Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:59

Евробиримдиктин гимнине айланган “Сүйүнүч одасы”


Людвиг ван Бетховен.
Людвиг ван Бетховен.

Дүйнөдө эки жүзгө жакын көз карандысыз мамлекет бар эмеспи. Ар биринин кастарлап сактаган туусу, мыкты деген дизайнерлер чийген герби, улуттук символ катары саналган гимни бар.

Маселен, Эгемен Кыргыз мамлекети 1994-жылы азыр биз ырдап жүргөн гимнди, гербди кабыл алды, андан мурун союздук республика болуп жүргөндө да өзүбүздүн татынакай туубуз, жакшынакай гимнибиз бар болчу. Баса, биздин союз учурундагы гимнибиздин сөзүнө А. Токомбаев менен Т. Сыдыкбековдун калеми даарып, али эми музыкасын А. Малдыбаев, В. Фере, В. Власовдор жазган эле.

Гимн деген нерсе мамлекеттерде эле эмес, кандайдыр бир чоң саясий уюмдарда, партияларда да бар. Ошолордун эң эле атактууларынын бири - дүйнөлүк жумушчу кыймылынын гимни Эжен Потье менен Пьер Дегейтер жазган “Интернационал” болсо керек. Азыркы учурда бул гимн негизинен бир гана Кытай Эл Республикасында улуттук гимн катары аткарылып келет. Ошол эле сыяктуу бир кезде бүт дүйнөдө ырдалып жүргөн, анын ичинде Советтер Союзунун мамлекеттик гимни катары да бир канча жыл аткарылып келген “Марсельеза” азыр бир гана Франция Республикасынын гимни катары сакталып калды.

Жогоруда аталган ар бир гимндин өзүнчө тарыхы жана тагдыры бар десем жаңылбас элем. Ошол катардагы дагы бир атактуу музыкалык чыгармалардын бири - азыркы Европа биримдигинин орток гимни катары кабыл алынган Людвиг ван Бетховендин “Сүйүнүч одасы” деген чыгармасы десек эч бир аша чаппасак керек.

Людвиг ван Бетховен.
Людвиг ван Бетховен.

Европанын орток гимни тууралуу сөз кылуу үчүн адегенде ал музыкалык чыгарманын түпкү теги, келип чыгыш тарыхы тууралуу азыноолак сөз кылбасак болбойт. Биринчиден, бул гимн атайын гимн болсун деп жазылган эмес. Людвиг ван Бетховен 1824-жылы катар номуру боюнча тогузунчу деп аталган атактуу симфониясын өзүнүн улуу замандашы жана ошол кездеги Германиянын эң эле атактуу акыны жана драматургу Фридрих Шиллердин “Сүйүнүчкө ода” (Ode an die Freude) деген ырынын (1785-жылы жарыкка чыккан) таасири астында жазган. Ошол симфониясына Бетховен дүйнөдө эң биринчи жолу ыр түрүндө жазган музыкалык чыгарманы да киргизип, өзүнчө бир жаңылык ачкан. Анын негизги себеби - улуу немис композитору Бетховен ошол ыр аркылуу дүйнө элдеринин ынтымагы менен өз ара достугун, бир туугандыгын даңазалоо максатын койгон эле.

Freude, schöner Götterfunken,

Tochter aus Elysium!

Wir betreten feuertrunken,

Himmlische, Dein Heiligtum.

Deine Zauber binden wieder,

Was die Mode streng geteilt,

Alle Menschen werden Brüder,

Wo Dein sanfter Flügel weilt – деп жазган эле Шиллер өз чыгармасында.

(Радость, первенец творенья,

Дщерь великого Отца,

Мы, как жертву прославленья,

Предаем тебе сердца!

Все, что делит прихоть света,

Твой алтарь сближает вновь,

И душа, тобой согрета,

Пьет в лучах твоих любовь! - которгон Ф. Тютчев)

Бетховендин сүйүүсү жана жек көрүүсү

Бетховендин сүйүүсү жана жек көрүүсү

Бетховен өмүрүнүн 31 жылын дүлөй өткөргөн жана бул жылдары атын дүйнөлүк музыкага алтын тамга менен чеккен 9 симфония, фортепиано үчүн 32 соната, 60 пьеса жана башка түрдүү чыгармаларды жараткан.

Айтор, бир жагынан Бетховен музыкадагы улуу романтик болсо, экинчи жагынан Фридрих Шиллер адабияттагы романтик эле. Экөөнүн тең эң эле аздектеген идеялары -- элдердин достугу, бир туугандыгы, адам баласынын эркиндиги эле. Ошентип, эки улуу романтиктин жылдызы келишип, ортодо атактуу 9-симфония жаралып, анын жеткен чеги, эң бийик чекити, кульминациясы - биз сөз кылып жаткан “Сүйүнүч одасы” пайда болгон экен.

Албетте, араздашуу менен душмандашуу дале болсо жер үстүндө жашап келе жатат, бирок Бетховендин музыкасынын романтикалык идеясы, улуу руху дале болсо уккан адамдардын жүрөгүн толкутуп, маданияттуу адамзаттын сыймыгы катары сакталып келатат.

Тарыхтын, тагдырдын илме кайыптыгын ушундан эле билсек болот го: мындан алтымыш жылдай башта ошол “Сүйүнүч одасынын” жылдызы кайрадан жанды. Эч качан согуштан башы чыкпай, ар дайым чыр-чатактын, ич ара араздашуунун аренасы болуп келген Европа бир шаркетке биригип, улуттар аралык достуктун жана кызматташуунун жаңы доорун ачты. Бирдиктүү мыйзамдар, бажы тарифтери, стандарттары кабыл алына баштады. Орток туу, орток гимн кабыл алуу зарылчылыгы келип чыкты.

Албетте, Европада гимн жазууга кудурети жете турган композиторлор толтура, акындар да четтен чыгат, бирок, Бетховендин “Сүйүнүч одасынан” өтө турган, аша турган чыгарманы ким жаза алат эле? Ошентип, жаңы Европанын лидерлери ары кетип, бери кетип отуруп, Людвиг ван Бетховендин достукка, ынтымакка чакырган «Сүйүнүчкө ода» чыгармасынан өткөн эч бир чыгарма таппай турганына көзү жетти. Дээрлик 200 жыл өткөн соң бир союзга бириккен чоң Европа улуу композитор жана романтик Людвиг ван Бетховендин ырын гимн катары бир добуштан кабыл алды.

Брюссел.
Брюссел.

Ырас, жогоруда айтылган Шиллердин тексти гимн салтанаттуу учурларда аткарылганда ырдалбайт, себеби европалыктар үчүн немисче жазылган ырды континенттин 24 тилине өзүндөй кылып которуу өтө оор жумуш эле. Экинчи жагынан, европалыктар Шиллердин одасын бир гана немис тилинде аткарылса, анда бул башка тилдерди басынтуу иретинде да кабыл алынышы мүмкүн экенин моюнга алышты окшойт. Ошентип, азыркы учурда Бетховендин чыгармасы тек гана сөзү жок музыка катары 1972-жылдан бери орток гимн иретинде аткарылып келатат.

Ооба, Бетховендин легендарлуу ырын атактуу дирижер, дүйнөлүк экинчи согушка чейин эле “кереметтүү Караян” атка конгон Герберт фон Караян атайын кайра иштеп чыкты жана орекстрге салды. Учурда бул гимндин ар кандай вариациялары, аранжировкалары бар. Бирок Караяндын варианты – классикалык вариант деп эсептелет.

Жоголсун араздашуу жер үстүнөн,

Жүрөктөр жүрөктөргө кыналышсын!

Сунгула достук колун кимге болсун,

Ынтымак, бир туугандык чыңалышсын!

Бул саптар Европа үчүн эле эмес, бүт дүйнө үчүн канчалык актуалдуу экенин айтып кереги жок го.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG