Украинанын Харьков шаарында миңдеген тургундар Москванын болжолдуу кол салуусуна каршы жүрүшкө чыгышты. АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Орусия Украинага бир нече күндүн же аптанын ичинде кол салышы мүмкүндүгүн эскертти. Бирок Москва мындай планы жок экенин билдирип жатат.
Орусиянын чегинен 30 чакырымдай гана алыстыкта жайгашкан Украинанын экинчи ири шаарында ишемби күнү 5 миңдей киши жүрүшкө чыкты.
Харьковдун тургундары көк жана сары түстөгү 100 метрлик украин желегин көтөрүп, "Украинага даңк, баатырларга даңк!" деп ураан чакырып жатышты.
Жергиликтүү саясий жана өкмөттүк эмес уюмдар уюштурган бул демонстрацияга катышкандардын баары бир ооздон Орусияны Украинадан оолак турууга чакырышты.
Алар орус армиясы Украинага басып кире турган болсо, өз мекенин коргоого даяр экенин да эскеришти.
"Биз Орусияны бул жакта көргүбүз келбейт. Азыр өзүбүздүн мүдө-максатыбызды ачык билдирбесек, айрым акылсыздар Путинди чакыра башташат жана Донбасстын тагдыры кайталанат", - деп айтты Харьковдун тургуну Ирина Гаева.
"Мен Путинге салам жолдоп, минтип айткым келет: "Путин, өзүңө жана өзүңдүн акылсыздыгына каршы согуш жарыяла!", - деди Микола Хришко.
1,4 миллиондой калкы бар Харьков танк, учак жана трактор чыгарган заводдор жайгашкан өндүрүштүк шаар. Украинанын президенти Владимир Зеленский Харьков чек арага жакын жайгашканы үчүн Орусиянын болжолдуу чабуулунун негизги бутасы болушу мүмкүндүгүн эскерткен.
АКШ аскерлери Польшага келди
Орусия кеч күздөн бери Украинанын түштүк-чыгышына жакын аймактарда 100 миңден ашуун аскерин жана аскердик техникаларын топтоду. Соңку жумаларда Украинанын түндүгүнө жакын Беларустун аймактарына да орус аскерлери келип жатат. Батыш менен Киев Орусия жакын арада Украинага кол салышы мүмкүндүгүн эскертип келет.
Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Орусия Украинага бир нече күндүн же аптанын ичинде кол салышы мүмкүндүгүн 6-февралда америкалык телеканалдарга курган маегинде айтты.
"Биз Владимир Путин Украинага кол салууга буйрук берет деген абдан анык ыктымалдуулук бар деп ишенебиз. Анын формасы ар түрдүүчө болушу мүмкүн. Ал эң эрте дегенде эртең болушу мүмкүн, же бир аптанын ичинде орун алышы ыктымал. Ал армиясын жайгаштыруу менен өзүн Украинага каршы каалаган учурда агрессивдүү аракетке өтүүгө мүмкүнчүлүк берген позицияга коюп алды. Биз украиналыктарга материалдык жардам көрсөтүүгө биздин өнөктөштөрдү үндөө үчүн катуу иштеп жатабыз", - деди Салливан ABC телеканалы менен маегинде.
Би-Би-Си 6-февралда АКШдагы бийлик өкүлдөрүнө шилтеме кылып жазгандай, Орусия Украинаны басып алууга керек боло турган куралдуу күчтөрүнүн 70 пайызга чукулун топтоп койду. Маалыматка ылайык, февралдын ортосунан марттын аягына чейин жер тоң болуп турган кезде орус армиясы дагы оор аскердик техникасын Украина менен чек аралаш аймактарга алып келиши мүмкүн.
Мындай болжолдуу коркунучтан улам Батыш жана НАТОго мүчө бир катар өлкөлөр Киевге дипломатиялык колдоодон тышкары курал-жарак жана каражат жагынан жардам көрсөтүүдө.
5-февралда Кошмо Штаттардан жөнөтүлгөн курал-жарактардын кезектеги тобу Киевге келип түштү. Reuters жаңылыктар агенттиги билдиргендей, Вашингтон Украинага жалпысынан коргонуу тармагында 200 миллион доллардык жардам көрсөтүүнү убада кылган.
Өткөн шаршемби күнү АКШ президенти Жо Байден НАТОнун Чыгыш Европадагы өнөктөштөрүн Украинадагы кризистин ыктымал эпкининен коргоо максатында Польша менен Румынияга 3 миңге чукул аскер жөнөтүү чечимин кабыл алган. Алардын алгачкы бөлүгү ишемби күнү Польшанын Жешув аскердик базасына келип түштү.
"Жалпысынан АКШ армиясынын 1700 аскери Польшага жөнөтүлөт. Бул Кошмо Штаттардын куралдуу күчтөрүнүн элиталык бөлүгү. Чукул коңгуроо келип түшкөндөн кийин бир нече сааттын ичинде дүйнөнүн булуң-бурчунда тапшырмаларды аткаруу жана миссияны ишке ашыруу үчүн жетиштүү деңгээлде жабдылган жана машыгуудан өткөн бөлүк", - деп билдирди поляк армиясынын өкүлү, майор Пшемыслав Липчинский.
Орусия эмнени көздөйт?
Москва Украинага кол салуу ниети жок экенин, аскерлер машыгуу максатын гана көздөй турганын билдирип жатат. Ошентсе да Орусия "Украина НАТОго мүчө болбошу керек" деп катуу талап коюп жатат.
Декабрь айында Москва мындай талаптары камтылган макулдашуулардын долбоорун АКШга жолдогон. Анда НАТО Украинадан, Кавказ аймагынан жана Борбор Азиядан оолак турушу керек экени, Түндүк атлантикалык аскердик альянс мурдагы советтик республикалардын аймагында өз аскердик базаларын ача албай турганы жазылган.
Январь айынын соңунда Кошмо Штаттар Орусиянын мындай талаптарына жооп берген. Бирок Кремл ал жоопто башкы талаптары аткарылбай калганын айтып жатат.
“Биз НАТОнун кеңейишине, Орусиянын чек арасынын жанына сокку уруучу курал-жарактарды жайгаштыруудан баш тартууга жана блоктун Европадагы аскердик инфраструктурасын 1997-жылдагы позициясына кайтарууга байланыштуу үч негизги талабыбыз эске алынбаганын көрдүк”, - деп билдирген 1-февралда орус президенти Владимир Путин.
НАТО "ачык эшик" саясатын эч ким жокко чыгара албай турганын эскертип жатат.
2014-жылы Орусия Крымды аннексиялагандан көп өтпөй Украинанын чыгышында Москва колдогон жикчилдер менен украин армиясынын ортосунда кармаш тутанган. Андан бери 14 миңдей адамдын өмүрү кыйылды.