Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:07

Молдованын оппозициялык альянсы шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдирди


Оппозициянын акциясына каршы болгон кишини полиция кармап кетти. Кишинев, 29-сентябрь 2025-жыл
Оппозициянын акциясына каршы болгон кишини полиция кармап кетти. Кишинев, 29-сентябрь 2025-жыл

29-сентябрда Молдованын мурдагы президенти Игорь Додон жетектеген Патриоттук шайлоо блогунун тарапкерлери добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныбай турганын айтып, парламенттин алдында акцияга чыгышты.

Додон президент Майя Сандунун башкаруудагы европачыл "Аракет жана тилектештик" (PAS) партиясын «диаспоранын эсебинен бийликте калды» деп сындады. Саясатчы БШКга апелляциялык арыз берерин, анын альянсы башка оппозициялык күчтөр менен бирге өлкөнүн ичинде көбүрөөк добуш алганын белгиледи. Додон тарапташтарын тарап кетүүгө жана ал айтмайынча акцияларга чыкпоого үндөдү.

«Азаттыктын» молдован редакциясы жазганына караганда, акция 15 мүнөткө созулду жана майда инциденттер менен коштолду. Көчөдө өтүп бараткандардын бири «Украинага даңк!» деп кыйкырып ал жерде турган митингчилер менен араздаша кетип, полицияга аралашууга туура келди. Ал кишини тартип коргоочулар кармап кетишкени, чогулгандар орусиячыл ураандарды чакырганы кабарланды.

Жекшемби күнкү парламенттик шайлоодо европачыл PAS добуштардын 50,16% алып, ага 55 депутаттык мандат тиймей болду. Патриоттук шайлоо блогу эки эсе аз добуш топтоду. Чет жактардагы жарандардын 80% Сандунун партиясын колдосо, Додондун альянсына диаспоралардан 5% ишеним көргөзүлгөн.

Шайлоо алдында Молдованын бийлиги орусиячыл түзүмдөр өлкөдөгү кырдаалды курчутуу аракетин көрүүдө деп айыптап келген.

Москва дооматтарды четке кагып, орус чалгын кызматы Батыш Молдованы «басып алгысы келет» деп билдиргени бар.

Бул шайлоо өнөктүгү Евробиримдикке талапкер макамы ыйгарылган Молдованын келечеги үчүн маанилүү болчу.


Шерине

XS
SM
MD
LG