Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:36

Гендердик теңчилик. Аял жетекчилер эмнеге аз?


Аялдардын тең укуктуулугуна арналган митинг. Бишкек. 2023-жыл.
Аялдардын тең укуктуулугуна арналган митинг. Бишкек. 2023-жыл.

Соңку жылдары Кыргызстанда мамлекеттик жетекчи кызматтарда аялдар азайды. Өкмөттө үч гана министр аял болсо, облус, шаар, район жетекчилеринин ичинде бир да аял жок.

Ал арада Кыргызстанда 5-октябрда “Эркектер жана аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоору четке кагылды.

Депутаттар бул документ тең укуктуулукту жетиштүү деңгээлде коргоп, камсыз кыла албайт деп белгилешүүдө.

Мыйзамдын демилгечиси - Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги.

"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын мүчөсү, депутат Гуля Кожокулова долбоордо гендердик теңчилик боюнча талапты аткарбаган мамлекеттик мекемелердин жетекчилери жоопкерчиликке тартылат деген жобо алынып калганын айтып чыкты.

Гуля Кожокулова
Гуля Кожокулова

""Мамлекеттик башкаруудагы гендердик теңчиликтин кепилдиги" тууралуу 9-беренеден бул талапты аткарбаган мамлекеттик мекемелердин жетекчилери жоопкерчиликке тартылат деген жобону алып салышкан. Демек, эч ким жоопкерчиликке тартылбайт. Анан кантип кепилдик берилет? Укуктардын жана мүмкүнчүлүктөрдүн теңдиги деген талап аялдарды кызматка коюуда дагы колдонулушу керек. Бул мыйзам басмырлоочу гана мүнөздө эмес, ал аялдардын укугун бузат", - деди Кожокулова.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматында, ушул тапта Кыргызстанда президенттик администрацияда иштеген 225 кишинин 82си аял. Жогорку Кеңештин аппаратындагы 445 кызматкердин 78и аял. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн бирөө гана аял. Акыйкатчы институтун жетектеген кызматта деле бир аял иштейт. 452 айыл аймагынын жетекчилеринен болгону 14ү аялдар. Прокуратурада жалпы 1014 кызматкер болсо, анын 155и аял. Анын ичинен 11 аял жетекчилик кызматта.

"Аял министр келди деп кубанып атсак, тескерисинче болууда"

Аталган мыйзам долбоорунун демилгечиси Гүлнара Батырова өкмөттөгү үч министр аялдын бири.

"Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын депутаты Надира Нарматова министр Батырованы аялдардын укугу корголушуна кызыкдар эмес деп сынга алды.

Надира Нарматова
Надира Нарматова

"Өзүңөрдүн министрликти аял башкарып жатат. Биз "эми аялдар маселеси көтөрүлөт, уюштуруп, коомдук уюмдардын башын бириктирип, мамлекеттик деңгээлде иш алып барат" деп кубандык эле. Тескерисинче, сунуштаган мыйзамыңар бул. Эмне үчүн министр өзү келип жооп бербейт? Бул мыйзамды колдоого болбойт, көптөп кайрадан иштеп чыгышыбыз керек. Аялдарды кордобой, коргой турган мыйзам болушу керек".

"Канчалаган кыз-келин корголбой, өз жанын кыйды"

Бул мыйзамды талкуулоо Бишкектин четиндеги Селекция айылында мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кесип, кордолгон келиндин окуясы коомчулукта кызуу талкууланып жаткан маалга туш келди. Мындан улам бир катар депутаттар аялдарды зордук-зомбулуктан сактоо, зөөкүрлөргө убагында жана жетиштүү чара көрүүгө байланыштуу маселелерди көтөрдү.

Депутат Эмил Жамгырчиев кыз-келиндердин укугу тебеленип, коргоо таба албай жанын кыюуга чейин барып жатканын белгиледи.

Эмил Жамгырчиев
Эмил Жамгырчиев

"Акыркы эле мисал: Селекциядагы кулак-мурду кесилген келиндин окуясы менен бүт дүйнөгө уят болдук. Эки жолу зордуктаптыр, биринчисинде, макул, сотто тосмо арыз жазып бериптир. Экинчи жолкусунда райондук сот зордукчуну чыгарып жибериптир. Айласы кетип облустук сотко барса, алар төрт ай бою карабаптыр. Төрт ай деген эмне деген убакыт? Бир айда карашы керек болчу. Ошолор шалаакылык кылбаса, бул каргаша болбойт эле. Канчалаган кыз-келиндер акыйкаттык, коргоо таба албай, өмүрүн кыйып жатышат. Мындай мыйзамдын кереги жок", - деди Жамгырчиев.

"Мыйзамдар жакшы, анын иштеши үчүн жетекчилердин эрки жетпейт"

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, гендерлик теңчилик боюнча бир катар мыйзамдардын автору Айнуру Алтыбаева мамлекеттик кызматтардагы гендерлик теңчиликти камсыздоочу мыйзамдын иштебей жатышына коомдук көзөмөл менен саясий эрк жетишсиз деген пикирде:

Айнуру Алтыбаева
Айнуру Алтыбаева

"Ар бир чечим кабыл алынуучу деңгээлде аялдар болушу керек деген мыйзам бар. Жергиликтүү кеңештерге аялдарды тартуу үчүн көп мыйзамдарды кабыл алдык. Биздеги мыйзамдардын баары сонун, эл аралык стандарттарга төп келет. Бирок алардын канчасы, кандай деңгээлде иштеп жатат деген суроо бар. Мисалы, бизде квота убактылуу чара катары эле киргизилген. Баш мыйзамда да ушундай жазылган. Бирок дагы айтам, мыйзамдар саясий эрктин жетишсиздигинен улам иштебей жатат. Былтыр Министрлер кабинетинде жалгыз айым болчу, азыр эми жок дегенде үчөө болуп калды. Парламентке дал ушул квотанын арты менен депутат болуп келген айымдар ушундай маселелерди көтөрүп, алардын иштешине көзөмөл кылышы керек. Жок дегенде алар активдүүрөөк болсун. Коомчулук талап кылууга тийиш. Эми бул мамлекеттик кепилдик тууралуу мыйзамдан да гендердик теңчилик талабын сактабаган жетекчи жоопкерчиликке тартылат деген жобо алып салынса, мыйзам иштебейт. Жөн гана декларативдик ченем болуп калат".

6-октябрда президенттин жарлыгы менен Билим берүү, илим министрлигинин башына Догдуркүл Кендирбаева дайындалган.

Кыргызстанда аялдардын бийликтеги орду, мамлекеттик жетекчилик кызматтардагы жетишсиздиги тууралуу маселе эгемендик алгандан бери улам көтөрүлүп келип, 2009-жылы Кыргызстан гендер теңдиги жөнүндө мыйзам кабыл алган. Анда бир жыныстагы кызматкерлердин саны жалпы жамааттын 30 пайызынан кем болбошу керек деп жазылган. Бирок коомчулукта бул талап көбүнчө эмгек акысы аз төлөнгөн, социалдык кызматтарда эле сакталып келе жатканына дооматтар бар.

Жогорку Кеңеште да айым депутаттардын санынын аздыгы боюнча көп жылдан берип талкууланып, өткөн парламенттик шайлоодо аялдар үчүн туруктуу квота киргизилген. Анын арты менен 18 депутат айым партия аркылуу шайланып келген. Ал эми бир мандаттуу 36 шайлоо округдун ичинен жалгыз айым талапкер Элвира Сурабалдиева утуп чыккан. Учурда Жогорку Кеңештеги 90 депутаттын 19у же 21% гана айымдар.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG