Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:38

"Эскертүүсүз ок атуу". Кандуу каңтардын көмүскө чындыгы


Казакстандагы 2022-жылдагы Январь окуяларында тартылган сүрөт.
Казакстандагы 2022-жылдагы Январь окуяларында тартылган сүрөт.

5-июнда Алматыда казакстандык укук коргоочулар Январь окуялары маалында адам укуктарынын бузулушун чагылдырган "Эскертүүсүз атайлап ок атуу" деген баяндаманы сунуш кылышты. Ал өзүнчө китеп болуп жарыяланган.

67 барактан турган отчетко ылайык, 2022-жылдын январындагы кандуу окуяларга байланыштуу жалпысынан 600 иш документтештирилген. Анын 579у жарандардын көрсөтмөлөрүнө таянган, 9 иш мамлекеттик органдар менен кат алышуунун жыйынтыгы боюнча жана 12си конкреттүү иштердин негизинде катталды. 217 адамдын набыт болгону такталды. Анын ичинен 174 кишинин октон каза тапканы аныкталды.

"Андай учурлар Алматы, Талды-Коргон, Шымкент, Тараз, Актөбө, Кызыл-Ордо, Семей, Өскемен жана Атырауда болгон", - деп айтылат маалыматта.

Казакстандык укук коргоочулар эл аралык иликтөө жүргүзүү керектигин кайталашты.

Укук коргоочу Бахытжан Торегожина Алматыда өткөн китептин бет ачарында. 5-июнь, 2023-жыл.
Укук коргоочу Бахытжан Торегожина Алматыда өткөн китептин бет ачарында. 5-июнь, 2023-жыл.

"Эл аралык эксперттер менен бөлүшө турган абдан көп документтерибиз бар. Ошол документтердин негизинде алар өз жыйынтыгын чыгарып, сунуштарын айтышат. Башкача айтканда, эксперттерге кылмыш иштеринин материалдары менен таанышууга расмий уруксат беришпесе же бийлик аларды чакырбаса да, биз документалдык базабызды БУУ же ЖККУ, Европарламент, башка эл аралык эксперттерге беребиз", - деди укук коргоочу Бахытжан Торегожина.

Ал Январь окуяларын документтештирүү учурунда, бир жыл бою укук коргоочулар жана ыктыярчылар далай кыйынчылыктарга, тоскоолдуктарга туш болгонун кошумчалады.

"Каза болгондордун укуктарын Казакстандын мыйзамдарынын алкагында мүмкүн болушунча калыбына келтирүү иштерин баштадык. Январь окуясына тиешеси бар үч категориядагы адамдар менен иштеп жатабыз. Биринчи категорияга - кылмыш иши токтотулган, бирок СИЗОдо отуруп кыйноого кабылгандар кирет. Аларга чечимдер чыгарылган. Бүгүн биз моралдык зыянды төлөтүп алууну жана кечирим суроону талап кылып жатабыз".

Андай адамдардын саны 200гө жетет деп айтты Торегожина.

Китептин мукабасы.
Китептин мукабасы.

Ушул күнгө чейин укук коргоочулар менен адвокаттардын арыздарынан кийин мамлекет мыйзамсыз соттук куугунтук же өмүрдөн ажыратуу үчүн 15 жарандан жана алардын үй-бүлөлөрүнөн кечирим сурады. Укук коргоочу каза тапкан 12 киши жөн эле көчөдө бараткан деп таанылганын, бирок андайлардын саны көп экенин белгилейт.

Мындан тышкары 30 чакты маркумга адегенде кылмыш иш козголуп, далилдер жок болгондуктан жабылган.

Казакстандын Адам укуктары бюросунун директору Евгений Жовтис жарандардын өлүмү, кыйноолор жана мыйзамсыз куугунтуктар үчүн тартип коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн жоопкерчилигине токтолду. Анын пикиринде, буйрук өлүмгө же оор жаракатка алып келиши мүмкүн жана мыйзамсыз экенин билип туруп, аны аткарууга милдеттүү болчубуз деген шылтоо суу кечпейт.

Казакстандын Адам укуктары бюросунун директору Евгений Жовтис.
Казакстандын Адам укуктары бюросунун директору Евгений Жовтис.

"Кыйноолорго байланышкан дагы бир жагдайга көңүл бурсаңар. Бул жерде "соодалашуу" жүргөнүн айтата элем. Жашыруун деле маалымат эмес, мунун далилдери да бар. Кыйноолор жөнүндө арызыңардан баш тарткыла, биз айыбыңардын беренесин өгөртөбүз же жазадан бошотобуз деген шарт коюп келишкен".

Басма сөз жыйынында ошондой эле аткылоого, андан кийин кыйноолорго кабылган адамдар, бийликтин, анын ичинде президент Касым-Жомарт Токаевдин жоопкерчилиги тууралуу сөз болду.

Коомдук ишмер Рысбек Сарсенбайулы мамлекет эл алдында кечирим сурашы керек эле деген пикири менен бөлүштү.

"Докладдын негизинде укук коргоочулар өлкө жетекчилигине жана күч тузүмдөрүнө бир нече суроо узатышты. Алар асыресе, "каза тапкандардын толук маалыматтары жана толук тизмеси качан даярдаларына","башаламандыкты тутанткан топтор ким экенине", "тынч элге ок чыгарган аскердик эмес кийимчен кишилер ким болгонуна", "эмне себептен кан төгүлгөн облустарда акимдер, Ички иштер министрлигинин жетекчилиги жоопко тартылбаганына" кызыгышты. Алар: "Экс-президент Нурсултан Назарбаевдин ролу аныкталдыбы?",- деген собол коюшту".

Укук коргоочулар Январь окуяларынын тынч катышуучулары жана курмандыктары реабилитацияланыш керек деп эсептешет.

2022-жылдын башында Казакстанда социалдык талаптарды койгон тынч митингдер өлкөнүн аймактарына жайылып, кан төгүү, башаламандык менен коштолгон. Расмий маалыматка караганда, ошондо кеминде 238 киши каза болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG