Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:45

Казакстанда Пермь-Ташкент багытындагы автобус кырсыкка учурап, беш адам мерт болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандын Актөбө облусунда Пермь-Ташкент багытындагы автобус аварияга учурап, беш адам, анын ичинде эки өзбек жараны мерт болду. Кабарларга караганда, дагы 11 адам ооруканага жеткирилди.

Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кырсык 7-декабрда таңга маал Айтекебий районунда орун алганын кабарлады. Автобуста 49 жүргүнчү болгон.

Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жумушчу топ түзүлгөнүн, жол кырсыгында мерт болгон жарандардын сөөгүн мекенине жеткирүү, жакындарына жардам көрсөтүү иштери жүрүп жатканын кабарлады.

Учруда кырсыктын себептери так аныктала элек. Актөбө облусунун полициясы сотко чейинки териштирүү баштады.

Расмий маалыматка ылайык, жыл сайын Казакстанда жол кырсыктарынан 10 миңдей адам наюыт болот. Авариянын негизги себептери катары айдоочулардын жол эрежесин сактабаганы, жолдордун абалы аталат.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG