Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:52

Орусия: "770 миң мигрант өлкөдөн чыгып кетиши керек"


Сахароводогу миграция борборунда кезек күткөн мигранттар. 2022-жыл.
Сахароводогу миграция борборунда кезек күткөн мигранттар. 2022-жыл.

Орусияда миграция мыйзамдарын бузган деген айып менен "кара тизмеге" кирип, атайын берилген убакыт ичинде андан чыгууга үлгүрбөй калган жүз миңдеген мигрант өлкөдөн чыгып кетүүгө тийиш экени айтылды. Көзөмөл реестринде турган чет элдиктер арасында ондогон кыргызстандык да бар.

14-октябрда Орусиянын Мамлекеттик Думасынын спикери Вячеслав Володин өлкө аймагынан 770 миң мигрант чыгып кетүүгө тийиш экенин айтканы орус парламентинин расмий сайтына жарыяланды. Алардын үчтөн бири, Володиндин айтымында, аялдар жана балдар:

Вячеслав Володин
Вячеслав Володин

"Орусияда мыйзамдуу түрдө жүрүү макамы жок чет өлкөлүктөр өлкөдөн чыгып кетүүгө тийиш жана өздөрүнүн качан, кайдан жана кайсы жол менен кетерин билдириши керек. Эгер муну аткарбаса, аларды күч менен чыгаруу жана айып пул салуу каралган. Андан кийин аларга Орусияга кайра кирүүгө кеминде беш жылга тыюу салынат”.

Ошентип, Орусияда бир ай мурун көзөмөл реестринде турган чет элдик жарандарга мыйзамдашууга берилген мөөнөт аяктады. Эми ага үлгүрбөгөн жарандар өлкөдөн чыгып кетүүгө милдеттүү же депортация болот.

Мамдуманын төрагасы Володин быйылкы жылдын сегиз айында миграциялык мыйзамдарды бузган 35 миңге жакын чет элдик жаран өлкөдөн чыгарыларын кошумчалады.

Орусиядан чыгарылат делген 770 миң кишинин канчасы кыргызстандык мигрант экени ырастала элек. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) жана Орусиядагы элчилиги азырынча маалымат бере элек.

Жакында эле Орусиядан депортация болуп мекенине кайтып келгенин айткан Нурсултан мунун себебин медициналык кароодон өтпөй калганы менен түшүндүрүүдө:

"Мен медициналык кароодон өткөн эмес элем. Азыр эми аларды да реестрге киргизип, чектөө басып жатыптыр. Бул кичинекей эле кемчилик да. Азыр эми ар кандай талаптар чыгыптыр. Мисалы, каттоого турган үйүңдө үч күн жашабасаң текшерип келишет экен. Каттоого турган жерде жашоо негизи кыйын. Бул деген акылга сыйбаган нерсе”.

Нурсултан Кыргызстанга үйүнөн кабар алганы келе жатканда аэропорттон эле текшерип, депортация кылышканын айтып берди.

Соңку айларда Нурсултан сыяктуу “кара тизмеден” чыга албай мекенине канча киши кайтып келгени тууралуу так статистика жок. Бирок алдыда дагы мигранттар арасында үйүнө кайткандар көп болушу мүмкүн деген жоромол бар. Маселен, мигранттар менен иш алып барган юрист Мирлан Токтобеков учурда документтерин бүтүрө албай кайрылгандар өтө эле көп болуп жатканын айтууда:

Мирлан Токтобеков
Мирлан Токтобеков

"Аябагандай көп сандагы кишилер чалып жатат. Муну мигрантарга болгон чектөө деп айтсак болот. Мамлекеттин ичинде жүргөндөрдү чыгарганга аракет кылып жатышат. Азыр Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстандан келген мигранттарды Индиядан, Пакистандан келген мигранттарга алмаштырып жатышат. Алар арзаныраак иштейт, документтери виза менен кирет 2-3 жылдап жүрө албайт".

Орусия баш калаасы Москвада иштеп жүргөн Мээрбек (аты өзгөртүлдү) мурункуга караганда иштөөгө уруксат алган документтерди даярдоо өтө эле татаалдашып калганын айтып жатат. Ал ушу тапта мигранттарга карата “Нелегал” аталышындагы рейд жүрүп жатканын да кошумчалады. Мээрбек мигранттар арасында ушундай рейддердин жыйынтыгы менен дагы бир топ киши депортацияланышы мүмкүн деген чочулоо бар экенин жашырган жок:

"13-октябрдан баштап “Нелегал” аталышындагы рейд башталыптыр деп кыргыздардын группаларынын угуп жатам. Мен өзүм деле чогулап турам. Азыр документ жасоо аябагандай оор болуп калды. Азыр “Амина” деген тиркеме чыккан ага катталыш үчүн Сахарового барыш керек".

Соңку жылдары Орусияда мигранттарга карата эрежелер катаалдашып, улам жаңы талаптар айтылып келет. Быйыл эле мигранттарга каршы мыйзамдар биринен сала бири кабыл алынды. Анын ичинде 5-февралда Орусияда жаңы укуктук режим кирген.

Ага ылайык, Орусиянын аймагында жүрүүгө, жашоого мыйзамдуу негизи жок чет элдиктер өлкөнүн аймагынан чыгып кетүүгө тийиш. Ички иштер органдары (соттор менен бирге) чет өлкөлүк жарандарды айрым укук бузуулар үчүн Орусиядан депортациялоого укуктуу.

Орусия мигранттарга “кара тизмеден” чыгууга берген кошумча убакыт 10-сентябрда аяктады.

"Азаттык" бул жааттагы соңку абал тууралуу комментарий алуу үчүн Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине кайрылып, төмөнкүдөй маалымат алды:

Володин айткан 770 миң мигрант - Орусиядагы көзөмөлдөнүүчү адамдардын реестрине киргендер.

"Аталган 770 миң чет өлкөлүк жарандын ичинен 75 миңи Кыргызстандын жараны. Алар акыры Орусиянын аймагынан чыгып кетиши керек", - деп айтылды ТИМдин маалыматында.

Реестрден чыгууга берилген мөөнөт узартылбайт.

"Президент Садыр Жапаровдун атынан Орусиянын президентинин дарегине биздин жарандардын Орусиянын аймагында болушун мыйзамдаштыруу үчүн белгиленген мөөнөттү узартуу өтүнүчү менен кайрылуу жөнөтүлгөн. Жыйынтыгында бул мөөнөт Орусия президентинин 28-апрелдеги жарлыгы менен 10-сентябрга чейин узартылган. Бирок бул акыркы белгиленген мөөнөттү узартуу каралган эмес – жарлыкта 10-сентябрга чейинки акыркы мөөнөт белгиленген. Өзүнүн укуктук статусун белгиленген мөөнөттө жөнгө салбаган чет элдик жарандарга карата өлкөдөн чыгаруу жана келечекте Орусияга кирүүгө тыюу салуу чаралары колдонулат", - деп билдирди ТИМ.

Реестрде турган мигранттарды кандай тобокелдиктер күтөт?

ТИМдин маалыматына караганда, 40 миңге жакын кыргызстандык жаран Орусиянын аймагынан чыкпай туруп өзүнүн бул өлкөдө жүрүүсүн мыйзамдаштырып алды, ал эми 84 миңге жакыны өз алдынча чыгып кеткендигине байланыштуу аталган реестрден чыгарылды.

"Ал эми көзөмөлгө алынган адамдардын реестринен чыкпай калган же ага жаңы кирген жарандарга төмөнкү чектөө чаралары колдонулат:
− ички иштер органынын уруксатысыз Орусияда жашаган жерин же жүргөн жерин өзгөртүүгө тыюу салынат;
− банк эсебин ачуудан жана башка банктык операцияларды жүргүзүүдөн, ошондой эле көзөмөлдөнгөн адамдын эсебине акча каражаттарын которуудан, ага айына 30 миң рублдан ашык эмес өлчөмдө накталай акча каражаттарын берүүдөн баш тартылат;
− никеге турууга тыюу салынат;
− кыймылсыз мүлктү, транспорт каражаттарын алууга же ээликтен ажыратууга тыюу салынат, ошондой эле бул мүлктү мамлекеттик органдарда каттоого тыюу салынат;
− транспорт каражаттарын башкаруу укугу чектелет;
− Орусиянын мыйзамдарында каралган башка чектөөлөр колдонулат.
Жыйынтыктап айтканда, Орусияда жүрүү үчүн мыйзамдуу негиздери жок чет өлкөлүк жарандар көзөмөлдөнүүчү адамдардын реестрине киргизилет. Аларга карата чыгаруу режими колдонулат. Башкача айтканда, аталган жарандар акыры Орусиянын аймагынан чыгып кетиши керек", - деп белгиленди ТИМдин маалыматында.

15-сентябрга карата эсеп боюнча, көзөмөлдөнүүчү адамдардын реестринде Кыргызстандын 73 миңге жакын жараны болгон.

"Тилекке каршы, бүгүнкү күндө бул реестрде 75 миңге жакын жараныбыз бар. Жалпысынан алганда, реестрди “жандуу” механизм деп айтууга болот, анткени ал баарын автоматтык түрдө талдайт, мисалы, эгерде чет өлкөлүк жарандын Орусияда болуу мөөнөтү (миграциялык каттоосу) бүгүн аяктаса, ал автоматтык түрдө көзөмөлдөнүүчү адамдардын реестрине киргизилет", - деп кабарлады Кыргызстандын тышкы саясий мекемеси.

Шерине

XS
SM
MD
LG