Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:15

Аялдардын тынчтык маршында гендердик теңсиздик маселеси козголот


Марштын постери.
Марштын постери.

Бишкекте 8-мартта Кожомкул атындагы спорт сарайынын алдында аялдардын укугун коргоо, гендердик теңсизик, дискриминацияга байланыштуу аялдардын тилектештик тынчтык маршы өтөт.

Бул тууралуу "8/365" феминисттик кыймылы кабарлады. Аталган кыймыл коомдук жайларда аялдарга ыдык көрсөтүү күчөгөнүн, бирок милиция менен сот буга карата жетиштүү реакция кылбай жатканын маалымдады.

"Аялдар менен эркектердин маянасындагы айырмачылык 30%. Өлкөдө бала бакчалар жетишсиз болгондуктан, аялдар үйдө отуруп, аралыктан иштеп эки эсе кыйналып жатышат. Гендердик теңчилик боюнча мыйзам иштеген жок. Ал тургай мамлекеттик башкаруу системасында азыр эки эле аял министр бар", - деп билдирди марштын уюштуруучулары.

Кыргызстандагы жети облус, 40 район, 32 шаарча жана 453 айыл өкмөтүндө аял башкаруучулар жок. Укук коргоочулар үй-бүлөлүк зомбулукка карата жоопкерчиликти арттырып, аймактарда кризистик борборлорду ачууну талап кылып келет.

Кыргызстанда бир нече жылдан бери 8-мартта аялдардын тилектештик маршы өтүп келет.

2020-жылы 8-мартта аялдардын тынчтык жүрүшү үзгүлтүккө учурап, айрым катышуучуларын милиция кармап кеткен. Марштын катышуучулары айыпка жыгылып, соттук териштирүү башталган. Соттук иш бир нече айга созулуп, 2021-жылы айып пулга жыгылган аялдардын бири Бишкек шаардык сотунда жеңип чыккан.

Былтыркы 2022-жылы өткөн марштын катышуучулары Украинадагы согушка каршы тынчтык чакырыктары менен чыгышкан. (BCh)

XS
SM
MD
LG