянын тышкы иштер министри Хеико Маас Тегерандын келишимден кетенчиктеген ар бир кадамы опурталдуу дейт:
- Биз муну алгылыксыз деп эсептейбиз. Акыр-аягы Иран бүтүндөй өзөктүк келишимди тобокелге салып атат. Ошон үчүн биз Иран өзөктүк келишимдеги милдеттенмелерине кайтып келет деп күтөбүз.
Анткен менен министр Маас кандайдыр убада берүүдөн карманууда. Франциянын Тышкы иштер министрлиги ушул өңдүү билдирүү таратып, өлкө мурдагыдай эле келишимди жактай турганын бекемдеди.
Эл аралык саясаттагы Ирандын өнөктөшү Орусия “жагдайдын өнүгүшүнө тынчсыздануу менен байкоо салып жатканын” президенттин пресс-катчысы Дмитрий Песков кабардар кылды.
Ал арада Хасан Роухани шарттары аткарылса, Иран кайрадан бардык милдеттемелерин аткара баштарына ишендирүүдө.
Ирандын өзөктүк программасын чектеген мунаса Кошмо Штаттарын президент Барак Обама башкарып турган кезде түзүлгөн. Буга жооп иретинде Иран үчүн АКШ менен Евробиримдиктин санкциялары алынып, базарлары ачыла баштаган.
Дональд Трамп бийликке келген соң келишимди кескин сынга алып, АКШнын кызыкчылыктарына төп келбейт деген пикирин билдирип, өткөн жылы майда андан чыгып кеткен.
Вашингтон Тегеранга карата 12 талап коюп, алар аткарылса гана жаңысына кол коюларын билдирген. Алардын арасында Иран уран байытуусун, Йемендеги шиит козголоңчуларын колдогонун, Израилди коркутуп-үркүткөнүн токтотушу керек, андан тышкары Сирия аймагындагы бардык күчтөрүн чыгарып кетиши керек деген шарттар бар.