Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:52

Баткенде МИКтин курулушунда жумушчу кабат үйдөн кулап каза болду


Кыргызстандагы курулуштардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы курулуштардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) Баткен шаарындагы курулушунда иштеп жаткан 28 жаштагы жумушчу көп кабаттуу үйдөн кулап каза болду. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, окуя МИК салып жаткан “Асман-1” турак жай комплексинде болгон. Кызматкер иш учурунда кулап кеткен. Тез жардам чакырылып, жабырлануучу ооруканага бараткан жолдо каза болгон.

Факт Баткен шаардык ички иштер бөлүмүндө катталып, иликтөө иштери башталды. Атайын экспертиза дайындалды.

Быйыл сентябрда Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылында курулушта иштеп жаткан 30, 35 жана 48 жаштагы үч киши каза болгон. Анда бетон аралаштырган жабдык кулап кетип, курулуп жаткан имарат жумушчуларды басып калганы айтылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет май айында тараткан маалыматка ылайык, Кыргызстанда 2022-жылы курулушта 11 адам кулап кетсе, 2023-жылы 73, 2024-жылы 172, ал эми 2025-жылдын 3 айында эле 30дан ашуун окуя катталган. Андан берки статистика белгисиз. (JsA/ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG