Израил жана ХАМАС радикал тобу (АКШ жана Евробиримдикте террордук деп таанылган) Газадагы согушту токтотуу жана Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу багытындагы жалпы келишимге “кыйла жакындады”. Бул тууралуу дүйшөмбүдө Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Левитт билдирди.
Fox News телеканалынын берүүсүнө катышкан Левитт президент Дональд Трамп 29-сентябрда Вашингтондогу жолугушууда Израилдин премьери Биньямин Нетаньяху менен 21 пункттан турган планды талкууларын айтты. Анын айтымында, президент согушту токтотуу аракеттерине арачы түшкөн Катардын лидерлери менен да кездешмекчи.
“Мунаса табуу үчүн, тараптар чегинүүлөргө барууга тийиш”, - деп кошумчалады Левитт.
Ал арада Израилдин армиясы – ЦАХАЛ Газа шаарындагы операциясын күчөтүп, танктар алдыга жылып жатат. Дүйшөмбүдө жергиликтүү жашоочуларга калаадан “дароо” чыгып кетүү тууралуу эскертилди. Бирок газалыктардын айрымдары эвакуация тууралуу баракчаларды күнүгө таштап жатышканын, коопсуз жерлер калбаганын айтышат.
Маалыматтарга караганда, августтун этегинен бери Газанын эң ири калаасынан жарым миллиондой киши жер которууга мажбур болду. ЦАХАЛ аларга түштүк тарапка баруу буйругун бергени менен гуманитардык уюмдар белгилегендей, ал жактарда качкындар лагерлери элге толуп калган, шаар-кыштактар жер менен жексен болгон.
2023-жылдын 7-октябрында радикал топтун согушкерлери Израилге Газа тараптан чабуул койгондо 1200дөй адам өлтүрүлүп, 251 киши барымтага алынган. Андан бери 140 чактысы бошотулду. Ушу тапта жоочулардын туткунундагы 20дай киши тирүү деп болжолдонууда.
Израил жоочуларга каршы баштаган согушта тилкенин саламаттыкты сактоо мекемеси билдиргендей, 66 миңден ашык киши каза тапты.
Шерине