Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:20

«Пандемия менен 5Gнын байланышы жок»


Лас-Вегаста өткөн эл аралык көргөзмөдө тартылган сүрөт.
Лас-Вегаста өткөн эл аралык көргөзмөдө тартылган сүрөт.

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери «бешинчи муундагы мобилдик байланыш технологиясы же 5G аркылуу илдет таркайт экен» деген имиштер көп таркай баштады. Бул конспирологиялык теория жакында Кыргызстанга да жетти.

Азамат Ахмедов Түштүк Кореядагы «Самсунг» компаниясынын 5G мобилдик байланыш технологиясы бөлүмүндө эмгектенет. Ал коронавирустун бул технологияга эч тиешеси жок экенин айтууда.

«Буга байланыштуу таркап жаткан маалыматтардын баары жалган. 5G технологиясынын коронавирустун жайылышына эч тиешеси жок. Ал радиотолкун, ал эми коронавирус - бул биологиялык вирус», - деген Ахмедов Түштүк Кореяга бешинчи муундагы байланыш эки-үч жыл мурда киргизилгенин кошумчалады.

Анын айтымында, 5G кеңири жайылган Түштүк Кореяда мындай конспирологиялык теориялар жок. Калкы 51 миллиондон ашкан бул мамлекетте коронавирус жуккандардын саны 13 200 миңге чукул, 285 адам илдеттен көз жумду.

Ахмедов эгер вирус бул технология аркылуу жайыла турган болсо, анда Түштүк Кореяда абал мындан оор болмок деп эсептейт. Ал ошондой эле Кыргызстанда 5G байланышы киргизиле электигин, анын мунаралары да жок экенин айтты.

Алтынбек Исмаилов.
Алтынбек Исмаилов.

Кыргызстандын Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Алтынбек Исмаилов:

«Кыргызстанда бир да мобилдик байланыш оператору 5G технологиясын киргизе элек. Ошондой эле 5G технологиясын киргизүүгө лицензия бериле элек».

Исмаиловдун айтымында, азыр өлкө аймагында 4G технологиясы гана иштейт. Ал «WhatsApp» сыяктуу тиркемелер аркылуу сүрөт, аудио, видео жибергенге шарт түзөт.

Эми дүйнөгө келсек, Рединг университетинин клеткалык микробиология кафедрасынын доценти Саймон Кларк Би-Би-Си радиосуна берген интервьюсунда 5G менен COVID-19ду байланыштыруу акылга сыйбай турган жоромол экенин билдирген.

Бешинчи муундагы мобилдик байланыш технологиясы дүйнөдө 2019-жылы киргизиле баштаган. Ал маалыматты өтө тез же 10 гигабит маалыматты бир секундада жеткире алат. Бул азыркы 4Gга караганда 100 эсе тез деген кеп.

2019-жылдын апрель айына карата 88 мамлекетте 224 байланыш оператору 5G технологиясын киргизе баштаган.

Австралиядагы 5G мамычасы. 31-январь, 2020-жыл.
Австралиядагы 5G мамычасы. 31-январь, 2020-жыл.

Ошондо эле бешинчи муундагы байланыш технологиясына каршы чыккандар болгон. Адамдар бул технология «өсмө (рак) оорусуна алып келет» же кандайдыр бир «психикалык илдеттерди жаратат», «табиятка зыян келтирет» деген сыяктуу далилденбеген имиш сөздөрдү таркатышкан.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Алтынбек Исмаилов бул технология адам баласына зыяны жок экени далилденгенден кийин гана орнотуларын кошумчалады.

Коронавирус пандемиясы башталганы дүйнөдө 5G технологиясына каршы чабуулдар күч алды. Британияда жетимиштей 5G мамычаларын бузуп кетишкен. Кошмо Штаттарда, Нидерланддрда дагы ушундай көрүнүштөр байкалган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 5G технологиясы адамдын саламаттыгына зыян тийгизбей турганын билдирген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG