Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:42

Google онлайн саякатка чакырды


Дүйнөдөгү эң узак темир жол каттамына билет узак болбой калды
Дүйнөдөгү эң узак темир жол каттамына билет узак болбой калды

Google компаниясынын Орусиядагы бөлүмү Орус темир жол каттамдары ишканасы менен биргеликте интернет колдонуучуларын Транссибирь магистралы аркылуу өлкөнүн 12 облусуна, 87 шаарына чыгара баштады.

Кадимки эле поезддин үнү. Биз азыр Орусиядагы Транссибирь магистралында баратабыз. Бир гана өзгөчөлүбү – мен үйдө эле отурам. Алдымда компьютер, Google сайты.

Сиз да азыр үйдөсүзбү, иштесизби, айтор, каерде болбоңуз, мени менен бирге виртуалдуу ушул саякатка чыксаңыз болот.



Интернетте Google дүйнөдөгү эң узак темир жол каттамына саякатка чакырган 150 сааттык тасмасын койду. Анда Москвадан баштап тээ Жапон деңизинин боюндагы Владивосток шаарына чейин барса болот.

Google дун Орусиядагы маркетинг боюнча директору Константин Кузьмин бул жаңы долбоор аркылуу интернет колдонуучулары дүйнөдөгү анча белгисиз жер жөнүндө маалымат алышат дейт.

“Чет-өлкөлүктөр Орусияны толугу менен кыдырып чыксак жакшы болмок деп калышат. Бирок биз бул долбоорду негизинен орусиялыктар үчүн жасадык. Азыр аларда ар жактарга барып, эс алууга мүмкүнчүлүгү бар. Бирок көптөр биздин өзүбүздүн мамлекетте да кызыктуу жайлар көп экенин биле беришпейт”, - дейт Константин Кузьмин.

Долбоор өткөн аптада эле ишке берилди. Ошого карабай, интернетте аны көргөндөрдүн саны жүз миңдеп саналууда. Чындап эле саякат кызыктуу экен. Ал 9 чакырым жерге созулуп, 12 региондон, 87 шаардан өтөт.

Поездде баратып, сиз орус фольклордук музыкасын уга аласыз. Китеп окуйм десеңиз, Лев Толстойдун “Согуш жана тынчтыгын” да аудио форматта коюп коюшат.

Жолдо баратып, сизге радио диджей Елена Абитаева ар кайсыл шаарлар жөнүндө баяндап берет. Мисалы, ал Улан-Удэге токтоп, ал жердеги Лениндин эстелигине кайрылды.

“Владимир Ильич Лениндин башы сегиз метрге жетет, - деп баянын баштайт диджей. - Бирок эмне үчүн анын баш кийими жок? Анткени бул коло скульптуранын салмагы – 42 тонна. Буга ылайыктуу кепканы Москвадан да таппайсыз! Владимир Ильич ушундай чоң баш, мээси кыйын иштеген адам болгонунда шек жок!”

Бул долбоор Google дун интерактивдүү картасын колдонот. Анын ийгилигине көзү жеткен Кузьминдин айтымында, алар жакын арада Орусиянын башка шаарлары жөнүндө да ушундай эле долбоорлорду жасаганы жатышат. Демек, онлайн саякат дагы уланат окшойт...

  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG