Ысык-Көл облусунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 17 жаштагы Айсулуу Мукашеванын өлүмүнө шектелип кармалган адамга зордук-зомбулукка байланыштуу жалпы 7 кылмыш боюнча шектелүүдө. Бул тууралуу “ЭлТР” телеканалынын укук коргоо органдары менен биргеликте жасаган иликтөөсүндө маалым болду.
Анда айтылгандай, төрт кыз зордукталып өлтүрүлгөн, эки кыз аман калган. Бир кыздын жагдайы белгисиз.
Шектүү бир кызды башына арматура менен чаап тоноп кеткен. Бир кызды такси менен жеткирип бара жатып бычак менен коркутуп, колун таңып, зордуктоого аракет кылган. Кыз колундагы жипти үзүп, бычакты тартып алып кылмышкердин колун кесип жиберген. Кылмышкер кызды таш менен уруп кетип калган, кыз аман чыгып, милиция кайрылганы айтылат.
Бул окуялар боюнча шектүү кармалып, камалган. Иликтөөдө сот органдары аны жеңил жаза менен бошотуп жиберишкени маалымдалган.
Шектүү мындан сырткары 2014-жылдын 16-мартында Бишкек шаарынын четиндеги Байтик айылынан сөөгү табылган Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө да тиешеси бар экени кабарланды.
Киши колдуу болгон Айсулуу Мукашева 27-сентябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда Каракол шаарына курбусунукуна кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.
Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, аны Барскоон айылында 41 жаштагы шектүү Honda Stream үлгүсүндөгү автоунаасына салып кетип, Жеңиш айылында зордуктаган. Андан соң Тоң районунун Кажы-Сай айылынын чыгыш тарабында жайгашкан көлмөнүн жанына алып барып мыкаачылык менен муунтуп өлтүргөн. Кийин кыздын сөөгүн Чүй облусунун Кемин районунун Жел-Арык автожолунун 14-чакырымына, башкача айтканда, Боом капчыгайына ыргытып жиберген.
Шектүү кылмышын жашыруу үчүн автоунаасын жууп-тазалап таштап кетип, уюлдук телефонун жана сим-картасын жок кылган. Аны ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жана Жети-Өгүз райондук милициясынын кызматкерлери Бишкек шаарынын кичи райондорунун биринде жашынып жүргөн жеринен кармаган.
ИИМ шектүү буга чейин бир нече жолу соттолгон жаран экенин, ушул тапта ал Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында кармалып турганын маалымдаган.
Айсулуу Мукашеванын сөөгү 30-сентябрда айылында жерге берилди. Анын жакындары шектүүгө катуу жаза берүүнү талап кылып жатышат. Кыз кармалган адам менен мурда-кийин тааныш болгон эмес.
Кыргызстанда буга чейин да кыз-келиндер уурдалып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн окуялар болгон. (ErN)
Шерине