Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:49

ЖАМК абактагы Имамидин Ташов кыйноого кабылбаганын билдирди


Имамидин Ташов Бишкектин Биринчи май райондук сотунда. 6-декабрь, 2024-жыл.
Имамидин Ташов Бишкектин Биринчи май райондук сотунда. 6-декабрь, 2024-жыл.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан ишкер, “KG Group” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовдун абакта басым-кысымга кабылганы тууралуу дооматын четке каккан билдирүү таратты.

Мекеме тергөө абагында жаткандар ички тартип-эрежени сактап, камакта жаткандарга жана абактан кызматкерлерине сылык мамиле кылышы керектигин белгиледи. Камерада тазалыкты сактап, түрмө кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийиши зарыл экенин кошумчалады.

“Тергөө абагында отурган бардык айыпталуучулар менен соттолгондор өздүк гигиенаны сактоого, чачын, сакал-мурутун кыска алып жүрүүгө, зарыл болгон учурда аты-жөнү жазылган кийимдерди кийүүгө, абактын көрктөндүрүү иштерине катышууга милдеттүү”, - деп айтылат маалыматта.

Имамидин Ташов буга чейин тергөө абагында жаткандарга кара түстөтү кийимдерди кийүү талабы коюлуп, чачтарын күчкө салып кырып салган окуялар бар экенин, соттун чечими чыга элек айыпталуучуларды сөгүп, корс мамиле жасаган фактылар катталганын айткан. 29-сентябрда абактан кат жазып, ушундай басым-кысымдан улам ачкачылык жарыялаганын билдирген.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 25-июлда Имамидин Ташовду үй-мүлкүн конфискациялоо менен тогуз жылга эркинен ажыраткан.

Райондук соттун өкүмүнө каршы адвокат шаардык сотко апелляциялык арыз жазган. Жактоочу иш райондук сотто каралып жатканда айыпталуучу тарап келтирген өтүнүчтөрдүн көбү канааттандырылбай калганын, жактоочуларга басым болгонун, айыпталуучу кыйноого кабылган жагдайлар эске алынбаганын белгилеген. Иш ушул тапта Бишкек шаардык сотунда каралууда.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Имамидин Ташовду 2024-жылы апрелде кармаган. Атайын кызмат ага чейин издөөдө жүргөн ишкер кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өткөн соң Чүйдүн Панфилов районунун Кайыңды айылында кармалганын билдирген.

Имамидин Ташовго Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айып коюлган. Ишкер коюлган киненин баарын четке кагып келет. Андан сырткары алдамчылык беренеси менен козголгон бир канча иш тергелип жатканы белгилүү болгон.

Ал кыйноого кабылганын, начар шартта кармалып жатканын айтып өзүнө бир нече жолу кол салган жана ачкачылык кармаган. (BTo)



Шерине

XS
SM
MD
LG