Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:31

“Фейк" мыйзам же Орусияны тууроо акылсыздык


Үч окуудан өткөн "Маалыматты манипуляциялоо" жөнүндөгү мыйзамга каршы акция. Бишкек. 29-июнь, 2020-жыл.
Үч окуудан өткөн "Маалыматты манипуляциялоо" жөнүндөгү мыйзамга каршы акция. Бишкек. 29-июнь, 2020-жыл.

Кыргызстандын Баш мыйзамы ар бир жарандын сөз эркиндигине кепилдик берет. Андыктан, жалган маалымат же "фейк" деген шылтоо менен төмөнкү деңгээлдеги мыйзам кабыл алуу Конституцияга каршы келет.

Эгер бизде акыйкат соттук система болгондо судья ким болбосун мындай "фейк мыйзамды" беш мүнөттө талкалап, өткөрбөй коймок.

Тилекке каршы, социалист Өмүрбек Текебаевдин Баш мыйзамындагы "мүчүлүштүк" соттук системанын да колун байлап койгон.

Ал гана эмес бул Конституция мамлекеттин натыйжалуу иштешине, экономиканын өнүгүшүнө такыр эле жол бербейт. Андагы кемчиликтер, аларды аны кантип оңдоо керектигин айтып отурса өзүнчө чоң сөз.

Ал эми "фейктер" тууралуу Жогорку Кеңештин "фейк" мыйзамына токтолсок, анын маани-маңызын, кесепеттерин түшүнүү өтө маанилүү.

Андыктан сөз эркиндиги деген түшүнүктү талдап, бул "фейк" мыйзамды кантип жокко чыгаруу жолун издөө абзел.

Сөз эркиндиги - бул адамзатка оңой эле келе калган белек эмес. Миңдеген жылдарды карытып, миллиондогон адамдардын каны менен калыптанган. Ал эчендеген кылымдардын тажрыйбасы, эң жогорку акыл-көрөңгөнүн туундусу.

Адам баласы көптөгөн азап-тозокторду көрүп, кандуу жолдорду басып өткөндөн кийин гана сөз эркиндиги эң негизги баалуулуктардын бири экендигин түшүнгөн. Дүйнөдөгү дээрлик басымдуу өлкөлөрдүн Баш мыйзамдарынын эң алгачкы беренелеринде сөз эркиндиги жазылып турганы бекеринен эмес.

"Жалган маалымат же "фейктердин" алдын-алуу керек, элдин башын айлантып жатышат..." деген сыяктуу чаласабат жүйөлөрдү оңой эле жокко чыгарса болот.

Биринчиден, кайсы бир маалыматтын же айтылган сөздүн жалган, зыян, туура эмес же "фейк" экендигин ким аныктайт? Бул өтө маанилүү суроо. Анткени, кайсы кылымда болбосун андай аракеттер трагедиялуу аяктаган.

Мейли ошол "фейктерди" аныктай турган топ түзүлдү дейли. Ошол азаматтардын чектен чыгып, атаандаштарын же сын айткандарды "жалган айтты" деген жүйө менен оңду-солду жоопко тартпашына ким кепилдик берет? Алардын кайра эле бийлик башындагылардын куралына айлана тургандыгы жөнөкөй эле логикалык жыйынтык эмеспи.

Экинчиден, маалымат же сөз - материалдык эмес баалуулук. Адамдын ойлору сөзгө айланып, анан гана барып материалдык баалуулукту жарата алчу касиетке ээ болот. Ойду же мээни чектөө мүмкүн эмес болгондуктан, бара-бара табигый же жасалма түрдө адамдардын сөзүн чектөө механизмдери калыптанган.

Маселен, диний китептер же миңдеген жылдар бою калыптанган салт-санаалар деле ар кандай эрежелер аркылуу адамдын сөзүн, жүрүм-турумун чектеп турат. Кайсы бир ой мээсинде болсо да ачык айтууга даабай, адам баласы табигый түрдө өзүн-өзү чектөөнү үйрөнгөн.

Ал эми жасалма түрдө сөздүн, маалыматтын чектелиши коммунисттик же фашисттик түзүмдөрдө кеңири колдонулган. Демейде андай коомдордо бир өңчөй, пропогандисттик маалыматтар гана электен өтүп, өнүгүү процесси солгундайт.

Бүгүн да Кытай сыяктуу коммунисттик режимдер, Орусия сыяктуу авторитардык бийликтер жасалма түрдө сөз эркиндигин чектеп, бир ууч саясий элитанын түбөлүк башкаруусуна жол ачып жатышат.

Кыргызстанда аздыр-көптүр муну түшүнгөндөр жетиштүү. Акаевдин, Бакиевдин жана булардын айрым аткошчуларынын кубаланышы буга чоң далил. Демек, "фейктер" тууралуу мыйзамга президент кол койсо, эл ичинде саясий олку-солкулук, нааразылык күчөй турганы турулуу иш. Андыктан Орусиядай чоң, кудуреттүү мамлекетти бул жагынан тууроо акылсыздык.

Эми бул мыйзамды токтотуу үчүн ар бир мүмкүнчүлүгү бар жаран түрдүү иш-чараларга катышып, Жогорку Кеңешке, президентке талапты ачык айтышы абзел. Депутаттар эртең эле катасын мойнуна алып, "фейк" мыйзамын кайра артка чакыртып алса болот. Президент өз кезегинде мыйзамга вето койсо, ансыз да түшүп бараткан абройун аз да болсо оңдоп алмак.

Дүйнөлүк тажрыйбадан алып караганда деле сөз эркиндигин абсолюттук деңгээлде сакталган бир дагы мамлекет жок.

Сөз эркиндиги, дегеле адам укуктары боюнча алдына ат салдырбаган АКШда деле ар кыл орчундуу маселелер тууралуу оюн орой айткан адамдар "Facebook", "Twitter" сыяктуу социалдык түйүндөрдөн кубаланып, бир тобу жумуштан айдалган учурлар өтө көп.

Ошол себептүү бул өлкөдө улут, раса, дин баштаган бир топ темаларда чебердеп сүйлөө адаты калыптанган.

Ар бир жеке менчик ишкананын да буга байланыштуу ички эрежелери бар.

Бирок сөзү же ою үчүн жумушун жоготкондор башка жумуш таба алышат. Эң башкысы АКШнын Баш мыйзамы сөз эркиндигине кепилдик бергендиктен, так эмес маалымат тараткандар, чектен чыккан сөз айткандар деле мыйзам алдында жооп бербейт.

Башкача айтканда, мамлекеттин бирөөнүн сөзүн же маалыматын чектөөгө жана ага кийлигишүүгө укугу жок.

Кыргыз аткаминерлери да "Баш кесмек бар, тил кесмек жок" деген байыртан келаткан накыл кепти эске түйүп, сөз эркиндигине тийишпей эле койгону дурус.

Илим Жанузаков,

"Азаттык" радиосунун мурдагы кабарчысы, ишкер.

Миннеаполис, АКШ

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG