Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жумушчу тобу 8-декабрдагы отурумунда №19 шайлоо округунан талапкер Рысгүл Акимжанова жазган арызды карап, далилдер жетишсиз деген негизде канааттандыруудан баш тартты. Анда Акимжанова ал катышкан округда башка талапкерлер тарабынан добуш сатып алуу фактылары болгону тууралуу билдирген.
Бул жыйында №26 шайлоо округунда талапкер Медербек Саккараевдин үгүтчүлөрү акча таратканы тууралуу арызды дагы карады, бирок чечим чыгарган жок. Анда Ички иштер министрлигинин өкүлү Улан Зикиралиев бул арыздын негизинде акча таратты деген Нурлан Шаршеналиев суракка алынганын, жоопко тартылганын билдирди. Тергөөчүнүн уруксаты менен ал жумушуна байланыштуу чет өлкөгө кеткенин, кайтып келерин маалымдады. ИИМдин өкүлү ал өзүнүн жеке кызыкчылыгынан улам акча таратканын, ал тууралуу Саккараев билбегенин, тергөө уланып жатканын айтты.
Бул округдан талапкер Элдар Абакиров БШКга жана укук тартибин коргоо органдарына кайрылып, ушул аймакта аныкталган 460 миң сомдун чоо-жайын, айрым тилкелердеги добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылып жатканын териштирүүнү талап кылган.
Бул маселени Боршайком 5-декабрдагы отурумунда дагы караган жана чечим укук тартибин коргоо органдарынын корутундусунан кийин кабыл алынарын билдирген.
БШК буга чейин №13 округдагы шайлоонун жыйынтыгын "добуш берүүнүн купуялуугу бузулду" деген жүйө менен жокко чыгарган жана кайра шайлоо дайындаларын билдирген. Ошондой эле айрым шайлоо тилкелериндеги добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарган жана бул талкуу жараткан.
Шерине