Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:33

ИМ тобу Иранга пропагандасын күчөттү


"Ислам мамлекетти" экстремисттик тобу эми "Румийя" интернет журналын перс тилине да которгон.
"Ислам мамлекетти" экстремисттик тобу эми "Румийя" интернет журналын перс тилине да которгон.

"Ислам мамлекети" экстремисттик тобу соңку кездери Иранга, өзгөчө бул өлкөдөгү калктын суннит катмарына багытталган пропагандасын күчөткөнү байкалууда. Муну менен жихадчылар эми өз катарына ирандыктарды көбүрөөк тартууну көздөп жаткандай.

“Ислам мамлекети” экстремисттик тобу катарына ирандыктарды тартууну көздөгөн өнөктүгүн акыркы айларда перс тилин колдонуу менен күчөткөнүн жихадчылардын пропагандасына байкоо салган эксперттер да белгилешүүдө.

Маселен, быйыл март айында эле перс тилинде жайылткан видеотасмада ИМ тобу Ирандагы суннит азчылыгын шийиттер үстөмдүк кылган истеблишментке каршы көтөрүлүүгө үндөгөн эле.

Мамлекеттик теле өз тарабынан ал тасманы “нонсенс” жана жихадчылардын коңшу Ирактагы жоготууларын жашыруу аракети деп мүнөздөгөн.

Эксперттер “Ислам мамлекети” тобу буга чейин интернетте англис, орус, француз, индонезия тилинде жарыялаган “Румийя” (Rumiyah) журналын эми перс тилине да которуп, кеминде андан төртөөнү чыгарганына да көңүл бурушууда.

ИМ тобу 2015-жылы тараткан видеотасмадан тартылган сүрөт.
ИМ тобу 2015-жылы тараткан видеотасмадан тартылган сүрөт.

Өзү интернеттеги пропаганда “Ислам мамлекети” тобу үчүн катарына жаңы мүчөлөрдү жана колдоочуларды тартып, идеологиясын жайылтуу стратегиясындагы чечүүчү аспект болуп келген эле.

Бирок, Ирак менен Сирияга кезинде башка өлкөлөрдөн миңдеген адамдарды азгыра алган ИМ тобунун буга чейинки пропагандасы Иранда алар күткөн натыйжа бербегендей:

- “Ислам мамлекети” тобунун идеологиясы ирандык сунниттердин арасында анчалык ийгилик таба албагандай көрүнөт. Анткени, алар Иранда негизинен калктын суннит катмарына жетүүгө аракеттенип келет. Менимче, ирандык сунниттердин өлкөдөгү саясий иш-чараларга катышуу көрсөткүчүнүн жогорулугу - алар “Ислам мамлекети” тобуна азгырылбаганынын бир белгиси. Мисалы, май айындагы президенттик шайлоодо калктын басымдуу бөлүгүн сунниттер түзгөн провинцияларда алардын катышуу көрсөткүчү кеминде 60%, атүгүл айрымдарына 90% чейин жеткен, - дейт “Азаттыктын” Иран боюнча талдоочусу Голназ Эсфандияри.

Сунниттер Ирандын 81 миллион калкынын 8%дайын түзөт.

Эксперттер ИМ тобунун ирандык суниттер арасындагы азгырыгы анчалык ийгилик таба албаганын исламдын жихадчылар карманган радикал салафи түрү жана перс маданияты мунай менен суудай эле аралаша албаганы менен да түшүндүрүшөт.

ИМ тобу перси тилинде жарыялаган видеодон алынган сүрөт. Март, 2017-жыл.
ИМ тобу перси тилинде жарыялаган видеодон алынган сүрөт. Март, 2017-жыл.

“Ислам мамлекети” тобунун катарында ирандыктардын аз болушу бир жагынан мына ушул жагдайга байланыштуудай:

- Биз алардын саны канча экенин билбейбиз, бирок абдан эле аздай. Ирандык расмийлердин буга чейинки билдирүүлөрүнө караганда, алар өлкө ичинен да ИМ тобуна тиешеси барларды кармап-камаган учурлар болгон. Жакында эле мына ооган бийликтери Нангархар провинциясынан алар өзүн ИМдин ирандык мүчөсүмүн деп ырастаган адамды кармаганын билдиришти. Ошондой эле былтыр жанкечтиликке барган жихадчылардын арасында да ирандыктар бардыгын чагылдырган иликтөөлөр чыккан. Мына ушундай маалыматтар бар, бирок ИМ тобунун мүчөлөрү же ага жан тарткандар арасында ирандыктар канча экенин болжолдоп айтуу да кыйыныраак, - дейт “Азаттыктын” Иран боюнча талдоочусу Голназ Эсфандияри.

2015-жылдын декабрынан 2016-жылдын ноябрына чейин Ирак менен Сирияда жанкечтиликке кеминде жети ирандык барганы Терроризмге каршы күрөшүү боюнча Гаагадагы эл аралык борбор даярдаган баяндамада көргөзүлгөн.

Ал эми Ирандын чалгын министри Махмуд Алави былтыр кеминде бир жарым миң ирандыктын ИМ тобуна кошулуп кетүүсү алдын алынды деп жарыялаган болчу.

Бийликтер ошондой эле Тегеранда жана башка шаарлардагы коомдук жайларда пландалган бир нече террордук чабуул алдын алынды деп да билдиришкен:

- Биз өзгөчө былтыр бийликтер “Ислам мамлекети” тобунун коркунучу тууралуу эскертип, өлкөнүн ичинен бир нече теракт алдын алынды деп ырасташканына күбө болгонбуз. Бирок, Иран жабык мамлекет болгондуктан ал иштердин деталдары айтылган эмес. Мамлекеттик теледен ИМ тобу Тегеранда ири теракт пландаган деген да документалдык тасма, террорчулар делген адамдардын өздөрү да көргөзүлгөн. Биз мына ушундай ырастоолор гана болгонун билебиз.

Иран бийликтери, буга чейин эгер ИМ тобунун согушкерлери алардын чек арасына 40 чакырымдай жакындаса, чечкиндүү кадамдарга барышарын айткан жайы бар.

Иран буга чейин “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери бар Сирияга аскерий кеңешчилери менен катар миңдеген “ыктыярчыларды” жөнөткөн.

Бирок, анын Башар Асадын режимине көргөзгөн аскерий колдоосунун максаттары эки башка бааланып келет.

Ирандын аскерий кеңешчилери жана ал колдогон шийит кошуундары ИМ тобуна каршы аскерий операция жүргүзүп жаткан Иракта да бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG