Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:17

Кайран элге жайран бийлик


Студент кезде элибиз тууралуу пессимисттик ойлорду Салижан Жигитовдон угуп калчубуз. Анын «Ар бир кыргыз - микроб, барган жерин чиритет» деген тамаша сөзүн кыйла адам билет.

Бир жолу акын Алтынбек Исмаилов ынандырып, жазган эки-үч ырымды агайга көрсөтөлү деп кеңсесине бардык. Салижан агай Алтынбек экөөбүздүн илимий жетекчибиз эле. Агай ырларымдын баарын кызыл-ала кылып чийгилеп, төрт сабын гана калтырып, калганын «жарабайт» деп койду. Бозоруп, капаланып чыкканым эсимде. Эртеси күнү эшиктен «Ой, бас бери» деп чакырып алып, «Гезитке жазгандарыңды окудум. Болот. Кара сөз эле жаза бер. Ыр сени байытмак беле» деп каткырып койду. Ошондон кийин эки сап ыр жазганым жок. Ырга шыгым жок экен.

Салижан агай эли-жери үчүн күйгөн инсан эле. Күйгөнү үчүн катуу сындачу. Эл башчыларын эле эмес, элин да калемпир-мурчтаганы бир чети айла кеткендеги аракети, оор үшкүрүгү болгондой. «Шордуу эл экенбиз» деп туталангандагысы го. Ырларымды чийгилегендей, элибиздин өсүп-өнүгө албаган кашаңдыгын, дүйнөдөгү илең-салаң басыгын «жарабайт» деп кызыл-жаян кылып салчу.

Эл башчылары эл күзгүсү да. Андыктан саясатчылардын байкуш абалы сенин, менин, баарыбыздын деңгээлибизди айгинелеп тургандай. Эгемендигибиз отузга чыгып калса да, Салижан агай айткандай тың чыкмаларыбыз бири-биринин аркасын чукулаган тентек жубарымбек бойдон.

Ач көз Акаевдердин, ач көз жана канкор Бакиевдердин режимин кулаткан менен эл катары өлкөнү өнүктүрө турган ойлорду жарата албадык. Кимден, кантип, эмнени үйрөнүштү биле албай, Батыштан өнүгүүгө алып барчу идеяларды иргеп алгандын ордуна, таштандыларды үстүбүзгө үйдүк.

Деңгээли берки кубаланган президенттерден ашпаган Атамбаев деле алыска чуркап бере албады. Бийлик колуна тийгенде ал да мурдагылардай адыраңдап кеткендир.

Ошентсе да азыркы бийлик, парламент ага эрегишип, кол тийбестигин алганы жана аны камоо аракети - шашмалык, бири-биринин аркасын чукулоо деңгээлинен көтөрүлө албагандык. Кылган ишин шашпай териштирип, кийинки бийликтин убагында деле баа берчү учур келет эле. Атамбаевдин азыркы президент Жээнбеков, парламент менен эрегишип келатканын эске алсак, эми оңой-олтоң «саясий куугунтук» деп айтканга себеп бар.

Мындай аракет - Атамбаевден мурда өлкөнүн туруктуулугунун гаранты болгон президенттик кызматка катуу сокку. Андыктан азыркы президент Жээнбековду да ушундай тагдыр күтөрүн бөркүбүздөй көрөлү.

Ал арада кандай идеялар жана кандай иш-аракеттер өлкөнү өнүктүрөрүн, элдин жашоосун жакшыртарын терең изилдей албадык. Терең талдап, экономикада кандай чечкиндүү кадамдарга барыш керек экенин айткан акылман-интеллектуалдарды чыгара албадык. Ага чамабыз, деңгээлибиз жетпей атат.

Маселен, Баш мыйзамды алалы. Текебаев баш болуп иштеп чыккан азыркы Баш мыйзамды көбүбүз учурунда «туруктуулукту камсыз кылды» деп кабыл алганбыз. А бирок бул Баш мыйзам өлкөнү түбөлүк илең-салаң абалда кармоочу «тормоз» экендигин убагында көрбөдүк.

Азыркы Баш мыйзам боюнча жоопкерчиликтүү өкмөт түзүүгө такыр мүмкүн эмес. Президент күч органдарын көзөмөлдөгөнү менен экономикага келгенде өкмөткө шылтайт. Өкмөттү түзүүгө келгенде парламент майлуу орундарды бөлүшүү менен гана алек болуп, бири-бирин укпаган мутант органды гана чыгара алат. Тилекке каршы, азыркы Баш мыйзамдын түзүмү ушундай. Баары тең жоопкерчиликтен качкан система.

Анысы аз келгенсип адамдын компетенттүүлүгүнө же мыктылыгына карабай, анын жынысына жана улутуна караган эрежелерди киргизип алдык.

«Шайлоого катышкан партиялардын мынчасы аялдар, мынчасы улуттук азчылыктан болсун» деген талап бара-бара өлкөнү таанылгыстай бөлүп-жарууга гана алып келет. Ак мышыкпы же кара мышыкпы, анын чычкан ала турганы гана маанилүү. Ошондой алгыр мышыкты гана тандаган система керек эле.

Табигый атаандашуу эң акылдууну же эң күчтүүнү иргегендей эле, эл башкаргандар да табигый түрдө иргелиши керек эмеспи. Анын аял же эркек, кыргыз же улуттук азчылыктан болушун негизги мыйзам аркылуу талап кылуу жеткен түркөйлүк.

Окуу жайына тапшырууда эң мыкты тест тапшырган өтөт. А биз эл тагдырын чечүүчү маанилүү кызматтарга эң мыктыны тандагандын ордуна, «мынчасы аял болбосо сексистсиң», «мынчасы улуттук азчылыктан болбосо фашистсиң» деген трайбалисттик багытка түшүп алдык.

Өтө акылсыздык менен мындайга жол берген Баш мыйзам менен чындап өнүгүү дегенди унутуп койсок деле болот.

Эң оболу өнүккөн өлкөлөрдөн экономиканы көтөрүүнүн жолдорун, капитализмдин негиздерин, эркин маркет соода принциптерин, салыкты реформалоону үйрөнгөндүн ордуна, аял-эркекке, гей-лесбиге, улут-улутка бөлө турчу радикал солчул агымдардын гана жараяндарын көчүрүп келдик. Көп көйгөй жарды экономиканын айынан. Өлкө байыган сайын укуктук абал да жакшыра берет.

Жергиликтүү бизнести баш көтөртпөгөн көзөмөлдөөчү органдарды, керексиз мыйзам-жоболорду кескилегендин ордуна, баңгилердей эле чет элдик насыя менен садагага көз каранды болуп алдык.

Баш мыйзам тууралуу сөздөрдү аны иштеп чыккан Текебаевге каршы сын катары түшүнбөш керек. Эгемен мамлекет, эл катары өз мээбиз, күчүбүз менен мыйзам жаза албаган чала сабаттыгыбыз, ар кыл эл аралык уюмдарда отурган бюрократтардын оозун караган чабалдыгыбыз катары кабылдасак болот. Анткени өлкөнүн Баш мыйзамын жазууга келгенде эң эле тыңыбыз ошол Текебаев.

Кандай болгон күндө да бары-жогун бийликке же башкага шылтай бербеш керек. Ким болсок да азыркыдай абалда бийликтеги саясатчылардан артык иш кылышыбыз өтө күмөн.

Жаран катары айланабыздагы окуяларга ар кимибиз кайсы бир деңгээлде жоопкербиз.

Илим Жанузаков

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG