Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:47

"Европадан жумуш жана виза". Акчасын алдаткан мигранттар


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Европа мамлекеттеринен жумуш таап, виза ачып берүүнү убадалаган "ДВ виза центр консалтинг" компаниясына алданган ондогон адам жумуштан же визадан жок калганын айтып "Азаттыкка" кайрылды. Ал эми компаниянын жетекчисине кылмыш иши козголуп, камакка алынган.

"80ден ашык адамдын акчасы күйдү"

Каракол шаарынын тургуну Айжана Давталиева жолдошу экөө Европадан жумуш табууну көздөп, 2022-жылдын башында Бишкектеги "ДВ виза центр консалтинг" компаниясына кайрылган. Компания Норвегиядагы кондитер цехинен жумушка чакыруу түшкөнүн айтып, Давталиева менен келишим түзгөн. Ал келишимдин негизинде бир жыл ичинде виза даяр болору айтылып, анын кызмат акысы үчүн айына 180 евродон төлөп келген.

"Жакшы эле төлөп келгенбиз. Документтериңер элчиликке кетти дешкен. Анан ортодон эле жок болуп кетишти. Көрсө, жетекчиси кармалып, октябрь айынан бери камакта экен. Биз болсо октябрь, ноябрь айы деп дагы төлөгөнбүз. Ошондо дагы төлөбөй эле койгула деп айтышкан жок. Биз Орусияда болгондуктан төлөй бергенбиз, жолдошум экөөбүзгө 325 миң рубль төлөптүрбүз".

Жабырлануучу айтып жаткан "ДВ виза центр консалтинг" жоопкерчилиги чектелген коому Юстиция министрлигинин сайтында 2022-жылы 3-мартта кайра каттоодон өтүп, анын жетекчиси катары Салижанов Абдусамед Эсенбекович аттуу жаран көрсөтүлгөн. Ал эми компанияга мүчө катары Толкачёв Артём Васильевич деген адам жазылып, фирма жумушка орноштуруу боюнча иш алып барары айтылган.

"ДВ виза центр консалтинг" ЖЧКсы, юстиция министрлигинин сайтынан алынган скриншот
"ДВ виза центр консалтинг" ЖЧКсы, юстиция министрлигинин сайтынан алынган скриншот
"ДВ виза центр консалтинг" ЖЧКсы, юстиция министрлигинин сайтынан алынган скриншот
"ДВ виза центр консалтинг" ЖЧКсы, юстиция министрлигинин сайтынан алынган скриншот

Давталиеванын айтымында, аталган компаниянын жетекчиси Абдусамед Салижанов деп көрсөтүлгөнү менен Украинанын жараны делген Артём Толкачёв сырттан башкарып келген. Компания Бишкектин Токтогул көчөсүндөгү 181-үйдө жайгашып, анда эки кыз иштеген. Алардын кардарлары визасын же акчасын кайтара албай жатканына байланыштуу милицияга кайрылып, Абдусамед Салижановду камакка алган. Бирок Артём Толкачёв жана анын кол алдында иштеген кыздарга чара көрүлгөн эмес.

Бишкек шаарынын тургуну Наргиза Батыркулова дагы аталган фирмага 2 миң евродон ашык акча которуп, ага дагы Германиядан жумуш убада кылышканын айтып берди.

"Мен ар бир акча төккөн сайын Гулина деген кыздан сураштырып жаттым. 4 айдан бери күтүп жатам, күмөндүү болуп жатат, кандай болот десем, "коркпоңуз баары жакшы болот, ал жакта кыргыз тилин билгендер да бар, немис тилин да бекер үйрөтөт, бир жылдан кийин балдарыңарды да алып келсеңер болот" дегенде, ага катуу ишенгем. Эми болсо ал кыздар жоопко тартылбай жатат деп бул жактагы жабырлануучулардын ачуусу келип отурабыз. Эмне себептен өздөрү билбеген, өздөрү текшербеген маалыматты ишендирип элге таратат? 80ден ашык адам акчасына күйдү", - деди Батыркулова.

"Күбө катары сурак берүүдө"

Бул факты боюнча милиция териштирүү жүргүзүп, ишти сотко өткөргөнү маалым болду.

Ал эми жабырлануучулар айтып жаткан эки кыздын адвокаты Шердор Абдыкапаров алар жөн гана кеңеш бергенин жана сотто күбө катары сурак берип жатканын билдирди.

"Алар жөн гана консултация беришкен. Чындыгында келишимдин баары чет өлкөдөн келген, акчаны чет өлкөгө салган. Эгер алардын күнөөсү болсо, анда райондук милиция иш козгоп, алдарды да жоопко тартмак да. Сотто шектүү эмес, күбө катары өтүп жатат. Келишим түзүлгөндө ошол директор менен келишим түзүлгөн, ал камакта. Буларды директор жумушка алганда, минтип айтасыңар, мындай сүйлөшөсүңөр деп жетекчинин айтканын кылганда. Ошол жетекчиси камакта азыр".

Ал эми аталган фирманын жетекчиси делген Абдусамед Салижанов Кылмыш-жаза кодексинин 209- (Алдамчылык) беренеси менен айыпталып жатат. Анын иши Ленин райондук сотунда 15-июнда каралаары маалым болду.

Салижановдун адвокаты Эрмек Асыранкулова акчаны Салижанов эмес, Толкачев алганын айтууда.

"Элден акча алды деп айыптап жатат, бирок Салижанов акча алган эмес. Башкача айтканда, акчанын баарын ошол Толкачев деген бала алган. Украиналык экен. Бүгүнкү күндө акчанын баары ошонун эсебине - Ростов-На-Донуга түшүп жатат. Издөөгө да алган жок, Интерполго да берген жок. Жабырлануучулар дагы сот залынан Салижановго эмес Толкачевго бергенин бышыктап жатат. Салижанов бир да сом алган эмес. Бирок башкы директор катары маалымат бергени үчүн камалып отурат. Ал бир тыйын алган эмесмин жана бир тыйын акчам жок деп отурат".

Жабырлануучулардын айтымында, "ДВ виза центр консалтинг" фирмасынын чет өлкөгө жумушка жөнөтүү боюнча лицензиясы да болгон. Мындан улам ал компания мамлекеттик органдан кантип лицензия алган деген суроо салышууда.

"Мыйзамсыз иш алып барган"

Эмгек жана миграция министрлигинин алдындагы Чет мамлекеттерге жумушка орноштуруу борборунун директору Алмаз Алыбаев аталган компания лицензия албаганын билдирди.

Алмаз Алыбаев
Алмаз Алыбаев

"Кечээ бизге адамдар да келип кайрылды. Студенттерди жумушка жөнөтөм деп, 200гө жакын адам бул компаниядан жабыр тарткан экен. "ДВ виза консалтинг" деген бизден уруксат алган эмес. Кыргыз Республикасынын тышкы эмгек миграция мыйзамына ылайык булар мыйзамсыз иш алып барган. Биздин уруксат берилген тизмеде бул компания жок экен".

Алыбаев уруксат кагазы жок иштеген компанияларга борбор тарабынан эч кандай чара көрө албасын, болгону укук коргоо органдарына өткөрүп берерин кошумчалады.

Жогоруда айтылып жаткан "ДВ виза консалтинг" компаниясынын мүчөсү, сырттан башкарып келди делген Артём Толкачев менен байланыша алган жокпуз. Бирок интернеттеги ачык булактардан Толкачевдун ысымы Орусиянын Ростов-На-Дону шаарында жана Орусия аннексиялап алган Крымдын Симферополь шаарында жайгашкан "ДВ виза консалтинг" аттуу компанияда башкы директор катары көрсөтүлгөнүн биле алдык.

Кызыгы, аталышы дагы Бишкектеги компаниянын аты менен дал келет. Демек, Толкачев башкарган компания башка өлкөлөрдө да ишмердүүлүгүн жүргүзгөнбү деген суроо туулат.

Соңку кездери Кыргызстандын жарандары көбүрөөк Батыш өлкөлөрүнө жумуш издеген учурлар байкалууда. Мындан улам жеке компаниялар түрдүү жолдорду сунуштап, айрымдары алдап, сызга отуругузуп кеткен мисалдар бар. Буга чейин Орусияда эмгектен 100дөн ашык кыргызстандык "Иммигрейшн 365" компаниясына ушундай эле негизде алданганын айтып чыккан.

Кыргызстандын мурдагы экономика министри Эмил Үмөталиев ар бир киши алдамчылардын тузагына илинбеш үчүн маалыматты ар тараптан текшергенди үйрөнүш керек дейт.

"Биринчиден, сунуштап аткан кишилер канча жылдан бери иштеп жатат. Ошол ишти аткандардын керек болсо өмүр баянын изилдеш керек. Ар бир киши өзүнүн турмушу үчүн фактчекти үйрөнүш керек. Ошол жарыяланып жаткан маалымат канчалык аткарылыш мүмкүн? Аны ким аткарам деп жатат, өмүр баяны кандай, мурда жоопкерчиликтүү болду беле? Кимдердин талабына жооп берип, жакшы пикирлерин топтой алдыбы? Маалыматты күмөн санап текшериш керек. Анан миллиондорду сунуштаган азгырыктардан этият болушубуз зарыл. Жок дегенде 5 же 10 жыл иштеген фирмалардан барып тактап сураш керек. Анан кече эле түзүлө калган, керек болсо бир жылдан бери иштеп жүрөм дегендерден күмөн санаган орундуу".

Чет мамлекеттерге жумушка орноштуруу борборунун маалыматына караганда, Кыргызстанда чет өлкөгө жумушка жөнөткөн агенттиктердин саны 160тын тегерегинде, алар аркылуу 20 чакты өлкөгө барып иштөө мүмкүнчүлүгү бар. Уруксатсыз иштеп жаткан агенттиктер боюнча былтыр милицияга 35, быйыл алгачкы үч айда 28 материал жөнөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG