Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:12

“Айбан фермадагы” абал жана Оруэлл


Ж.Оруэллдин “Айбан фермасы” чыгармасын Ынды Кара (А.Акунов) менен Ильяс Каныбек которгон. 2020.
Ж.Оруэллдин “Айбан фермасы” чыгармасын Ынды Кара (А.Акунов) менен Ильяс Каныбек которгон. 2020.

Жакында тарых жана саясат таануу илимдеринин доктору, профессор Аалыбек Акуновдун (ал "Ынды Кара" адабий ысымын колдонгон) жаш калемгер Ильяс Каныбек менен бирдикте жүзөгө ашырган котормо китеби жарык көрдү. Саясат таануучу Чолпонбек Сыдыкбаевдин блогу.

Оболу профессор агай тууралуу азыноолак кеп

А.Акунов эгемен мамлекетибизде пост-коммунисттик саясат таануу илимин түптөөгө бараандуу салым кошуп келе жаткан илимпоз.

Ал демократия, адам укуктары, парламентаризм, мамлекеттик башкаруу, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жаатында илимий эмгектер гана жарыялап чектелбестен, жаш изилдөөчү муунду да телчиктири п келет.

Ал саясат таануу боюнча илимий изилдөөлөр зарыл, аспирант, докторант илимпоздор башка өлкөлөрдүн илимий мекемелерине жалдырап 4, 5 жыл чет өлкөлөргө каттап жүрүп коргоп жатышат, эгемен мамлекеттин саясат таануу боюнча өзүнүн диссертациялык кеңеши болушу керек деп чуркап жүрүп, аны калыптандырууга жетишип, далай жаш илимпоздордун тушоосун кескен.

Ал 1990-жылдары кыргыз радиосунда “демократия сабактары” деген илимий популярдуу, агартуучулук багыттагы берүүлөрдүн түрмөгүн ачып алып барып, Кыргызстанда демократия тууралуу агартуу ишинин калыптанышында зор салым кошкон.

Оруэлл, Жорж. Айбан ферма / Англисчеден котормо. – Бишкек: MaxPrint, 2020. – Китептин котормочулары Ынды Кара (Аалыбек Акунов) жана Ильяс Каныбек.
Оруэлл, Жорж. Айбан ферма / Англисчеден котормо. – Бишкек: MaxPrint, 2020. – Китептин котормочулары Ынды Кара (Аалыбек Акунов) жана Ильяс Каныбек.

Оруэлдин кыргызча котормо варианттары

Британиялык жазуучу, публицист Жорж Оруэллдин “Айбан ферма” (Animal Farm) деген чыгармасы англисчеден көптөгөн дүйнө тилдерине которулуп жатат. Анын орус тилинде эле бир нече варианттагы котормосу бар.

Жорж Оруэлл уулу Ричард менен. 1944-жыл.
Жорж Оруэлл уулу Ричард менен. 1944-жыл.

Кыргыз тилинде да бул даңазалуу чыгарманын атаандаш котормолору жарык көргөндүгү алгылыктуу иш болду. Бир вариантты «Айбан чарба» деген аталыш менен жазуучу Насыпбек Асанбаев 2017-жылы англис тилинен которгон. Китептин орус жана түрк тилдериндеги котормолорун да пайдаланган. Аны oku.kg басма үйү быйыл февралда жарыкка чыгарды.

Аалыбек агайдын калемдешип даярдаган котормо варианты да, негизи, көркөм чыгарманын стилинде жазылган котормо болуп саналат.

(Караңыз: Оруэлл, Жорж. Айбан ферма / Англисчеден котор.: Ынды Кара, Ильяс Каныбек; сүрөттөрдү тарткан Чолпон Аламанова. Бишкек: MaxPrint, 2020. –148 б. ISBN 978-9967-9235-6-0).

Оруэлл, Жорж. Айбан ферма / Англисчеден котор.: Ынды Кара, Ильяс Каныбек; сүрөттөрдү тарткан Чолпон Аламанова. – Бишкек: MaxPrint, 2020. – Китептин мукабасы.
Оруэлл, Жорж. Айбан ферма / Англисчеден котор.: Ынды Кара, Ильяс Каныбек; сүрөттөрдү тарткан Чолпон Аламанова. – Бишкек: MaxPrint, 2020. – Китептин мукабасы.

Оруэллдин сатиралык чыгармасы

Белгилей кетүүчү жагдай, Жорж Оруэлл эл аралык мамиле чөйрөсүндө кеңири колдонулуп жүргөн “кансыз согуш” терминин саясий лексиконго алгач киргизген ойчул болуп саналат. Анын “Айбан ферма” деп аталган сатиралык притча-повести 1943-жылдын ноябрынан 1944-жылдын феврал айына чейин жазылган.

Гитлерге каршы коалиция боюнча Улуу Британиянын өнөектөшү болгон СССРди каймана мазактаган бул сатиралык чыгарма Германияны жеңгенден кийинки айларда, 1945-жылы 17-августта жарык көргөн.

Жорж Оруэлл коммунисттер тарабынан катуу сынга алынып, СССРде анын чыгармаларын окууга, басып чыгарууга тыюу салынган. “Айбан ферма” дүйнөдөгү 60тан ашык тилге которулуп жарык көргөн.

Ал СССРде “кайра куруу” мезгилинде гана “Родник” журналына орус тилинде жарыяланган (Рига, 1988. – № 3-6. – Котормочу Илан Полоцк).

Негизи бул китеп XX – XXI кылымдарда эң көп окулган китептердин катарына кирет.

Бир сөз менен айтканда, ал – карапайым эли айдама келип, чоңдорго кошомат кылган, чоңдору болсо мыйзамдарды жеке кызыкчылыгына ылайык өзгөртүп оюндагысын кылып, каяша айткандарды абакка салып, оозуна келгенди сүйлөгөн, добуштар сатылып шайлоолору таза эмес өткөн тоталитардык мамлекеттин аягы кыйроо менен бүтөөрү жөнүндөгү чыгарма.

Чыгарманын сюжети өзүнө арбап алат

Жеке пикиримде, которулган чыгармадагы окуялардын жүрүшү Кыргызстандагы саясий жүрүмдөрдү чагылдырып тургандай сезилет. (Мындан ары биз кейипкерлерди А.Акунов менен И.Каныбектин котормосундагы аталыштары менен беребиз).

Кожоюндун өзүм билемдигине нааразы болгон айбандар: “адам кожоюн бизди адилетсиз башкарып жатат”, – деген бүтүмгө келип, картаң Ленбай (Old Major) деген чочконун шыктандыруусу менен козголоң чыгарышып, кожоюнду кубалашат да, бийликти өз колдоруна алышат.

Бийлик башына алгач келген революциянын башчыларынын бири Дүйшөн (Snowall) деген каман алгач адилет башкарып келип, бара бара жаңылып жазып энөөлүгүнөн Болоткан (Наполеон) деген башка каманга бийлигин тарттырып жиберет.

Ал агрессивдүү каман болуп чыгат да, өзүнө чексиз бийлик түзүп өзү үйрөткөн кутурган дөбөттөрдүн жардамы менен башкы атаандашын куугунтуктап жамандап, репрессивдүү ыкмаларды катуу колдонгон жана каршылашын фермадан кубалап тынган.

Анын ар бир реформа деп атаган аракетинин артында бийлигин бекемдөө мурунку башчы Дүйшөндү дискредитациялоого багыты турат. Каш кайтарып каяша айткандардын каны суудай төгүлөт.

Ал үйрөтүп баккан дөлөнгүт дөбөттөр ээси багыттагандын баарын буйдамга келтирбей баса калып турушат. Антсе да жаныбарлар аягына чейин көсөмүнө ишенип, баш көтөрбөй жашай беришет.

Аягында ал каман кантип кутурганы, айбан ферманы аянычтуу абалга алып келгени, жедеп үмүтү үзүлгөн, "биздин башкаруучубуз бизди начар башкарып жатат окшойт" деген ойго келген айбандар доңузду аңдышса; башкарма доңуз үйүндө чалкалап отуруп жаныбарлардын душманы болгон эки аяктуу адамдар менен достошуп, алар менен арак ичип үйүндө чалчактап жаткан болот.

Дагы бир жолу бийлик башчысынан үмүттөрү үзүлгон айбандар чогулуп барып, баарын ойрон кылып салышат, ошондон кийин айбан ферма коңшу чарбадагы адамдардын фермасына бириктирилип, биргелешип башкарууга өтөт.

Көп өтпөй ымалалашып кеткен чочколор менен адамдардын ортосунда чыр чыгат. Ал чыр арактан чыккан болот, бирок айбандар жакшылап караса, адамдар менен чочколор аргындашып, алардын бетинин жарымы – адамдыкы, жарымы – чочконуку болуп, жүздөрү жайылып, өзгөрүп кетип жаткан болот.

Оруэлл, Жорж. Айбан ферма / Англисчеден котор.: Ынды Кара, Ильяс Каныбек; сүрөттөрдү тарткан Чолпон Аламанова. – Бишкек: MaxPrint, 2020. – Китептин 8-бабындагы түстүү чийме сүрөт.
Оруэлл, Жорж. Айбан ферма / Англисчеден котор.: Ынды Кара, Ильяс Каныбек; сүрөттөрдү тарткан Чолпон Аламанова. – Бишкек: MaxPrint, 2020. – Китептин 8-бабындагы түстүү чийме сүрөт.

Жекече салыштырууларым

Бул сатиралык притча так эле биздеги ким бийликке келсе, ошонун сөзүн сүйлөп, чоорун тартып кирген саясий элитанын бейнесин элестетеби деп кетем.

Андан калса бизде саясатчы, депутат сыяктуу өздөрүн элита ("илита") санагандардын басымдуу көбү беткаптарын канча ирээт алмаштырып, бирде – кой терисин жамынган карышкырга, бирде – чөөгө, бирде – түлкүгө айланып, чоң саясатта көпкө калкып жашап жүрүшкөндөрү калппы?

Биздин саясатчылардын арасында баарын күч менен чечип көнгөн Болоткан (Наполеон) деген камандай зөөкүр чалыштары да жетиштүү. Акыркы жылдары атагы чыгып коррупциянын символуна айланган бир мурдагы бажычынын тарапташтары аны колдоп митингге да чыгышты.

Бул да болсо “айбан фермадагы” окуялардын бир көрүнүшү. Баса былтыр жазда атактуу бажычы өзүнүн ыраматылык атасынын урматына ат чабыш, улак тартыш кылып, той бергенде кыргыз саясатынын азуусун айга жанган саясатчыларынан баштап, прогрессивдүү делген жаңыдан тиш какккан жаш саясатчылары да №1 коррупционер менен табакташ болуп сыйын көргөн жана өз сүрөттөрүн жарыялашкан.

Жемкордукка тиешеси бардыгын өзү тастыктап, мамлекетке акча да төккөн Раим Матраимовдор жөнүндө журналисттик иликтөөлөр жүргүзүлүп, кандай гана фактылар чыккан жок. Бирок мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков "факты сурай" берип, өз карьерасына өзү балта чапты.

Бир катар жергиликтүү саясатчылар “айбан фермадагы” айрым бир кейи пкердин кылыгын атайылап көчүрүп алышкандай элестетет. Ыңкылап аркылуу бийликке келген жетекчинин дөөлөт, мансапка манчыркап, ашмалтайы чыкканына ичтери ачышкан айбандар андан дагы деле үмүтүн үзбөй терезеден анын абалын аңдышат.

Чыгармадагы дал ушул жагдайга окшошуп кеткен учурлар биздин терезебиздин сыртындагы окуяларда улам-улам кайталанганына күбө болбодукпу!

Кимбайке айрым "аткаминерлердин" укукка карата мамилесин байкаган. Т.Карыкеев. 07.3.2011.
Кимбайке айрым "аткаминерлердин" укукка карата мамилесин байкаган. Т.Карыкеев. 07.3.2011.

Кайра Оруэллге келсек, баштапкы революциянын түпкү максаттарын, ураандарын узагыраак эстеп жүргөн Телегей (англисчеси Glover) аттуу бир эмгекчил бээ кат тааныгандыктан, жетекчиден үмүтүн үзгүсү келбейт да, бийлигине, байлыкка мас болуп жаткан Наполеондун (Болоткандын) маңдайындагы революциянын ураандарын окуп көзү чакчаят.

Караса, мурда:

"Бардык айбандар тең укуктуу" деп түшүрүлгөн ураан жазууга:

"Бирок кээ бир айбандар

Башкаларга караганда

Көбүрөөк укуктуу"

деген жаңы жазуу кошулуп калган болот.

Чолпонбек Сыдыкбаев. 10.10.2018.
Чолпонбек Сыдыкбаев. 10.10.2018.

Ошондон кийин бул “айбан фермада” кайрадан ыңкылап болуп, бирок ферма сырттан башкарууга өтөт.

“Айбан фермадагылардын” өз жетекчилерине жана тоталитардык системасына карата үмүттөрү таптакыр өчкөндүктөн, алар башка дыйкан чарбадан келгендерге аргасыздан баш ийип беришет.

Аалыбек Акунов агайым Ильяс Каныбек менен бирдикте которгон Жорж Оруэллдин чыгармасы азыр да авторитардык башкарууда калган элдерге "эсиңерге келгиле!" деген эскертүү коңгуроосун кагып турат. Демек, бул чыгарма былтыр кышында кыргыз тилине жөндөн-жөн которулган эмес.

Чолпонбек Сыдыкбаев,

саясат таануучу, доцент.

Ред.: Автордун пикири “Азаттыктын” редакциялык туруму катары кабыл алынбоого тийиш.

XS
SM
MD
LG