Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:44

Тегерандагы кол салуудан он үч адам өлдү


Парламент алдындагы коопсуздук күчтөрү.
Парламент алдындагы коопсуздук күчтөрү.

Ирандын баш калаасында бүгүн куралчан адамдар парламент имаратына жана Аятолла Хомейнинин күмбөзүнө кол салышты. Бийликтин расмий өкүлү 13 кишинин набыт кеткенин ырастады. “Ислам мамлекети” экстремисттик уюму кош чабуулду алардын согушкерлери ишке ашырганын өзүнүн “Амак” агенттиги аркылуу билдирди.

Ирандын чукул кырдаалдар департаментинин башчысы Пир Хосейни Коливанд 12 кишинин окко учканын, 39 кишинин жарадар болгонун билдирди. Бирок курман болгондор арасында кол салгандар барбы же жокпу белгисиз.

7-июнда түшкө жакын кеминде үч куралчан киши, (алардын бири жанкечти) Аятолла Рухолла Хомейнинин Тегерандын түштүк ыптасында орун алган күмбөзүндө зыяратчыларга ок аткан.

- Мен ооруканага баргам, үч-беш мүнөттөн кийин ок атылганын уктум, анан чуру-чуу түшүп, коопсуздук аскерлери келип, көчөнү жабышты. Бул душмандардын жасаганы, бирок алар ким экенин билбейм, - деп айтып берди күбөлөрдүн бири.

Press TV телеканалы кол салгандардын үчөө тең кармалганын кабарлады.

Ошол эле маалда аялдардын көйнөгүн кийип, "Калашников" автоматы менен куралданган бир нече киши сессия өтүп жаткан кезде парламент имаратына кирип барышкан.

“Тасним” кабар агенттигинин маалыматы боюнча ички иштер министринин орун басары Мохаммад Хосейн Золфагари “Алардын бири атып өлтүрүлгөн, дагы бирөө дүрмөттөлгөн желеткесин жардырып жиберген” деп билдирди.

Жергиликтүү маалымат каражаттары парламент бир нече саат бою курчоого алынганын, ичиндеги бир нече кишини кармап турган төрт барымтачы атып өлтүрүлгөнүн жазып чыкты.

Ал эми мамлекеттик IRIB каналы Тегерандын губернатору Хосейин Хашеминин сөздөрүнө таянып, кол салгандардын бири жанындагы бомбаны жардырып жибергенин, бирин коопсуздук күчтөрү атып өлтүргөнүн, калгандары колго түшкөнүн билдирди.

Ага чейин айрым булактар мыйзам чыгаруучу Элияс Хазратиге шилтеме жасап парламентке үч киши чабуул койгонун, экөө "Калашников" автоматы, бирөө тапанча менен куралданганын кабарлашкан.

Иран парламенти теракттан кийин
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:55 0:00

Маалыматтарга караганда эки окуя дээрлик бир эле мезгилде болуп, болжол менен координацияланып турган.

Ирандын коопсуздук министрлиги кол салууларды террордук топтор ишке ашырганын, үчүнчү жерде чабуул коюуга даярданган дагы бир топтун мүчөлөрү кармалганын билдирди.

“Ислам мамлекети” радикал уюму пропагандалык “Амак” агенттиги аркылуу кол салуулар үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды. Суннит мусулмандардын бул экстремисттик уюму шииттер үстөмдүк кылган өлкөдө ушуну менен биринчи ирет теракт уюштурду.

Буга чейин айрым эксперттер жоочулар Иранда үгүт иштерин күчөткөнүн айтып келишкен эле.

"Фарда" радиосунун редактору Мохаммад Баграти мындай кол салууларга өлкө ондогон жылдардан бери туш болбогонун белгилейт:

- Иран өзүн көптөн бери региондогу “стабилдүүлүктүн аралчасы” деп атап жүрөт. Буга чейин мындай кол салууларды аймактын башка жерлеринен, Европадан көрүп келген элек. Белгилей кетчү нерсе – чабуул үчүн эки символикалык жай тандалган. Бийликтер парламентти “демократиянын ордосу” деп аташат. Экинчиси да Иран режими үчүн өтө маанилүү жер - Аятолла Хомейнинин күмбөзү.

Мамлекеттик ИРНА агенттигинин маалыматына караганда, Иран парламентинин спикери Али Ларижани “бул майда инцидент" экенин, бирок террорчулар бузукулук кылууну көздөгөнү ачыкка чыкканын билдирди.

Дүйнө азыр Тегерандагы кол салууларга абай салып турат. Ал арада Орусия терактты кескин айыптаганы маалым болду.

- Террорчулардын тынчыбай жатышына тилекке каршы дээлик күн сайын күбө болуп жатабыз. Аны бүгүн Иранда болгон окуя да айгинелейт. Чабуулду баягы эле “Ислам мамлекети” радикал тобу өз моюнуна алды, - деди Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.

Бул чабуулдар президенттик шайлоодон бир ай өтө электе болуп отурат. Байистүү саясатчы болуп эсептелген президент Хасан Роухани 19-майда экинчи мөөнөткө шайланган.

Ирандык журналист Хана Кавиани "Азаттык" радиосуна курган маегинде Тегеранда болгон кош чабуулдун жоо-жайына токтолот.

Иран: Террордук чабуул, Араб мамлекеттери менен мамиле
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:08 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG