Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху 7-декабрда ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) Газада кармап турган акыркы туткундун сөөгүн кайтарган соң ок атышуунун “экинчи баскычы” жакын арада башталарын билдирди.
Ал Германиянын канцлери Фридрих Мерц менен биргелешкен маалымат жыйында экинчи баскыч ай соңунда башталышы мүмкүндүгүн айтты. Анда ХАМАСты куралсыздандыруу жана Израил күчтөрүн Газадан чыгаруу каралган.
ХАМАС 24 жаштагы полиция кызматкери Ран Гвилинин сөөгүн али өткөрүп бере элек. Аны жоочулар 2023-жылдын 7-октябрындагы кол салуу маалында өлтүрүп, сөөгүн Газага чыгарып кеткен.
Трамп сунуштаган 20 пункттан турган тынчтык планына ылайык, биринчи баскычта ХАМАС бардык туткундардын сөөгүн өткөрүп бериши керек. Ал эми Израил 15 палестиндин сөөгүн өткөрүп бермек.
ХАМАС сөөктөрдүн баарын таба албай жатканын, алардын көпчүлүгү Израилдин эки жылдык аскердик операциясынан кийин уранды алдында калганын жүйө кылууда.
Израил сөөктөр кайтарылбаса, аскердик операциялар уланып, гуманитардык жардам чектелерин эскертти. Барымтага алынгандардын үй-бүлөлөрү “Ран Гвилинин сөөгү кайтарылмайынча, кийинки баскычка өтүү мүмкүн эмес” деп билдиришти.
"Ассошиэйтед Пресс" агенттиги ХАМАСтын жогорку даражалуу өкүлүнө таянып, кыймыл “куралдан убактылуу кампага өткөрүү же тапшыруу” сыяктуу варианттарды талкуулоого даяр экенин жазды. Бул ок атышуунун эң татаал бөлүктөрүнүн бири.
Нетаньяху биринчи баскыч күмөн саноолорго карабай кийин ишке ашканын, экинчи баскыч да дал ушундай татаал экенин белгиледи. Ал эми үчүнчү баскыч катары Газаны “радикалдардан арылтуу” маселесин атады.
Канцлер Мерц Германия экинчи этапты ишке ашырууда катышып жатканын, АКШ жетектеген координациялык борборго офицерлерди жана дипломаттарды жөнөткөнүн айтты.
Ал Германия эки мамлекеттүү чечимди эң ылайыктуу жол деп эсептей турганын, бирок палестин мамлекетин таануу процесстин башында эмес, соңунда гана мүмкүн экенин белгиледи.
2023-жылдагы ХАМАС чабуулунда 1200дөй адам өлүп, 250дөн ашуун киши барымтага алынган. Алардын арасынан тирүү калгандарынын баары, каза болгондорунун сөөктөрү кайтарылды.
Израилдин Газадагы операциясы 70 360тан ашык палестиналыктын өмүрүн алганын анклавдын Саламаттыкты сактоо башкармалыгы билдирген. Алардын теңи аялдар жана балдар.
Шерине