Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:02

Бээжин-2022: Цзинпиндин Путинге сунушу


Кытайдын төрагасы Си Цзинпин Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын лидерлери менен дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына карата виртуалдык саммитте жолугушту.
Кытайдын төрагасы Си Цзинпин Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын лидерлери менен дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына карата виртуалдык саммитте жолугушту.

Кытайдын төрагасы Си Цзинпин Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикасын жана коопсуздугун чыңдоого жарым миллиард доллар жардам берүүнү убада кылды.

Си Цзинпин 25-январда дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына арналган онлайн-саммитте Кытай Борбор Азия өлкөлөрү менен бирге кең келечекти куруу үчүн тыгыз кызматташууга даяр экенин билдирди.

Бээжиндин тыгыз кызматташтык сунушу

Кытайдын төрагасы Си Цзинпин Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын лидерлери менен дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына карата виртуалдык саммитте жолугушту.

Ал Кытай менен Борбордук Азиянын беш өлкөсүнүн ортосундагы ийгиликтүү кызматташтыктын ачкычы өз ара сый-урмат, жакын кошуналык, достук жана тилектештик экенин белгиледи.

Си Цзинпин
Си Цзинпин

"Эски кытай макалында айтылгандай "бир кадам таштабай туруп, эң кыска жол да арбыбайт". Аракетсиз эң майда иш да бүтпөйт. Келгиле, алты өлкөнүн элинин жалпы жыргалчылыгын эске алып, биздин достукту колдоп, кызматташтыкты өнүктүрөлү. Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы мамилелердин жаркын келечеги үчүн бирге иштешели. Анан да, адамзаттын жалпы келечек коомдоштугун курууга бирге көмөктөшөлү", - деди Кытайдын төрагасы Си Цзинпин.

Кытай лидери чөлкөмдүн өлкөлөрүн каржылык колдоо үчүн алдыдагы үч жылда 500 млн. доллар грант жардам берүүдөн сырткары, быйыл кошуна беш мамлекетке COVID-19 вирусуна каршы вакцинанын 50 миллион дозасын убада кылды. Ошондой эле ал Борбор Азиядагы беш өлкөгө Бээжин вакцина өндүрүү технологиясын өткөрүп бериши мүмкүн экенин билдирди.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу: чөлкөмдүн кан тамыры

Си Цзинпин элдин жашоосун жакшыртууну камтыган долбоорлорду батыл ишке ашыруу керектигин айтты.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев темир жол долбоорун баштоону тездетүү үчүн Координациялык комитет түзүүнү сунуштады.

Шавкат Мирзиёев, Өзбекстандын президенти.
Шавкат Мирзиёев, Өзбекстандын президенти.

"Бул жагдай артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу мөөнөтү менен сапатына терс таасирин тийгизүүдө. Ушуга байланыштуу биз үзгүлтүксүз жүк агымын камсыздоо жана транс-регионалдык логистикалык тармактарды өнүктүрүү үчүн системалуу чечимдерди иштеп чыгуу маанилүү. Ушуга байланыштуу үзгүлтүксүз жүк агымын камсыздоо жана транс-регионалдык логистикалык тармактарды өнүктүрүү үчүн быйылкы жылы Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун практикалык ишке ашырууну баштоо маанилүү", - деди Шавкат Мирзиёев.

Анын бул сунушун Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да колдоду. Садыр Жапаров чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн экономикасында "чоң секирик" жасоо үчүн темир жол курулушу маанилүү экенин айтты.

Садыр Жапаров онлайн саммит учурунда.
Садыр Жапаров онлайн саммит учурунда.

"Кыргызстан ар кайсы өлкөлөрдүн ырашкердикте жанаша жашоосун жана ынтымагын өнүктүрүүгө багытталган бул масштабдуу башатты биргелешип ишке ашырууга аябай маани берет. Ошону менен бирге эле бул кезде "Бир алкак — бир жол" демилгеси бүтүндөй аймактын социалдык-экономикалык кайра түзүлүшү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзөт", - деп билдирди Садыр Жапаров.

Кытай Борбор Азия чөлкөмү менен тыгыз байланышта болууга тымызын умтулуп келет. Бирок Москва мурдагы советтик жумурияттарды өзүнүн таасир чөйрөсүнө кирген аймак катары карагандыгын эске алып, этият мамиле кылары белгиленип жүрөт. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев калыптана баштаган кызматташтык модели тууралуу айтты:

Касым-Жомарт Токаев, Казакстандын президенти.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстандын президенти.

"Жалпысынан соңку 30 жылда Борбордук Азия мамлекеттери бири-бирине жакшы кошуначылык жана бири-бирине чексиз колдоо көрсөтүүгө негизделген кызматташуунун натыйжалуу моделин иштеп чыгышты. Энергетикадагы кызматташтыктын стратегиялык мүнөзү жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу маанилүү. Азыр "Бир алкак, бир жол" мегадолбоорунун алкагында көп иштер бар", - деди Касым-Жомарт Токаев.

Онлайн саммитте беш өлкөнүн лидери тең Си Цзиньпиндин сунуштарын колдоп, Борбор Азия өлкөлөрү стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүп, Кытай менен жалпы келечекти куруу үчүн Бээжин менен тыгыз иштешүүгө даярдыгын билдиришти.

Быйыл чөлкөмдөгү мурдагы советтик беш республиканын Кытай менен дипломатиялык мамиле түзгөнүнө 30 жыл толду. Буга байланыштуу Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин биргелешкен билдирүүсү жарыяланды. Борбор Азия лидерлери келерки аптада Бээжинде башталчу Кышкы Олимп оюндарынын ачылыш аземине катышууга барат.

Цзинпиндин Путинге согушту токтотуп туруу сунушу

Ал арада Bloomberg басылмасы Бээжиндеги булагына таянып, Кытай лидери Си Цзинпин жакында Орусиянын президенти Владимир Путинден февралда өтчү Олимп оюндары маалында Украинага кол салбоону суранганын кабарлады.

Саясат таануучулар жана аскер эксперттери чындап эле ошондой өтүнүч болгонунан күмөн санашат. Бирок алар Кытай Украина менен болгон жаңжалда Орусияга колдоо көрсөтпөй турганын бир ооздон айтышууда. Тескерисинче, алардын айтымында, Орусия аралашкан согуш Кытай үчүн пайдасыз.

Ошого карабастан, айрым эксперттер орус-украин чатагы жазга чейин дипломатиялык жол менен чечилбесе, аскердик аракеттер болот деп эсептешет. Бээжин согуш аракеттери башталса, Кытай Орусиянын өнөктөшү катары жаңжалга тартылып калуудан кооптонору айтылды.

Кышкы Олимп оюндары Бээжинде 4-февралдан 20-февралга чейин өтөт. Путин Кытайдын төрагасынын чакыруусу менен ачылышына катышат. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги ошол эле күнү Владимир Путин менен Си Цзинпин сүйлөшүүлөрдү өткөрөрүн билдирди.

АКШ баштаган Батыш өлкөлөрү Шинжаңдагы Кытайдын катаал саясатына карата Бээжин-2022 Олимп оюндарына расмий делегацияларды жөнөтүүдөн баш тартып, дипломатиялык бойкот жарыялаган.

XS
SM
MD
LG