Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:22

Алфред Лисков: 21-июнда кызыл аскерлерди алдын-ала эскертип, сактагысы келген немис


Бавариялык антифашист Алфред Лисков.
Бавариялык антифашист Алфред Лисков.

Германдык нацисттик армиянын жоокери, немис тектүү Алфред Лисков –– нацисттер СССРге капысынан кол салаардан 7 сааттай мурда качып чыгып, дарыядан сүзүп келип, Кызыл Армиянын жетекчилигин согуш башталган жаткандыгы тууралуу эскертүүгө майнапсыз далаалат жасаган баатыр. Тарыхчынын блогу.


Алфред Лисков (немисче: Alfred Liskow; орус адабиятында кээде Альфред Лисков же Альберт Лисков деп атай беришкен; 1910-жылы Германияда туулган — 1942––1943-жж. аралыгында СССРде өлгөнү жоромол кылынат?) –– ачуу тагдыры Орусияда эми гана калыс таразалана баштаган антифашист баатыр.

Бул немис тегиндеги ефрейтор жана антифашист качкын 1941-жылдын 21-июнунда саат 21:00де Буг дарыясынан (Львов шаарынан саал түндүгүрөөктөгү Сокал жергесине жакын аймактан) СССР тарапка сүзүп өтүп келип, «бир нече сааттан кийин нацисттик Германия баскынчыл жортуул баштаган жатат» деп советтик аскер жетекчилигин шашылыш эскерткен, бирок ага таптакыр ишенишкен эмес.

Жакынкы жылдары анын тагдыры жана доору тууралуу ар кыл жаңы маалыматтар Германияда, Орусияда жарык көрдү.

Караңыз: Поликовский, Алексей. Спасти СССР: О судьбе немецкого перебежчика, который в ночь на 22 июня сообщил советским пограничникам, когда начнется война // Новая газета. –– № 67. –– 24 июня 2019.

Орусиядагы «Новая газета» басылмасынын серепчиси Алексей Поликовский бул маалыматтардын айрым булактарын көрсөтүп, арасында Владимир Зинкевич, Элла Володина (Deutsche Welle), Германн Вебер (Hermann Weber, Конрад Аденауэр кору), Игорь Петров сыяктуу изилдөөчүлөрдү эскерет. Айрым кыска маалыматтар “Википедиянын” ар кыл тилдердеги сөздүктүк макалаларында да учурайт.

Биз интернеттеги ачык маалыматтарды гана өз сыдыргыбызга салып, Кыргызстанда да кеңири окурмандар Алфред Лисков тууралуу биле жүрсүн деген максатта чакан баяныбызды сунуштап жатабыз. Германиянын Бавария жергесиндеги Колберг (Kohlberg) деген чакан шаарчасынан чыккан жана эмерек жасоо ишканасында жыгач уста болуп жүрүп, 1939-жылы нацисттик армияга аскер кызматын өтөөгө чакырылган бул 31 жаштагы киши мурдатан эле бекем коммунисттик көз карашта болгон. Бирок ал нацисттик армияга кызмат өтөөгө аргасыз болгон эле.

Жалпы маселелерге саал кайрыла кетсек, мурдагы СССРде “Улуу ата мекендик согуш” катары кеңири маалым согуш –– Экинчи дүйнөлүк согуштун ажырагыс бөлүгү экендигин ар ким билет.

Брестти нацисттерден кызылдарга өткөрүү аземи. Аскердик парадды генерал Хайнц Гудериан менен комбриг Семён Кривошеин кабыл алууда. 22-сентябрь, 1939-жыл.
Брестти нацисттерден кызылдарга өткөрүү аземи. Аскердик парадды генерал Хайнц Гудериан менен комбриг Семён Кривошеин кабыл алууда. 22-сентябрь, 1939-жыл.

Бул окуядан оболу, 1939-жылдын августунда Кремлде “Молотов-Риббентроп пактына” Сталиндин көзүнчө жана анын батасы менен кол коюлгандыгы, анын жашыруун бөлүгүнүн негизинде 1939-жылы 1-сентябрда нацисттик Германия Польшага кол салгандыгы, ал эми Кызыл армия Польшага чыгыштан ошол жылы 17-сентябрда кол салгандыгы, Германия Батыш жана Борбордук Европанын бир катар өлкөлөрүн каратып алып жатканда, СССР Финляндияга майнапсыз кол салып, андан соң Балтика боюндагы өлкөлөрдү, Бессарабияны басып алгандыгы сыяктуу маалыматтар, адатта, советтик тарых китептеринде бурмалоочу цензуралык чыпкадан өткөрүлүп айтылчу.

1941-жылдын 22-июнуна чейин СССР “жөн гана тынч жашаган өлкө, момундун момуну болгон тынчтык кептери” катары сыпатталып сунушталчу.

Бул өңүттө сөзгө тереңдеп сүңгүп отурбайлык. Тек айтаарыбыз –– эки тараптын тең баскынчылыгынын негизинде 1940-жылдын ичинде нацисттик Германия менен СССР Чыгыш Европада ири аймакта бири-бири менен чектешип калышкан.

1941-жылдын 22-июнунда таңкы саат 03:00тө германдык армиянын (Вермахт) алгачкы сапёрлору чек арадан советтик аймакка тымызын өтүп келишкен.

Саат 04:00тө замбиректердин кубаттуу аткылоосунан кийин 3 миң чакырымдай созулган чек ара тилкесинде нацисттик жапырт чабуул капысынан жана ачыктан ачык башталган.

Ошентип, Гитлердин “Барбаросса” аталган №21 буйругу (Weisung Nr. 21.; Fall Barbarossa) жүзөгө ашырыла баштаган. (Булардын бардыгы көпчүлүк окурмандарга дурус маалым).

Ал эми 21-июнда кечкурун чек арадагы бир нече жерден айрым антифашист немис жоокерлери жана поляк тургуну СССР тарапка өтүп келип, “силерге каршы чабуул башталган жатат” деп Кызыл армиянын өкүлдөрүн эскертишкен. Эмне үчүн ошол күнү кечинде? Себеби Вермахттын төмөнкү даражадагы жоокерлери чабуул башталаары тууралуу жашыруун буйрукту бул окуядан бир нече саат мурда гана билиши керек болгон.

Вермахттын ошондой төмөнкү чиндеги жоокерлеринин бири Алфред Лисков 1941-жылдын 21-июнунда саат 20:00да (башка маалыматка караганда, саат 21:00де) өз аскердик жайын ыктыярдуу таштап (б.а. нацистик армия үчүн “дезертирлик” кылып), Буг дарыясынан СССР тарапка сүзүп өтүп келген. Демек, ефрейтор Лисков германдык сапёрлор тарабынан чек ара бузулаардан бери дегенде 7 сааттай мурдараак, чабуул башталаардан 8 сааттай мурдараак чыгышка өтүп келип, өзү жан тарткан советтик мамлекетти алаамат башталган жатат деп алдын-ала эскертүүгө далаалат кылган.

Анын артында мына 7-8 саатта эле Кызыл армияга кол салабыз деп шымаланган ротасы калган (аны обер-лейтенант Шульц башкарып жаткан). Учактар, танктар, мотоциклдер, дарыядан оор куралдарды өткөрүүгө көмөк кылчу понтондор эчак даяр эле.

СССРдин 90-чек ара отрядынын башчысы, майор Бычковскийге Лисковду дароо алып келишкен. Санааркаган Лисков “согуш башталган жатат!” деп немисче кыйкырган.

Тилмечи жок анын сөзүн аңдай албай “эси оогон” майор Бычковский ыктыярдуу туткунду Владимир-Волынский жергесине жүк ташуучу унаа менен жөнөткөн. Ал жерде немис тилин билген мугалимди ойготушканда, ал “согуш башталган жатат” деп которуп берген. Убакыт –– түн оогондон кийинки саат 01:00ди көрсөткөн. Ортодо бери дегенде 4 саат бөөдө өлгөн.

Майор Бычковский бир нече аскер жетекчисине кабарлаган. Таңкы саат 03:30да 5-армиянын башчысы, генерал Потаповго кол астындагылар чалса, ал “немис эмнени гана былжырабайт!” деп кагып жооп берген. Киев аскер аймагынын (округунун) башчысы, генерал Кирпонос да бул кабарга ишенбей койгон.

Ефрейтор Алфред Лисков болсо улам жаңы суракта өзүнүн коммунист экенин айтып безилдеп жиберген. Жаңы сурак маалында алыстан замбиректердин аткылоосунун жана жарылуулардын доошу угулуп жеткен.

Нацисттер Львов шаарын 30-июнда каратып алышты. Советтик аскерлер Алфред Лисковду ошол күнү акыркы учак менен эптеп Львовдон чыгышка карай чыгарып кетүүгө үлгүрүштү.

Алфред Лисков Маскөөгө жеткирилген жана мында Горький көчөсүндөгү Коминтерндин жатаканасында (мурдагы “Люкс” конок үйүндө) жайгаштырылган.

Мында ар башка өлкөлөрдөн келип, жасалма ысым алып жашап жаткан чет элдик коммунисттердин арасында немис тектүү Валтер Улбрихт, Вилгелм Пик, Вилгелм Флорин, Фридрих Геккерт, Эрнст Фишер жана анын аялы Рут фон Майенбург, ж.б. байырлап жатышкан. Алардын айрымдары, мисалы, Германия Компартиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Гуго Эберлейн (04.5.1887, Залфелд — 16.10.1941, Маскөө) мурдараак эле жазыксыз жерден камалып, атууга кеткен, бир катары ГУЛагга таандык абактарга айдалган.

Алгачкы убактарда Лисков жан дили менен антифашисттик жана коммунисттик үгүт жүргүзгөн. Акырындап, ал өзү гитлердик фашизм менен сталиндик тоталитардык режимдин экөө тең карапайым калайык үчүн чидер экендигин жон териси менен аңдай баштаган.

Орусиялык журналисттер 1941-жылы Лисковго каршы жазылган чагымдарды иликтеп, анын советчил көз карашы бара-бара өзгөрө баштаган деп жоромол кылышат. Албетте, ар кандай чагым дайыма бир тараптуу маалыматты камтыйт. Бирок экинчи тараптан эч маалымат табылбаган чакта, сакталып жеткен чагымды да сын көз менен таразалап, кыйыр булак катары пайдаланууга туура келет, дешет азыркы орус журналисттери.

Маселен, Лисковго каршы чагымды Индонезия Компартиясынын төрагасы Касым Жон Семаун, Коминтерндин референти Касым Хасан Ахмед аш-Шек ж.б. жазышкан. Кээде Лисков бул жатаканананын айрым тургундарына “сиз НКВДнын агентисиз го” деп ачык айткан учурлар да болгон экен.

Эдитта Фолкер Казакстанга депортацияланган немис айыс. 08.2.2012.
Эдитта Фолкер Казакстанга депортацияланган немис айыс. 08.2.2012.

1941-жылдын октябрына карата Алфред Лисков өзүн “тыңчылар менен чагымчылардын уюгунда” калгандай сезген. Анын үстүнө 1941-жылы сентябр-октябрда Орусиядагы немис диаспорасынын жүз миңдеген өкүлдөрү (бир маалыматта –– 446 миңден ашуун киши) депортацияланганын жана бир далайы репрессиялана баштаганын деле Лисков анча-мынча уккан болуусу ажеп эмес.

Волга (Эдил) боюндагы немистердин автономиясы 1941-жылы 28-августта эле жоюлган болчу.

Коминтерндин жатаканасындагыларды Эдил дарыясы аркылуу коопсуз жакка көчүрүп бара жатышканда, Лисков кемеден (баржадан) башка кемеге түшө качууга майнапсыз далаалат жасаган. Ал Башкырстандын борбору Өфө (Уфа) шаарына жеткирилген.

1941-жылы 18-декабрда жазылган чагымда жазылганга караганда, Лисков: “Бир киши бүт дүйнөнү алдап жатат; СССРде калайык бутуна чарык кийип өлбөстүн күнүн көрүп жатат, орустар –– артта калган эл; кайра мекениме кетким келет” деген сыяктуу коркунучтуу сөздөрдү айткан имиш.

Лисковдун Гестапонун кыйноосуна кабылган Бавариядагы үй-бүлөсү андан тууганы (уулу, күйөөсү) катары баш тартышкан.

Алфред Лисков акырындап акылынан айный баштаган деген маалымат бар. Балким, анын жеке жоромолдору НКВДнын тыңчылары үчүн ошондой таасир калтыргандыр?

Мисалы, ал болгар коммунисттеринин жолбашчысы Георгий Димитров (1988—1949) немис фашисттери тарабынан өлтүрүлгөн, ал эми Коминтернде жүргөн киши –– фашисттик тыңчы болгон анын бир тууганы деп эсептээрин айткан. Ал Коминтернди да эч керекке жарабай турган мекеме деп сындаган.

(Коминтернди Иосиф Сталин да керексиз жүк катары баалай баштаганын Алексей Поликовский жогоруда эскерилген макаласында белгилей кетет. Айтор, 1943-жылы май айында Коминтерн Сталиндин парманы менен жоюлган).

Георгий Димитров, 1947-ж.
Георгий Димитров, 1947-ж.

Георгий Димитров болсо Лисковду “немис дезертири” деп жаманатты кылып НКВД өкүлүнө кайрылган (1941-жылдын декабры).

1942-жылы 15-январда НКВД өкүлдөрү Алфред Лисковду Өфө (Уфа) шаарында камакка алышкан. 16-июнда ал кайрадан акталып чыккан. Бирок... ал өлгөндөн кийин акталдыбы, же жокпу? Ал 1943-жылы Новосибирскиде болгон деген да каңшаар бар.

Айтор, сталиндик тоталитарлык режим Алфред Лисковго алгачкы качып келген сааттарда да ишенбей жана түшүнбөй койгону аз келгенсип, кийин да аны “кара тизмеде” кармагандыгы шексиз.

Бир инсандын тагдыры аркылуу, –– карапайым немис коммунисти, жыгач уста Лисковдун мисалында, –– бардык эле тоталитардык режимдер инсандын беделин эч качан сыйлай албай турган, жана да адам укуктарын одоно бузууну жазылбаган мыйзамга айландырган жексур түзүлүштөр болоорун айта алабыз.

Лисковдун тагдыры дагы эмнени айтып турат? Эгерде анын жана Рихард Зорге сыяктуу чалгынчылардын сөздөрүнө кызыл аскерлердин жетекчилери жана алардын чоңдору дароо ишенишкенде, эгерде анын сөзүн дароо немис тилинен которо турган котормочулар советтик чек ара бөлүктөрүндө болгондо, анда...

Албетте, эртеби, кечпи, Гитлер менен Сталиндин режимдери тирешмек окшойт; бирок жогорудагы “эгерде” сөзүнүн артында “...анда миллиондогон советтик жарандардын өмүрлөрү сакталып деле калмак жана Кызыл армиянын согуштун алгачкы баскычындагы каршылык көрсөтүү жөндөмү алда канча артмак” дегендей бүтүм күтүлөөр беле?

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG