Европа Биримдиги Ооганстандын бийлигин басып алган “Талибан” кыймылы менен биринчи жолу диалогго барды. Беш айлык тыныгуудан кийинки карым-катышты жандантуу аталган өлкөдөгү гуманитардык кризиске байланыштуу болду.
Бирок Евробиримдик “Талибан” адам укуктарын сактаса гана Ооганстанга жардам болорун эскертти.
Ослодогу кездешүү
“Талибан” кыймылынын 15 кишиден турган делегациясын Европа Биримдигинин жана ага мүчө Улуу Британиянын, Франциянын, Германиянын, Норвегиянын расмий аткаминерлери соңку аталган өлкөнүн борбору Ослодо кабыл алышты.
Сүйлөшүүлөрдө Батыш дипломаттары Ооганстанга гуманитардык жардам берүү маселеси өлкөдөгү адам укуктарынын абалына байланыштуу болорун эскертишкени айтылды.
Норвегиянын Мамлекеттик катчысы Хенрик Тюн шейшембидеги жолугушуунун алдында жергиликтүү NTB маалымат агенттигине берген интервьюсунда Батыш дипломаттары "Талибан" өкүлдөрүнө "олуттуу талаптарды" кое турганын билдирген. Ал ошондой эле “кийин ал талаптарды аткарып жатышабы же жокпу, текшерип турушарын кошумчалаган.
Талап дегенде адам укуктарын сактоо, анын ичинде аялдардын жана азчылыктардын мектепке жана медициналык тейлөө, эмгекке жана эркин жүрүү укуктарын сактоо сыяктуу талаптар.
Европа Биримдигинин Ооганстандагы өкүлү Томас Никлассон "Твиттерде" минтип жазды:
“Мен өлкөнүн бардык аймактарында мартта окуу жылы башталганда башталгыч жана орто мектептерге кыздар да, балдар да кадимкидей барышы керек деп белгиледим. Мындан сырткары БУУнун атайын баяндамачылары менен карым-катыш кылуу маселесин көтөрдүм”, - деди ал.
Никлассон бул билдирүүсүн Ооганстандын Тышкы иштер министрлигинин “Евробиримдик Кабулга жардам берүүсүн уланта турган болду” деген кабарына жооп кылып жазды. Анын алдында Ослого келген талибдердин өкүлү Абдул Кахар Балхи Ооганстандын тышкы иштер министри, делегециянын башчысы Амир Хан Муттаки Европа Биримдигине “кызматташууну жандантканы жана жардамы үчүн ыраазычылык” билдиргенин жазган.
Бирок Европа Биримдигинин жетекчилиги алар каалаган күндө да Ооганстанга көмөк кылуу кыйындыгын белгилешип, муну үчүн бул өлкөгө карата санкциялар алынышы керектигин айтышууда.
“Санкциялар алынбаса, биздин адамдарды куткарышыбыз кыйын болот. Бул жерде легитимдүүлүк маселеси жок, алар иш жүзүндө өлкөнү башкарып жатышат”, - деди качкындар иши боюнча Норвегиянын кеңешинин катчысы Ян Эгеланн.
Норвегиянын тышкы иштер министри Анникен Хуитфелдт да бул сапар "Талибанды" таанууга же легитимдештирүүгө жатпасын 21-январда белгилеген.
“Талибандын” өкүлдөрү бул согушкер кыймыл Кабулдагы бийликти басып алгандан бери Европага алгачкы жолу барды. Алар 22-январда Ослого келип, 23-январда алгач аялдардын укугу менен алектенген активисттер жана ооган диаспорасынын укук коргоочулары менен кездешти. Расмий кездешүүлөр 25-январда башталды.
"Талибандын" кубанычы
“Талибандын” тышкы иштер министри Амир Хан Муттаки Ооганстандагы гуманитардык кризиске байланыштуу Ослодогу дүйшөмбү күнкү сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү “ийгиликтүү” болгонун айтты. Ал “Европага кеткен бардык оогандыктар Ооганстанга ээн-эркин кайта алышарын” кошумчалаган.
“Кимдир бирөөлөр бизди жаман көрүп жатканына карабай, биз бардык оогандыктарды бириктире алабыз деп айтууга даярбыз. 40 жылдык согуштан кийин биз биримдикте жана тынчтыкта иштей алабыз. Ооганстан согуштардын ордосу болбошу керек. Мындан ары кимдир бирөөлөргө пайда алып келип, экинчи тараптын жеңилишин шарттаган согуштар болбойт. Бардыгында экономикалык мүмкүнчүлүктөр болот. Биз бардык мамлекеттер менен, анын ичинде коңшулар жана Европа өлкөлөрү менен жакшы мамиле түзүүгө ынтызарбыз. Азырынча мында прогресс бар”, - деген анда “Талибандын” тышкы иштер министри Амир Хан Муттаки.
2021-жылдын август айында ооган бийлигин талибдер басып алгандан кийин башка өлкөлөр сыяктуу Евробиримдиктеги 27 мамлекет да Кабулдагы дипломаттарын чыгарып кеткен.
Өлкөнү "Талибан" (Кыргызстанда тыюу салынган) кыймылы башкарганга чейин эл аралык коомчулук берип жаткан жардам Ооганстандын ички дүң өндүрүмүнүн 40% жана бюджетинин 80% түзүп келген. Талибдер Кабулду басып алгандан кийин сырттан колдоо токтогон. Ооганстандын борбордук банкынын сырттагы резервдериндеги 9,5 млрд. долларлык каражатын пайдаланууга чектөө коюлган. Ал каражаттар негизинен АКШда жайгашкан.
Ооганстандын көпчүлүк аймагын каратып алгандан кийин “Талибан” кыймылы 2021-жылдын 15-августунда Кабулду басып алган. Мурдагы бийлик борборду кармашуусуз таштап чыгып кеткен. Президент Ашраф Гани өлкөдөн качып кеткен, учурда бийлик талибдердин колунда.
Андан кийин өлкөнү жут каптады. БУУ 39 млн. калкы бар Ооганстандын 23 миллионго чукулу ачарчылыкка дуушар болушу мүмкүн экенин эскерткен. Тамак-аш жетишсиздигинен жарандар, көбүнчө балдар чарчап калып жатканы тууралуу маалыматтар бар. Жашоочулар тамак үчүн балдарын сатып жатканы айтылууда.
Ал арада Борбор Азия мамлекеттери, анын ичинде, Казакстан, Кыргызстан жана башка өлкөлөр Ооганстанга бир нече жолу гуманитардык жардам жиберишти. Бирок бир да өлкө Ооганстандын жаңы башкаруучуларын тааный элек. Анын ичинде Батыш мамлекеттери мамиледе таптакыр эле тыныгуу кармап келаткан.
Кырдаал курчугандан улам "Талибан" кыймылы эл аралык коомчулукка кайрылып, өз бийлигин таанууну суранган. Ошондон кийин Европа Биримдиги Ооганстандагы ачарчылык менен күрөшүү үчүн өлкө бийлиги менен карым-катышын жандантканын өткөн аптада жарыялады.
Уюмдун жетекчилиги бул өлкө башындагы “Талибан” кыймылын таануу эмес экендигин белгилеп, мамиле гуманитардык көмөк көрсөтүү үчүн гана минималдуу түрдө калыбына келтирилерин кабарлады. Ошентсе да соңку жолугушууну демилгелегени үчүн Норвегия сынга кабылды.
Укуктардын бузулушу
Укук коргоочулар талибдерди көптөгөн мыйзам бузуулар, өзгөчө аялдардын билим алуусуна, иштөөсүнө, саясий, социалдык турмушка катышуусуна тыюу салганын, азчылыктардын укуктарынын бузулганын сындап келет.
Human Rights Watch жана OutRight Action International уюмдары 26-январда биргелешкен баяндамада ЛГБТ өкүлдөрү жашырынып жүрүүгө аргасыз экени, өлкөдөгү экономикалык абалды эске алганда алар ачарчылыкка туш болгону айтылат.
Сөз болгон уюмдар былтыр октябрдан декабрга чейин 60 чакты оогандык кумса, трансгендерлерди, бисексуалдарды сурамжылаган. Көбү Ооганстандын өзүндө жашап жүргөндөр. Башкалары кошуна өлкөлөргө качканы менен экстрадициядан чочулап жүрөт. Бир ууч адам гана коопсуз өлкөлөрдө баш калкалоого жетишкени айтылды.
Сурамжылоого тартылгандар талибдер жана аларга жан тарткандар ЛГБТ өкүлдөрүн такай бутага алып келгенин, жумуштан кетүүгө мажбурлашканын, үйлөрүндө жашырынып отурууга туура келгенин билдиришкен.